КҮНСОБОЛ: Экс-спикер Асылбек Жээнбеков ЖЭБ боюнча чечимди парламент жакшы ойдо кабыл алганын айтты. Ушундай эле ойду экс-президент да билдирген. Бийликтегилер жакшы ойдо жасаса, күнөөлүү ким?

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги маселе тууралуу маалымат уктурулуп, анда депутат Ирина Карамушкина келишимди колдоп берген тармактык комитеттердин жоопкерчилиги тууралуу сөз кылган. "Биз парламенттик өлкөбүз, ратификациялар жана макулдашуулар боюнча негизги чечимдерди парламент чечет. Эмне себептен профилдик комитеттердин төрагалары, депутаттары, пайдасыз келишимди кабыл алууну айткан төрага жоопкерчиликке тартылган жок?" - деген суроо салган.

Буга ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков парламент жакшы ой менен чечим кабыл аларын жооп кылган болчу. Өткөн жылы ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев тараткан билдирүүсүндө да ушундай эле ойду айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Экс-спикер Асылбек Жээнбеков Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча макулдашууну парламент жакшы ойдо кабыл алганын айтты. Ушундай эле ойду экс-президент да билдирген. Бийликтегилер жакшы ойдо жасаса, анда күнөөлүү ким болуп калат?" деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Парламент бийлик эмне айтса бардыгын жасап бере турган уюм болуп калган"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков белгилегендей, парламент бийликтин жана өкмөттүн кайсы бир чечимдери туура эмес болсо иликтей турган мамлекеттик институт болуп эсептелет.

"Парламент - бул бийликтин, өкмөттүн кайсы бир чечимдери мүмкүн туура эмес болсо, өтө чоң чыгашага алып келип жатса, мыйзамсыз болсо, ошол чечимдерди токтотуп, иликтеп, кандайдыр бир карама-каршылык көрсөтө турган орган, мамлекеттик институт болуп эсептелет. Ал эми бизде тескерисинче, мамлекеттеги бардык бийликтин жана өкмөттүн иши туура эмес, мыйзамсыз болсо, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбесе да ошол чечимдерди биздин парламент мыйзамдаштырып бере турган уюмга айланып калган. Биздин парламент бийлик эмне айтса бардыгын жасай турган уюм болуп, ошону менен негизги функциясын аткарбай калган. Бул парламенттин мамлекеттик институт катарында жараксыз болуп калганынын далили болуп эсептелет", - дейт Жээнбеков.

КАРАШЕВ: "Өкмөт ЖЭБди модернизациялоодо тактыгын эсептеп, даяр документти Жогорку Кеңешке жибериши керек эле"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев күнөөлүү тарап комиссиянын жыйынтыгында, парламенттик угууда айтылганын белгиледи.
"Үй курам десең да алдын ала пландаштыруу иштери жүрөт. Бул чоң суммадагы модернизация болуп жаткандан кийин сөзсүз түрдө техникалык-экономикалык негиздемеси болуп, жыйынтыгы менен акчалар эсептелиши шарт эле. Мунун баарын жасай турган ошол тармактагы адистер болушу зарыл. Энергетика тармагында иштеген адистер ийне-жибине чейин эсептеп чыгып, өкмөт тактыгын эсептеп, даяр документти Жогорку Кеңешке жибериши керек эле", - дейт Карашев.

ТОКТАКУНОВ: "ЖЭБди жаңылоого байланыштуу ошол кездеги спикер жана тийиштүү комитет төрагалары кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек"
Юрист Нурбек Токтакунов билдиргендей, бул "ишенем же ишенбейм" деген оюн эмес.
"ЖЭБди жаңылоонун алдында баарын текшериш керек эле. Ошол убакта президентке баш ийбей, эл менен талкуу кылышы керек деп айтышса, анда чоң жоопкерчилик Атамбаевде болмок. Ким ошол ратификацияны кабыл алып, чечим чыгарса жоопкерчилик ошондо. Ошол кездеги спикер, тийиштүү комитеттин төрагалары кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек", - дейт Токтакунов.
ТУРДУКУЛОВ: "Парламенттин моралдык жоопкерчилиги бар"
Жарандык активист Адил Турдукулов бул мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун күнөөсү экенин айтты.
"Сапар Исаков тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп туруп өзүнүн укугунан четтеп, ашыкча пайдаланды. Бул жакка ТBEAны алып келип лобби жасаганы, өкмөттүн ишине кийлигишүү менен кандайдыр бир өзүнүн кызыкчылыгын көздөдү. Ошондой эле өлкөнүн кызыкчылыгына дал келбеген долбоорду Кыргыз мамлекетине алып келди. Бул мурдагы бийликтин башкы жоопкерчилиги болуп саналат. Учурда камакта жаткан адамдардын дагы күнөөлөрү бар. Ал эми парламентте отурган депутаттар дыкат карабай, Ак Үйдүн буйругун аткарып, чечим чыгарганы үчүн моралдык жоопкерчилиги бар деп эсептейм", - деди Турдукулов.
КАРАСАРТОВА: "Парламент жакшы ойдо болуп эле кол коё бербеши керек"
Укук коргоочу Рита Карасартова ар бир долбоор ишке ашардын алдында дыкат иликтөө болушу керектигин айтты.
"Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо 386 миллион долларга эмес, 50 миллион долларга жасай турган жерде эле деп айтылып жатат. Бул ишти аткаруудан мурда техникалык жагын кароо керек болчу. Мамлекеттик казынага зыян келгендиги үчүн электр энергиясын көтөрөбүз деп жатышат. Бул дагы алдамчылык. Кандай долбоор болбосун тескерисинче алдын ала эсептелип, өлкө үчүн пайда алып келери тууралуу техникалык коопсуздугу да каралышы зарыл. Парламент алдын ала изилдеп чыгышы керек эле. Алар жакшы ойдо болуп эле кол коё беришеби? Анын эсеп-кысабын эсептеп чыгышпайбы? Жасап жаткан иш жакшы болуп калса баа түшүп, жаман болсо баа көтөрүлгөнү туура эмес. Бул маселе боюнча парламент эксперттердин тобунун анализин карап туруп кол коюшу зарыл болчу. Ошондо парламент мына колубузда эксперттердин анализи турат деген жүйө менен күнөөлүү тараптын катарында болбойт эле", - деди Карасартова.

КЕЛДИБАЕВ: "ЖЭБди жаңылоо боюнча макулдашууну ратификациялаган парламенттин чоң күнөөсү бар"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев ЖЭБди жаңылоодо терең изилдөө иши жүргүзүлүшү керек болчу деген пикирде.
"ЖЭБди жаңылоодо жоопкерчилик бир эле өкмөт башчыда эмес, парламенттин депутаттарында дагы бар. Себеби Бишкек ЖЭБди жаңылап жатканда өтө чоң суммадагы мамлекетке карыз келип жатат. Кеткен чыгымдардын сметасы, чыгашалары терең изилдениши керек эле. Ушундай эле долбоор коңшу өлкөлөрдө Тажикстанда, Казакстанда канча миллион долларга курулуп жатканы боюнча изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Тездик менен кызмат абалдарынан пайдаланып мамлекетке чыккынчылык кылгандар болгон. Бул боюнча бир эле өкмөттүн эмес, парламенттин дагы чоң күнөөсү бар. Алар да жоопкерчиликке тартылышы керек", - дейт ал.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан