"600 долларлык кычкач" делген шаймандар өлкө базарларында 2500 сом турат. Мындай маалыматты бүгүн, 16-майда парламент жыйынында ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов айтты.
Жамангулов парламентти сырттан алынган насыя, гранттар боюнча көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. "10-майдагы жыйында кызуу талкуу болду. Биздин Кытай тарапка дообуз жок. Насыяны туура эмес пайдалангандыгыбыз үчүн буга биз күнөөлүүбүз. Бардык алынып жаткан насыя, гранттар боюнча парламент көзөмөлдү күчөтүшү зарыл. Энергетиктер дайыма эле тарифтерди көтөрүш керек деп айтышат. Албетте, акчаларды туура пайдаланбасак кризис болот да. Энергетиктер 2-3 кабаттуу үйлөрдө жашайт. Унаалары кымбат баалуу. Ал эми айлыгы болсо 20 миң сом. Мындай байлыктар кайдан келди?
386 миллион доллар боюнча келишим түзүлүп жатканда Кыргыз тарап жетишерлик деңгээлде өлкө кызыкчылыгын коргой алган эмес. 10-майдагы жыйындан кийин УКМКнын кызамткерлери ЖЭБдин кампа башчысына барып сураганда алар башында жалгыз эле кычкач алынганын айтышыптыр. "600 долларлык кычкач" делген шаймандар топтомун базарда 2500 сомго тапса болот. Акчалардын иштетилиши боюнча эл аралык аудит жүргүзүү зарыл. Мындан кийин энергосистемдин башына келген жетекчилер мурункулардын күнүн көрүп калбайлы деп ойлонушу керек", - деди Жамангулов.
Жогорку Кеңештин ЖЭБ боюнча болуп жаткан жыйынын төмөнкү шилтемеден түз эфирде көрүп, окуп турсаңыздар болот.