Бүгүн, 28-январда Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жоктугун айтты.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бажы башчысынын өлкөдө көмүскө импорт жок дегенине ишенүүгө болобу?" деген собол салды.
БЕКЕШЕВ: "Көмүскөдөгү импорт биздин бажы системинде болбосо, анда аткезчилик болбойт болчу"
Депутат Дастан Бекешев көмүскөдөгү импорт өнүккөн өлкөлөрдө да бар экенин айтты.
"Мындай маалыматты кайсы жактан алып жатат билбейм. Бирок ар бир өлкөдө көмүскө экономика, импорт бар. Көмүскөдөгү импорт өнүккөн өлкөлөрдө да болот. Керек болсо өкмөт бизге аналитиканы бергенде “өнүккөн мамлекеттерде көмүскө экономика аз болсо да бар” деп алар өздөрү эле жазышат. Анан кайсы документтердин негизинде мындай ойду айтып жатат деген суроо жаралат. Көмүскө импорт биздин бажы системинде болбосо, анда аткезчилик болбойт болчу", - дейт Бекешев.
МАМАТАЛИЕВ: "Көмүскөдөгү импорт жок деп айтканга болбойт"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көмүскөдөгү экономика, көмүскө импорт жок деген маалымат туура эмес дейт.
"Көмүскөдөгү экономика сөзсүз түрдө бар. Анын көлөмү өтө чоң, ар дайым болуп келген. Салык, бажы тармагында жана башка тармактарда көмүскө экономика бар. Алардын бардыгын көмүскөдөн чыгаруу үчүн электрондук систем ишке кириши керек. Ошондо бардыгы ачык болот. Социалдык фонддун төлөмүн төлөбөш үчүн көп компаниялар бардык кызматкерлерди штатка киргизбейт. Баарын расмий каттаса чоң суммадагы акча төлөш керек болот. Мындан улам баарын расмий штатка киргизбей, бир канча эле кызматкерди киргизишет. Бул дагы көмүскө экономиканын ичине кирет. Андай нерселер бардык фирмаларда бар. Ошондуктан көмүскөдөгү экономика жок деп айткан болбойт, туура эмес.
Көмүскөдөгү импорт боюнча бир эле статистиканы алсак болот. Ар дайым башка мамлекеттерден келген экспорттун баасы биздин импорттук баа менен тең келбейт. Тилекке каршы, бул көмүскө импорт бар экенин түшүндүрөт", - дейт Маматалиев.
ТОКТОШЕВ: "Казакстандан келген азык-түлүктөрдүн баары эле аткезчилик жол менен ташылып келет"
Депутат Эмил Токтошев көмүскөдөгү импорт чоң өлчөмдө экенин айтат.
"Көмүскөдөгү экономика бар эмей, өтө чоң. Көмүскөдөгү экономиканын суммасы болжол менен 30 миллиард сомду түзөт. Ал эми көмүскөдөгү импорт да чоң өлчөмдө. Мисалы, азыр Казакстандан келген азык-түлүктөрдүн баары эле аткезчилик жол менен ташылып келет. Мүмкүн, бажы аркылуу келген көмүскөдөгү импорт жок болсо керек", - дейт Токтошев.
КАДЫРБЕКОВ: "Бажыдагы көмүскө иштерден айрымдар миллионер, миллиардер болуп кетти"

Коомдук ишмер
Ишенбай Кадырбеков бажыдагы мыйзамсыз иштердин артынан көп адам байыганын айтат.
"Албетте, Кытайдан чыккан товарлар бизге берилген маалыматтардан айырмаланып турат. Бул маселе Акаев, Бакиев убагында да болуп келген. Бажыдагы мындай мыйзамсыз иштер айрымдардын байлыгынын булагы болот окшойт. Ошого муну чечкенге эрки жетпей жатат. Айрымдары миллионер, миллиардер болуп кетти. Бул менен күрөшүү өтө кыйын. Бөгөт коюлса ошол жактан байып жаткандардын иши болбой калат да", - деди Кадырбеков.
АБДЫРОВ: "ЕАЭБге киргенге чейинкидей азыр көмүскөдөгү экономика жок"

Экономика илимдеринин доктору
Төлөнбек Абдыров көмүскө экономика болушуна себептер, мүмкүнчүлүктөр дагы жок деген пикирде.
"Балким, анча-мынча көмүскөдөгү экономика болгондур, жок деп эч ким айта албайт. Бирок мурдагыдай, ЕАЭБге киргенге чейинкидей азыр көмүскө экономика жок. Анткени ЕАЭБге киргенден баштап Орусия, Казакстан, Беларусь жактан талаптар аябай күчөтүлүп, көзөмөл татаал болуп калган. Көмүскө экономика болушуна себептер, мүмкүнчүлүктөр дагы жок", - дейт Абдыров.
КЕЛДИБАЕВ: "Бажы кызматындагы коррупцияны жойсок, Кыргыз мамлекетинин тышкы карызынан эки жылга жетпей кутулса болот"

Коомдук ишмер
Төлөгөн Келдибаев миллиондогон акчалар Кыргыз мамлекетинин бюджетине түшпөй, жеке адамдардын чөнтөгүнө түшүп жатканын билдирди.
"Кыргыз мамлекетинин азыркы рыногундагы жүгүртүүдөгү товарлардын импортунун 80 пайызы көмүскө жолдор менен ташылып жатат. Мыйзамдуу, мыйзамсыз жолдор менен ташылып келүүдө. Аткезчилик жолдор менен чек арадан өтүп кетип жатат. Бажы кызматынын башчысынын айткан сөзүнө макул эмесмин. Миллиондогон акчалар Кыргыз мамлекетинин бюджетине түшпөй, жеке адамдардын чөнтөгүнө түшүп жатат. Ошонун негизинде "кошелёк", "миллион" деген коррупциялык аттар коюлган. Бул аттар жөндөн-жөн коюлган эмес. Бажы кызматындагы коррупцияны жойсок, Кыргыз мамлекетинин тышкы карызынан эки жылга жетпей кутулса болот", - дейт Келдибаев.
ЧОРОЕВ: “Көмүскө импорт бар экенин элдин баары эле билет”

Экономист
Кубан Чороев ЕАЭБге киргенден баштап бардык бажы системинде автоматташтыруу болгонун белгиледи.
"Ошого карабастан бизде атайын схемалар бар. Кыргыз мамлекетинде ЕАЭБге киргизгүүгө тыюу салынган товарлар бар да. Ошол товарларды декларация кылганда башка товарларды киргизет. Же болбосо товарларды көп киргизип, бирок системге аз киргизилген деп жазып коюшат. Аларды компьютер эсептебейт, бул жерде адамдык факторлор бар. Камера менен тартып эсептеген процедуралар жок. Көмүскө импорт бар экенин элдин баары эле билет”, - дейт Чороев.