КҮНСОБОЛ: Эки жыл мурда парламентке өтүү үчүн босого чек 9 пайыз болсун деп добуш берген депутаттар кайра 5 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатышат. Мындай опурталдуу чечимдерди кабыл алган Жогорку Кеңеш өлкөнү кайда алып барат?

2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайызга жогорулатууну колдошкон. Эми 9 пайыздык босого чегин 5 пайыз кылып төмөндөтүү сунушталып жатат. Кечээ, 29-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.

SUPER.KG порталы "Эки жыл мурда парламентке өтүү үчүн босого чек 9 пайыз болсун деп добуш берген депутаттар кайра 5 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатышат. Мындай опурталдуу чечимдерди кабыл алган Жогорку Кеңеш өлкөнү кайда алып барат?" деген собол салды.

СУЛАЙМАНОВ: "Босого чеги 9 пайыз болсун деп добуш бергем, азыр дагы ошол позициядамын"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов босого чегин төмөндөтүү боюнча депутаттар коомчулуктун реакциясын карап жатат деген пикирде.

"Парламентке өтүү үчүн босого чеги 9 пайыз болсун деп кабыл алынган. Мен 9 пайыздык босого чегин колдогом, азыр дагы ошол позициядамын. Босого чегин 5 пайыз кылып түшүрүү боюнча сунуш айткан депутаттар дагы болууда. Алар коомчулуктун реакциясын карап жатышат. Негизинен пайыздын аз болгону жаңы партияларга жакшы. Бирок 9 пайыздык босого болуп бекитилип калган, мен колдоп добуш бергем", - дейт Алтынбек Сулайманов.

ШЫКМАМАТОВ: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайызга жогорулатуу чоң ката болгон"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясы босоголук чекти 9 пайызга жогорулатууну толугу менен колдошкон эмес деп белгиледи. "Босого чегин жогорулатууга биздин фракция толугу менен каршы чыкканбыз. 9 пайыздык босого чеги бул парламентке жалаң байлар, бийлик колдогон күчтөр келет дегенди түшүндүрөт. Босого чеги жогору болсо парламентке жаш күчтөр, оппозициялык күчтөр, өзүнүн пикирин ачык айткан күчтөр келбей калат. Бүгүнкү күнү көп партиялар босоголук чектин жогорулатылганы ката болуп калганын моюндап, эрежени өзгөртөбүз деп жатышат. Ошондо чоң катачылык кетип калган. Азыр эреженин өзгөрүшү кыйын болот. Мыйзам кабыл алынып калды. Буга бийлик кызыкдар эмес. Бийлик эмненин айтса, ошол болот. Парламентке кандай добуш бер десе, ошондой добуш берет. Ошондуктан бул мыйзам долбоору өтпөйт", - дейт Шыкмаматов.

БЕКЕШЕВ: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин жогорулатуу саясий чечим болгон"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 2017-жылы босоголук чекти 9 пайызга жогорулатуу саясий чечим болгонун айтты.

"Көп учурда мыйзам иштебесе өзгөртүүлөр киргизилет. Мисалы, жашоого карата мыйзамдарды өзгөртүүгө туура келет. Бирок аналитика болушу керек. Мыйзам кабыл алынса, келечекте кандай болот деп анализ жүргүзүү зарыл. Ачык эле айтыш керек бизде анализ жасалбай туруп, саясий чечимдер кабыл алынып калат. 2017-жылы босоголук чекти 9 пайызга жогорулатуу саясий чечим болгон. Босоголук чекти жогорулатууну ката деп айтса да болот", - дейт Дастан Бекешев.

МАДУМАРОВ: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин төмөндөтүү биринчи кезекте жөнөкөй, карапайым элге керек"

