КҮНСОБОЛ: Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылганын кандай баалайсыз?

Бир апта мурун эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. Аталган уюм бул көрсөткүчтү 2002-жылдан бери жыл сайын түзүп келет. Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн Сөз эркиндигинин абалы 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Ага чейин 98-орунда болчу. Отчётту түзгөндөрдүн айтымында, Кыргыз өлкөсүндө абал жакшырууда, бирок мындан да жакшыртса болот.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылганын кандай баалайсыз?" деген собол салды.

ТУРДУКУЛОВ: “Сөз эркиндигине басым болсо тилектештик көрсөтүү керек”

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Адил Турдукулов белгилегендей, Кыргыз мамлекети Борбор Азия аймагында сөз эркиндиги боюнча дайыма эң алдыңкы позицияларда болуп келет.

“Бирок акыркы убактарда жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берүүлөр болду. Жарандык коомдун, оппозициянын күчү менен бул процесстер аягына чейин чыккан жок. Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү бүт арыздардан баш тартып, кадамдар туура эмес болгонун түшүнүп, билгенинин жыйынтыгы болду. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун 24.кг агенттигине, журналист Кабай Карабековго карата арыз берип, кайра алганы бул сөз эркиндигин муунтпаш керек экендигинин белгиси. Ошондой болсо деле сөз эркиндигин муунтуу боюнча коркунучтар көп эле. “Апрель” телеканалын саясатчы Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Ахматбек Келдибековдун сотко бергени, бийликтин камчысын чаап, сөз эркиндигин муунтканга аракет жасап жатканы бул чоң коркунуч. Буга чейин жарандык коом маалымат каражаттарын кандай коргоп келсе мындан кийин дагы ошондой колдойт. “Супер Инфо” гезитин Финпол аркылуу муунтканга аракет жасалды. Ошондо дагы жарандык коом, башка маалымат каражаттары тилектештик, колдоо көрсөткөн. Бул бийликти артка чегинтүүгө мажбур кылды. Сөз эркиндигине басым болсо тилектештик көрсөтүү керек”, - дейт Турдукулов.

ТУЛЕГЕНОВ: “Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча алдыга жылдык деп эрте тыянак чыгара бербей карманып турганыбыз оң”

Медиа эксперт Марс Тулегенов башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргыз өлкөсүндө сөз эркиндиги жакшы деген пикирде.

“Орто Азия өлкөлөрүнүн арасынан биздин өлкөдө сөз эркиндиги жакшы. Ал мамлекеттерге салыштырмалуу бизде бардыгы ачык-айкын, ээн-эркин айтылат жана жазылат. Саясий чөйрөдөгүлөрдү айта турган болсок, ар бир мамлекет башчысы жаңы шайланып келгенде алгачкы жылдары маалымат каражаттары менен жакшы, тыгыз иш алып барып, аларга карата басым көрсөтүү жактары жок болот. Бул көрсөткүчтүн кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн орду бар. Менин жеке пикиримде, сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча алдыга озуп кеттик деп сүйүнүп кетпеш керек. Мунун артында бир нерсе болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан күтө турганыбыз оң. Азырынча эрте тыянак чыгара бербей карманып турган оң деп ойлойм”, - дейт Тулегенов.

УРУМКАНОВА: “Алмазбек Атамбаевдин президенттик убагында сөз эркиндиги боюнча төмөндөп кеткенбиз”

Журналист Кайыргүл Урумканованын айтымында, өкмөткө сын айтуу өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү.

“Биз, журналисттер былтыр Германияга барганда “Чек арасыз репортёрлор” уюмунун өкүлдөрү менен жолукканбыз. Алар “Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн арасынан Кыргыз Республикасында жакшы жылыштар болчу эле, бирок 2 жыл ичинде силердин көрсөткүчүңөр төмөндөп кетти” деп айтышкан. Ошондо биз “Атамбаевдин убагында ушундай болуп калды. Бир нече журналисттер кысымга кабылды, “Сентябрь” телеканалы да жабылды” деп түшүндүргөнбүз. Ушунун баары уюмдун баяндамасына кирген.
Бир жыл ичинде 15 тепкичке өсүш – бул жакшы көрүнүш. Чын эле Кыргыз өлкөсүндө биз Борбор Азиядагы мамлекеттерге караганда пикирибизди жана элдин пикирин эркин айта алабыз. Рейтингде 83-орунда жайгашканыбыз менен токтоп калбай, алдыга дагы көп кадам жасаш керек. Бийлик сындарды туура кабыл алып, ММКлар менен чогуу иштешсе, анда алдыга жылыш болот. Эгер такыр сын айтылбаса, өкмөт жайбаракат жашап калат. Эч нерсеге умтулуу жок болот. Өкмөткө карата сын айтып туруш керек. Биз, журналисттер дагы өз жоопкерчилигибизди сезип, далил менен сын айтып, жогорку кесипкөйлүгүбүздү көрсөтүшүбүз зарыл”, - деди Урумканова.

АБДЫРАХМАНОВ: “Сөз эркиндигинин жаңы көрсөткүчү жалпыга маалымдоо каражаттары мурункудай сотко берилбей калганынан кабар берет”

Журналист Шайырбек Абдырахманов жалпыга маалымдоо каражаттары менен болгон кандайдыр бир териштирүүлөрдүн азайгандыгы, бул көрсөткүчтүн жогорулашына себеп болду деген пикирин айтты.

“Бул жыйынтык боюнча өткөндө да айрым ЖМКлардан окудум эле. Менин оюмча мындай иликтөөлөрдү эл аралык уюмдар жөн жерден аныктабаса керек. Анын өзөгүндө коомчулуктагы сөз эркиндиги эске алынат.
Кыргыз өлкөсүнүн сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылганы ошол эле гезит, журнал, теле-радиолор мурункудай сотко берилбей, кандайдыр бир териштирүүлөргө тартылбай, алардын лицензиялары алынбай, кылмыш иштери ачылбай калганынан кабар берет. Бул өлкөгө оң тарабынан таасирин тийгизет деген ойдомун”, - дейт Абдрахманов.

КАНАЗАРОВ: “Сөз эркиндиги адилеттүүлүктү орнотууда, ачык-айкын башкаруу системин камсыз кылууда эң маанилүү”

Журналист Султан Каназаровдун пикиринде, сөз эркиндиги демократиялуу, адилеттүү мамлекет курам деген коомдо эң биринчи орунда турат.

"Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча алдыга жылганын кол чабуу, кубаттоо менен баалайм. Сөз эркиндиги - сөзсүз эле бирөөнү жамандоо, бир нерсени айтуу үчүн маанилүү эмес. Ал адилеттүүлүктү орнотууда, ачык-айкын башкаруу системин камсыз кылууда эң маанилүү. Бизге билинбегени менен анын мааниси өтө чоң. Биздин коомчулук сөз эркиндиги дегенде журналисттердин укугу катары эле кабыл алат. Бул андай эмес. Журналисттер сөз эркиндигин камсыздоонун куралы гана. Сөз эркиндиги окурмандар, угармандар үчүн маанилүү. Көрсөткүч боюнча мындан да алдыга чыгышыбыз керек. Сөз эркиндиги эң жогорку болгон мамлекеттер тизмесин карасак, бардыгы бай мамлекеттер. Бул нерсе экономикага да таасирин берет”, - дейт Каназаров.

КАРАКУЛОВА: “Журналисттерге карата миллиондук доо арыздарды берүү кайталанышы мүмкүн”

Кыргыз өлкөсүндөгү “Интерньюстун” өкүлчүлүгүнүн башчысы Элина Каракулованын айтымында, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы туруктуу эмес.

“Кыргыз өлкөсү сөз эркиндиги боюнча 15 тепкичке көтөрүлдү деп “Чек арасыз репортёрлор” уюму тапты. Биз бул баа менен макулбуз. Бийликти тынч өткөрүү, экс-президент тарабынан ММКларга карата доо арыздарды артка кайтаруу, азыркы президенттин доо арыздарды токтотуусу, өлкө ушул окуялардын аркасы менен көрсөткүчүн жакшыртып алды. Рейтингге таасир эткен башкы себептер ушулар болду. Бирок отчёттун авторлору сөз эркиндигинин абалы абдан туруксуз экенин айтып, ММКларга карата миллиондук доо арыздарды берүү кайталанышы мүмкүн деп белгилешти. Чындап эле абал ушундай”, - деди Каракулова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан