КҮНСОБОЛ: Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши 8 жылдан кийин токтотулду. Бакиевдин кадрларынын акталганы 7-апрелде шейит кеткендерге убал эмеспи?

Бүгүн, 5-июлда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болду. Конгантиев 2010-жылдагы Апрель окуясында кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкандыгы үчүн айыпталган. Курманбек Бакиевдин тушундагы ИИМдин башчысынын ишинин кыскартылышын коом ар түрдүү кабыл алары анык.

Ошол себептен SUPER.KG порталы "Бакиевдин кылмыш иши козголгон кадрларынын акталганы 7-апрелде шейит кеткендерге убал эмеспи?" деген собол салды.

ШЫКМАМАТОВ: "Бакиевди баары сатканда Конгантиев саткан эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, Молдомуса Конгантиевдин ишинин кыскартылышы туура эле болгон.

"Конгантиев 2010-жылы 7-апрелде Таласта болгон, муну баары билет. Конгантиев ал учурда өзү жабыр тарткан. Таласта милиция элге ок аткан эмес да, бирок жалпы бийликке нааразы болгон эл күчүн Конгантиевден чыгарышкан. Менин оюмча, Конгантиевдин ишинин кыскартылышы туура эле болду.

Эң негизгиси, Конгантиев эл арасында, керек болсо, таластыктардын арасында да сый-урматка ээ. Бакиевди баары сатып кеткен учурда Конгантиев жана саналуу эле киши саткан эмес. Кыргыз жеринде андай генерал, андай мүнөздөгү адамдар сейрек кездешет. 7-апрелде окту ИИМ аткан эмес, Мамлекеттик күзөт кызматы аткан, аткандардын баары түрмөдө жатышат", - деди Шыкмаматов.

МИСКЕНБАЕВ: "Конгантиев акталды, эртең Бакиевди да акташат"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Конгантиевдин ишинин кыскартылышы Бакиевдерди актоого алып барат деген ойдо.

"Мен мурдатан эле "Бакиев келип калгандай, ошолор өч алып жаткандай болуп жатат" деп айтып келе жатам. 7-апрелде жаракат алган мага окшогондорго кылмыш ишин козгоп жатат, ал эми аларды актап жатышат. Ушул акыйкаттыкпы, калыстыкпы? Президенттин инисине бир сөз айтып койсо, куугунтукка алып жатат. Азыр таң калуунун кереги жок, эртең Бакиевди деле актайт, эми четинен актай беришет, ошого баратышат. Булардын бирден бир максаты - Апрель революциясын жокко чыгаруу, 7-апрелде өз жанын тобокел кылган балдарга куугунтук кылмай, камамай.

Туура, түшүнүп жатам, шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп түштүк аймагында жүрүптүр, биз деле ал убакта Таласта колдоп жүрбөдүк беле. Конгантиев 2010-жылы ички иштер министри болуп турду, кантип күнөөсү жок болсун. Бул нерсе Апрель революциясынын катышуучулары үчүн бир топ эле оор тиет. Учурда "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" болуп жатат, макул, өздөрү билсин. Тарых баарын аныктайт", - деди Мискенбаев.

ОРМОНОВ: "Конгантиевдин 7-Апрель окуясына такыр тиешеси жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов 2010-жылы 6-апрелде Таласта митингге чыккан элге каршы курал колдонулбаганынын бирден бир себепкери Молдомуса Конгантиев экенин айтты. "2010-жылы 7-апрель күнү Молдомуса Конгантиев Бишкекте эмес, Таласта болгон. Анын 7-Апрель окуясына такыр тиешеси жок. Тескерисинче, 2010-жылы 6-апрелде Таласта адамдарга каршы курал колдонулбаганынын бирден бир себепкери ушул киши болуш керек. Ошол учурда министр Конгантиевдин кандай сабалганын баарыбыз көргөнбүз. Ага карата кылмыш иши ушул күнгө чейин жүрүп калганы да түшүнүксүз", - деди Ормонов.

КЫЛЫЧОВ: "Бакиевдин камчысын чаап жүргөндөрдүн акталууга, мамлекеттин саясатына кийлигишүүгө моралдык укуктары жок"

Жарандык активист Алга Кылычовдун айтымында, өлкөнүн мурунку президенти Курманбек Бакиевдин бийлиги кылмыш дүйнөсүнө аралашканы тарыхта эч качан унутулбайт.

"Кандай болгон күндө да кандуу Бакиевдин бийлиги кылмыш дүйнөсүнө аралашып, Медет Садыркулов, Геннадий Павлюк, Сыргак Абдылдаевге чаламандын чак түшүндө мыкаачылык менен кол салуу болгонун биз унутсак да, тарыхта эч качан унутулбайт. Бул кылмыштардын башында Бакиев жана анын "Бөрк ал десе, баш алган" күч түзүмдөрүндө иштеген үлкөн адамдар болгону факт.

Мен Конгантиевге козголгон кылмыш иши кандайча кыскартылганын билбейм. 2010-жылы 7-апрелде карапайым жигиттер "Ала-Тоо" аянтында окко учкан, миңдеген адамдар жаракат алган. Бакиевдин камчысын чаап жүргөндөрдүн акталууга, мамлекеттин саясатына, ишине кийлигишүүгө, уялбай басып жүрүүгө моралдык укуктары жок деп эсептейм. Алар Кыргыз тарыхында кара так менен жазылып кала турганына ишенем", - дейт Кылычов.

АЙБЕК МЫРЗА: "Конгантиев президенттик шайлоо алдында Сооронбай Жээнбековду жандап жүргөнүн туура эмес көргөм”

Апрель окуясынын катышуучусу Айбек Мырза Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши 8 жылдан кийин кыскартылганы туура эмес деген пикирде.

"Конгатиев президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду жандап жүргөнүн көргөндө туура эмес дегем. Бакиевдин бийлиги канчалаган элди өлтүрдү. Алардын күнөөсү далилденсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, өздөрүнүн жазасын алышы керек. Анткени Бакиевдин режиминде кылмыш жасаган адамдар жетишерлик жазасын албаса, Апрель окуясында каза болгондордун арбагын тебелегенге жатат. Курман болгондор адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн. Бирок алардын үмүтү аткарылган жок", - деген ойдо Айбек Мырза.

АСКАРБЕКОВ: "Бардыгын 7-апрелде шейит кеткендердин арбагына шылтай койгондон алыс болушубуз керек"

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков бардыгы мыйзам жолу менен кетиши керектигин жана 7-апрелде каза болгондорду колдонуудан алыс болсок деген ойдо.

"Конгантиев 2010-жылы Таласта катуу ур-токмокко алынган, бир топ азапка салынган. Мен аны жеке тааныбайм, бирок ушунча жылдан бери угуп, көрүп жүрөм, бул убакта кылмыш иши козголуп, жоопко да тартылды. Кылмыш иши кыскартылып жатканы убакыттын өткөнүнө байланыштуу болуш керек. Канчалык мыйзамдуу жана мыйзамсыз чечим чыгарып жатканы прокурор, тергөөчүлөр, соттордун абийиринде.

Бардыгын эле 7-апрелде шейит кеткендердин арбагына шылтай койгон логикадан алыс болушубуз керек. Ошол каза болгон жарандарды бир ууч адам колдонуп, ар кандай ишканадан алдоо жолу менен акча алышууда, мына кылмыш иши да козголуп жатат.

Тарыхта Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин миңдеген кишилердин өмүрүн кыйган "баш кесерлерди" дагы Гаагага алып барып соттогон, алардын жактоочусу болгон, сөз берилген. Ошондуктан бардыгы мыйзам жолу менен кетиши керек", - деди Аскарбеков.

Аталган соболго жооп алуу үчүн депутаттар Аалы Карашев, Зарылбек Рысалиев, саясий ишмерлер Эмилбек Каптагаевге, Адахан Мадумаровго кайрылдык, бирок алар ар кандай себептер менен жооп берүүдөн баш тартты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан