Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынып, 2 айга тергөө абагына киргизилди. Ага "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги аныкталды. Ошондой эле банкта 889 миң 900 доллар акчасы катылганы тууралуу расмий маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен таратышты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиевби?" деп собол салды.
БЕКЕШЕВ: "Чиновниктердин байлыгын текшерүү тандалма жол менен жасалбашы керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев текшерүү жүрсө, байлыгын декларацияга киргизбеген чиновниктер көп чыгарын айтты.
“Кыргыз мамлекетиндеги чиновниктердин басымдуу бөлүгү байлыгын декларацияга киргизбейт. Бир гана экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эмес. Чиновниктердин байлыгын текшерүү тандалма жол менен жасалбашы керек. Мисалы, Райымбек Матраимовду өтө бай адам деп баары билет. Бирок декларациясын карасак, эч нерсеси жок. Өзүмдүн кесиптештеримдин арасында деле байлыгын декларацияга киргизбегендер толтура. Алар өзүнө тиешелүү мүлктү башка бирөөгө каттатып коёт. Эгерде мыйзамдын негизинде текшерүү болсо, байлыгын декларацияга киргизбеген чиновниктер четинен суурулуп чыгат.
Азыркы бийлик каттоодо жок байлыкты текшерүүнү Зилалиевден баштагандыр. Мындан ары дагы чиновниктердин декларацияга киргизбеген байлыктары текшерилип калышы мүмкүн. Бирок азырынча так айта албайм. 2012-жылы “Мыйзамсыз киреше боюнча” мыйзам долбоорун киргизгенбиз. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынып, тилекке каршы, ушул учурга чейин иштебей келет. Бул мыйзам иштеши керек. Себеби көп чиновниктердин айдаган унаасы 3 бөлмөлүү батирдин баасына тете. Алар мамлекеттик кызматта иштеп жатып кайсы каражатка мындай кымбат унааларды алып жатышат?” - деди эл өкүлү.
ЖЭЭНБЕКОВ: "УКМК Зилалиевден сырткары өздөрүн, президентти, фракция лидерлерин, баш прокурорду текшере алабы?"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнүн башкаруу системи коррупциялашып кеткенин айтты.
“Кыргыз мамлекети аябай коррупциялашкан өлкө. Башкаруу системи да аябай коррупциялашкан. Чиновниктер, премьер-министр, президент таза деп жөнөкөй элди алдашы мүмкүн, бирок түшүнүгү барларды алдай албайт. Башкаруу моделин өзгөртмөйүнчө мындай күрөштөн жыйынтык чыкпайт. УКМК Зилалиевден сырткары өздөрүн, президентти, фракция лидерлерин, баш прокурорду текшере алабы? Жок”, - деди ал.
БЕКНАЗАРОВ: “Байлыгын декларацияга киргизүүнү президенттен баштаса, калганы артынан ээрчийт”
Саясатчы Азимбек Бекназаров чиновниктер байлыгын декларацияга киргизбесе, алардын артынан кууп, мажбурлоо керек дейт.
"Мыйзамсыз киреше” боюнча мыйзамдын алкагында иш жүргүзүлүшү керек. Чиновниктер байлыгын декларацияга киргизбесе, аларды артынан кууп, мажбурлоо керек. Эгерде байлыгын декларацияга киргизбесе, айып пул салуу зарыл. Бул мамлекеттин түздөн-түз иши болуп саналат. "Чү" дегенде эле президенттен баштаса, калганы артынан ээрчимек. Ал эми оппозицияда жүргөн чиновниктин байлыгын, аялына канча мүлк катталганына чейин чукуп жатып калышат. Мыйзамдуу талаптарды аткарышпайт. Мен бул ишти мамлекеттик бийликтин шалаакылыгы деп эсептейм. Мыйзамсыз баюу тууралуу маселе Зилалиевденби же Текебаевденби баары бир айтылмак. Бирок бизде бардыгы тандалма, жасалма түрдө болуп жатат. Коррупция менен күрөшсө деле, тандалма күрөш жүрөт. Бутакты тамырынан баштабай, ар кайсы жеринен кыркышат", - деп билдирди Бекназаров.
КАРАСАРТОВА: “Зилалиев ушул маселе менен камала турган болсо, анда бул саясий куугунтук болуп калат”
Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиев эмес. Бул иш миңдеген чиновниктин ичинен тандалма жасалып жатат.
“Декларацияларга Салык кызматы иликтөө жүргүзүп, текшерет. Салык кызматынын бул маселени иликтөөгө колу жетпейт. Кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиев эмес. Бул ишти миңдеген чиновниктин ичинен тандалма жасап жатышат.
Мурда президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришүү аземи күнү бомба тууралуу жалган маалымат таратканы боюнча "колу менен жасаганды, башы менен тартсын" деп айткам. Ал эми азыркы болуп жаткан кырдаал, бул саясий куугунтукка окшошуп бара жатат. "Декларацияга байлыгыңды жазып көрсөткөн жоксуң" деп чоң айып пул салып коюш керек болчу. Мындай кадам башкаларга көрсөткүч болмок. Бүгүнкү күнгө чейин ушул берене боюнча бирөө дагы айып төлөгөн жок. Ачык эле аттары айтылып, "Раим миллион" дегенге чейин жетип жатышат. Канча мүлкү бар экен? Аркасында эмне бар? Бир туугандары каражатты каяктан таап жатканы тууралуу маселени иликтеген эч ким жок. Салык кызматы декларация тапшырды дегенден башка эч нерсе билбейт. Ушул маселе менен жоопко тартылып камала турган болсо, анда бул саясий куугунтукка жатып калат”, – дейт укук коргоочу.
СООРОНКУЛОВА: “Менимче, жакында Зилалиевден башка адамдар да “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылат”
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикиринде, чиновниктерди текшерсе, Зилалиевдикиндей мыйзам бузуу баарынан чыгат.
“Декларацияны чиновниктер 2008-жылдан бери эле толтурушат. Бирок формалдуу түрдө гана болуп келген. Толтуруу формасын туура жаздыбы деп эле текшерип, башкасына көңүл бурчу эмес. Өнүккөн мамлекеттерде декларация коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги фактору катары каралат. Декларацияны Мамлекеттик каттоо кызматы жана Мамлекеттик салык кызматындагы маалыматтар менен салыштырышат. Кийин тегерегиндеги адамдарды текшеришет.
Биз “президенттин кол астында декларацияларды текшерүүчү комиссия түзүп, ага коомчулуктан да өкүлдөрдү киргизип, ачык текшерели” деп сунуш бердик. Бирок колдоо тапкан жок. Азыр бул боюнча Коопсуздук кеңеши иш алып барып жатат. Эмне үчүн Зилалиевден баштаганын билбейм. Ал өлкөдөн чыгып кетүү аракетинен улам кармалды окшойт. Чиновниктерди чукуп текшерсе, мыйзам бузуу баарынан чыгат. Эгер мындай иш-аракет жасалса коррупционерлерден аз да болсо тазаланып калмакпыз. “Мыйзамсыз баюу” беренеси 2012-жылы киргизилген. Бирок жакшы иштебей жаткан. Жакында Зилалиевден башка адамдар да аталган берене боюнча жоопкерчиликке тартылат. Бул боюнча иш жүрүп жатат”, - деди Сооронкулова.
АКМАТБЕК: “Ачык-айкын иштөө маданияты Кыргыз өлкөсүндө жокко эсе”
Эксперт Руслан Акматбектин пикиринде, коомдо мамлекеттик органдарга ишеним төмөн болгондуктан, жарандар кирешелерин аз көрсөткөнгө аракет кылат.
“Биз илгертеден бери бийликке ишенбегендиктин айынан баарын мүмкүн болушунча жашырабыз. Чиновник гана эмес, жөнөкөй ишкер же жаран колунда эмне бар болсо, аз көрсөткөнгө аракет кылат. Мамлекеттик органдарга жана айланасындагыларга болгон ишенбөөчүлүк да буга себеп. Мисалы, эртең бир ишкер “менин мынча байлыгым бар" деп чыкса, бирөө келип аны карактап кетсе, укук коргоо органдары бул ишкерди коргой алабы? Коргой албайт да. Тилекке каршы, биздин коопсуздугубузга толук ишеним жок.
Бул маселе бир гана чиновниктерге тиешелүү эмес. Өлкөбүздө баары эле өзүнүн кирешесин жана мал-мүлкүн кандайдыр бир деңгээлде жашырып, баары бир аз көрсөтөт. Бул жалпы кыргыз коомчулугунун маданияты, анткени аз салык төлөгүсү келишет, коркушат, кооптонушат. Чиновниктер да коомдун бир бөлүгү”, - деди эксперт.