КҮНСОБОЛ: Ири долбоорлор боюнча кредит алууда өлкөнүн кызыкчылыктарынын корголушуна Жогорку Кеңеш да жооп бериши керекпи?

ЖЭБди жаңылоо боюнча чиновниктерди гана эмес, депутаттарды да жоопкерчиликке тартуу керектиги айтылууда. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов ошол кездеги Жогорку Кеңештеги жооптуу комитет башчылары ЖЭБди жаңылоо боюнча келишимди эч кандай жеткиликтүү талкуулабай туруп шашылыш кабыл алышкан деп Башкы прокуратурага кайрылды. SUPER.KG порталы "Ири долбоорлор боюнча кредит алууда өлкөнүн кызыкчылыктарынын корголушуна Жогорку Кеңеш да жооп бериши керекпи?" деген собол салды.

КАСЫМАЛИЕВА: "Депутаттарды жоопкерчиликке тартуу үчүн укуктук негизди көргөн жокмун"

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева ЖЭБ боюнча маселеде депутаттарга укуктук баа берүүгө эч кандай негиз жок экенин айтты.

"Парламенттин жоопкерчилиги бар дегенге мен кошулам. Себеби эл аралык келишимдерди кабыл алып жатканда кылдат карашыбыз керек. Комитеттерде, фракцияларда шашылыш карап 3 окуудан дароо өткөн эл аралык келишимдерге каршымын. Биз ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияда иштеп жатып тааныштык. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети кылдат караш керек эле. Алардын төрагалары да карап чыгып, ушул жерге кол койсо болот же болбойт деп өздөрүнүн пикирин айтышы керек. Менин билишимче, аталган комитет кемчиликтерди белгилеген. Саясий, моралдык жактан депутаттардын жоопкерчилиги бар. Укуктук жактан алганда Сапар Исаковдун жактоочусу айткан пикир өчөшүү эле болуп жатат. Депутаттарды жоопкерчиликке тартуу үчүн укуктук негизди көргөн жокмун. Чынында документтер ШКУнун алдында өкмөттүн суранычы менен шашылыш кабыл алынган. Азыр деле тез кабыл алынган документтер келип калат. Мен бул нерсеге каршымын, мунун кесепетин көрүп жатабыз", - деди Касымалиева.

МАДУМАРОВ: "Жогорку Кеңеш мыйзам алдында жооп бербесе дагы моралдык жактан жооп берет"

Саясатчы, Жогорку Кеңештин экс-спикери Адахан Мадумаровдун пикиринде, көйгөйдүн баары бир тарапка көз каранды болгон парламентте.

"Жогорку Кеңешти жазалаш керек, жазалабаш керек дегендер да болот. Парламент - бул жамааттык орган. Бардык чечимдер жамаат менен кабыл алынат. Көйгөйдүн баары ошол жамааттын күн карама болуп калгандыгында, жетекчилер тарабынан кандай маселе келсе да кол көтөрдүк десе ойлонбой, толгонбой туруп кол көтөрүп бергендигинде, талкууланбагандыгында. Маселе 2-3 жолудан окулуп, кайра-кайра добушка коюлган учурда депутаттар бир аз болсо да ойлонуп, Жогорку Кеңештин регламентин бузбадыкпы деп акыл калчаш керек эле. Жогорку Кеңештин регламенти - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамы. Эгер биз адилеттүүлүктү орнотобуз деген болсок, анда биз мыйзамдуулук тарабын карашыбыз керек. Жогорку Кеңеш мыйзам алдында жооп бербесе да моралдык жактан жооп берет. Парламенттин жетекчилиги кандай иш-аракеттерди жасады. Фракция башчылары менен кандай кол алышуулар, көз ымдоолор болгонун иликтеп чыгып, анан гана бир чечимге келүү керек", - деди Мадумаров.

ЖАМАНГУЛОВ: "Жогорку Кеңеш карыз алуу боюнча келишимдердин 99 пайызын ратификациялап берет"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов өлкөгө сырттан насыя же грант алууда негизги жоопкерчилик өкмөттө болорун айтты.

"Албетте, бизде четтен насыя келип жатабы же грант келип жатабы Жогорку Кеңештен өтөт. Бирок ал каражаттын сарпталышы боюнча өкмөт иш алып барат. Бул жерде юридикалык жактан парламент жоопкерчилик албайт. Себеби биз тендер кантип өтүп жатканын, каражат кандай сарпталып жатканын билбейбиз. Жогорку Кеңеш ратификацияны гана карап берет, калганы боюнча өкмөт иш алып барат. Ратификацияга чейин документти Каржы министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана өкмөттүн каржы бөлүмү карап чыгат. Кийин гана Жогорку Кеңешке кирет. Алар жактырат же жактырбайт. Бирок 99 пайызы келишим ратификацияланат. Ал эми ЖЭБ боюнча депутаттарга сын айтылып жатканына ратификациядан башка себеп бар. Учурда ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия, ТВЕАнын чакыруусу менен Кытайга барган делегация боюнча гана маселелер, сындар бар", - деди Жамангулов.