Саясатчы Адахан Мадумаров кеч болсо да акылына келген депутаттардын босоголук чекти төмөндөтүү боюнча сунушун колдош керек деген пикирде. "Жогорку Кеңешке сабатсыз, реалдуу жашоодон алыс болгон кишилер топтолуп калганда, акылга сыйбаган чечимдер кабыл алына берет. Бул биринчиси эле эмес. 13 миллион евро алып, 5 кодекс жазышпады беле. Учурда ошол 5 кодекс бири-бирине каршы келип жатат. Соттук-укуктук жаатында баш аламандык болууда. 13 миллион еврону маалымат каражаттарына бердик деп айтышты. Бул жапайычылык көрүнүш. Ушундай көрүнүштөргө чыдап отурган кыргыз элине рахмат. Эмне деген гана баш аламандыкты жасашты, баарына чыдап отурган элге рахмат. Босоголук чекти жогорулатуу чечими кабыл алынып жатканда, жагдай башка болгон. Алар көкөлөп учуп, депутат түбөлүккө шайлангандай болуп элестетишкен. Эми жагдай башка. Кеч болсо да акылдарына келген депутаттардын босоголук чекти 5 пайызга түшүрөбүз деген сунушун колдош керек. Себеби бул биринчи кезекте жөнөкөй, карапайым элге керек. Босого чеги 5 пайызга төмөндөтүлсө чөнтөктөрү калың, базары, арак заводдору барлар эмес, жөнөкөй мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлердин, акындардын, жазуучулардын, журналисттердин парламентке келишине жол ачылат", - дейт Мадумаров.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайызга жогорулатуу катачылык болгон"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев эки жылда көптөгөн саясий окуялар болгонун эске салды. "9 пайыздык босого чеги жогору. Биз 2015-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды толугу менен жыйнадык. 2016-жылы жергиликтүү кеңешке шайлоолор болду. 2017-жылы президенттик шайлоо өттү. Кыргыз мамлекети үч чоң шайлоону өткөрдү. 2017-жылы 9 пайыздык босого чеги боюнча мыйзам кабыл алынганда ишке аша турган максаттар бар болчу. Сот адилеттүү, бийлик бутактары тең салмактуу, ачык шайлоо болушу керек эле. Босого чегин 9 пайызга жогорулатуу катачылык болгон. 2017-жылы эле бийлик бутактары тең салмактуулугун жоготуп, сот адилеттүүлүгүн көрсөтпөй жатат. Ошол себептен жаңы саясий күчтөргө шарт түзүү максатында босого чегин төмөндөтүүнү сунуштап жатабыз. 9 пайыздык босого чеги боло турган болсо, 59 пайыз шайлоочулар өздөрүнүн өкүлдөрүн парламенттен көрбөй калат экен. Анда парламентте көтөрүлө турган маселе, көчөдө көтөрүлүп калат. Бул мамлекеттин стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн", - дейт Жээнчороев.

МАВЛЯНОВА: "Шайлоо жакындаганда босоголук чекти төмөндөтүүнү сунуштаган туура эмес"

Депутат Махабат Мавлянова билдиргендей, 9 пайыздык босого чеги менен өтүү боюнча мыйзам долбоору 2017-жылы кабыл алынган. “Ошол кезде бул босоголук чекти колдоп добуш бергем. Азыркы учурда дагы ошол эле позициямдан кайта элекмин. Менин оюмча, 9 пайыздык босого чегине макулдугун берип, кайра шайлоо жакындаганда 5 пайызга түшүрүү аракеттери туура эмес. Бул өлкөнүн биримдиги үчүн терс таасирин берет деп ойлойм. Башкача айтканда, Жогорку Кеңеште партиялар көп болсо, трайбализм күчөп кетиши ыктымал. Ошол жагынан алганда өлкө үчүн опурталдуу болушу мүмкүн. Иргелген күчтүү 1-2 партия чыкса, алар жалпы өлкө үчүн маанилүү болгон маселелерди чечмек”, - деди депутат.

КАДЫРБЕКОВ: "Шайлоо жакындаганда депутаттар эсине келишип, босоголук чекти төмөндөтүүнү сунушташууда"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков коомчулук 9 пайыздык босого чеги жогору экенин айтып чыкканда, депутаттар босого чегин төмөндөтүү боюнча демилге көтөрүп чыгышты. "Депутаттар шайлоо жакындаганда эсине келип башташты. Келечекте шайлоо болот. Алардын мүмкүнчүлүктөрү кандай болот? Коомчулук дагы бул маселени көтөрүп чыкты. Босого чеги 9 пайыз болсо, парламентке бир эле партия өтүп калышы мүмкүн. Калган партиялардын пикирлери көчөдө, курултайда айтылып калат. Ошондуктан босого чегин төмөндөтүү зарыл", - дейт Кадырбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан