Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун соттук отуруму өтүүдө.
Сотко эки тараптын жакындары келди. Анда сот залын кайтарууга алган жана тартипти көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери менен айыпталуучулардын жакындарынын ортосунда түшүнбөстүктөр жаралды. Сот залы өтө кичине болгондуктан, соттолуучулардын тарапташтарынын жарымы кире албай калды. Мындан улам сот залына кирип жатканда түртүшүп, аларды кызматкерлер тосуп, жыйынтыгында түшүнбөстүк жаралды.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.
Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда. Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала башталды. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган