Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
7-кичи райондогу учурдагы көрсөткүч - 11 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 11).
Көк-Жар кичи району - 11 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 13).
Чыгыш-5 кичи району – 12 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 12).
Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши - 17 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 22)
"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.