УМБЕТАЛИЕВ: "ЖЭБ боюнча Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги бар"

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикиринде, депутаттардын жоопкерчилиги бар.

"Жогорку Кеңештин да бул жерде жоопкерчилиги бар. Эмне үчүн дегенде ири эл аралык келишимдерде парламент мыйзамды кабыл алып, уруксатын берет. Бишкек ЖЭБди жаңылоо долбоору башталгандан кийин Кытайга ТВЕАнын чакыруусу менен алгач 5 депутат, кийин 14 депутат барган. Бул депутаттарды ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ээрчитип барган. Ошол кездеги тийиштүү комитеттердин төрагалары Курманбек Дыйканбаев, Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев комитеттердин корутундуларын чыгарып, Бишкек ЖЭБди жаңылоого уруксат берген. Ал жерде эч кандай документ болгон эмес, техникалык-экономикалык негиздемеси, проект болгон эмес, оозеки эле айтылган. Парламент бир күндө 3 окуудан өткөрүп бекитип берген. Бул жерде мыйзам бузулган, регламент боюнча ар бир окуунун ортосунда 15 күн болуш керек. Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алып бербегенде, мыйзамга кол коюлмак эмес, күчүнө кирмек эмес. Ошол себептен бул жерде парламент депутаттарынын да жоопкерчилиги каралышы керек. Негизинен комитеттин төрагаларын жоопкерчиликке тартыш керек, себеби алар комитеттерде кабыл алган, аларга ишенип Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берген", - деди Умбеталиев.

КУЛОВ: "ЖЭБди жаңылоо боюнча депутаттар дагы жоопкерчиликке тартылышы керек деген туура эмес"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов депутаттар ЖЭБди жаңылоо боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек дегенге кошулбай турганын айтты.

"ЖЭБди жаңылоо боюнча депутаттардын жоопкерчилиги каралуусу зарыл дегенге кошулбайм. Бул туура эмес. Парламенттик комитет буйрук эмес, сунуш катары гана уруксат берет. Депутаттардын арасында адистер жок."Ар-Намыс" фракциясы "Сибэнергомаш" заводунун ТВЕА кытайлык компаниясы тууралуу айтканы боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдогон. Анда аталган завод кытайлык компания заманбап техникалык талаптарга, экологиялык коопсуздук боюнча талаптарга жооп бербегенин билдирген.

Жогорку Кеңеш келишимдин майда-чүйдөсүн караган жок. Бул жерде ошого тийиштүү чиновниктер жоопкерчиликке тартылышы керек", - деди Кулов.

ОСМОНАЛИЕВ: "Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш ишине депутаттар да күбө катары суралуусу керек"

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинде Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы депутаттардын күнөөсү абдан чоң деген пикирде.

"Жаңылоо келишимди жактыруудан алдын ала толук кандуу талкууланган эмес. Аткаруу бийлигинин, президенттик аппараттын буйругу менен кабыл алынган. Өлкөнүн Баш мыйзамына жана "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамына ылайык, депутаттардын жоопкерчилиги сөзсүз каралышы керек. Биринчи кезекте аткаруу бийлигинин мүчөлөрү, энергетика министри, Бишкек ЖЭБинин башчылары, "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси түздөн-түз жооптуу. Анткени алар жаңылоону ишке ашырган, каражатты бөлүштүргөн. Бирок ЖЭБди жаңылоо келишими бир күндүн ичинде комитеттер тарабынан жактырылып, дароо эле 3 окуудан кабыл алынышы регламентке, мыйзамга да туура келбейт. Мен ошол кезде добуш берүүгө катышпасам да моралдык жоопкерчиликти моюнума алам. Бирок жалгыз эле комитет төрөгаларын күнөөлөгөн туура эмес. Комитет мүчөлөрүнүн да жоопкерчилиги каралышы керек. Тергөөнүн жүрүшүндө депутаттар да күбө катары суралуусу керек деп ойлойм. Мындан ары ушул сыяктуу ратификациялык мыйзам долбоорлорун кабыл алууда депутаттар буйрук бергенге жол бербеши керек. Бул Жогорку Кеңештин аброюн түшүрөт", - деди Осмоналиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов ар кандай себептерден улам суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан