Өткөн жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде орун алган өндүрүштүк кырсык андагы алешемдиктердин ачыкталышына себеп болду. Кырсыктан кийин ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган, бирок жыйынтык болгон жок деген сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.
Тергөө иштери ЖЭБди жаңылоодон өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканын көрсөткөн. Ал эми "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан 8 аткаминердин кылмыш иштери Свердлов райондук сотуна өткөрүлгөн. Буга чейинки соттук уктурууларда алардын жактоочулары отурумдар ачык өтсүн деген өтүнүчтөрдү келтирерин айтышкан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ЖЭБди жаңылоо ишинде коррупция болгону коомчулукка кеңири айтылган. Бул ишти кароодо сот процесси да ачык болгону туура болот беле?" - деген собол салды.
БАКИРОВ: “Акыркы чекитти сот коёт. Соттун отуруму ачык болсо бардыгына толук маалымат жетет”
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров ЖЭБди жаңылоо ишиндеги соттук отурум ачык болгону туура экенин белгиледи.
“ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык иштер боюнча Жогорку Кеңеште, коомчулукта ачык талкуу болуп жатат. Демек, соттук отурум ачык болгону туура. Анткени акыркы чекитти сот коёт, ошол соттук отурум ачык болсо бардыгына толук маалымат жетет. Эгерде сот отуруму ачык болот деп жарыяланып, журналисттер киргизилбей калса ал жакта тартип бузулган болот.
Президент дагы сот отурумдары ар бир кароодо ачык-айкын, үн жазуучу видеокөзөмөлдөр менен коштолушу керек деген маселени коюп жатат. Бирок бул жерде Кытай менен Кыргыз мамлекетинин ортосундагы кандайдыр бир дипломатиялык мамиле бузулуп калбоосун дагы сактоо керек деп ойлойм”, - деди Бакиров.
МАСАЛИЕВ: “ЖЭБди жаңылоо боюнча сот процессинде жашыра турган эч нерсе жок, ачык эле болушу керек”
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев депутаттык комиссиянын маалыматында жашыра турган эч нерсе жок болчу деп билдирди.
“Жашыра турган эч нерсе жок, ачык эле болушу керек. Биз айткан маалыматта жашыра турган эч нерсе жок болчу. Эмне үчүн сот процесси жабык болушу керектигин түшүнбөйм. Бирок соттук отурум жабык эмес, туугандары катышып ачык болуп жатат го. Негизи сот процесстеринде мамлекеттик жашыруун маалымат болбосо ачык болушу керек”, - дейт Масалиев.
ШЫКМАМАТОВ: “Журналисттер ЖЭБди жаңылоо ишиндеги соттук отурумду башынан аягына чейин чагылдыруусу керек”
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов ЖЭБди жаңылоо ишиндеги сот процессине эл аралык уюмдар жана инвесторлор дагы көз салып турганын айтты.
“ЖЭБди жаңылоо ишинде коррупция болгонун коомчулук жатка билет. Ошондуктан ал ишти кароодо сот процесси ачык болушу керек. Журналисттер ЖЭБди жаңылоо ишиндеги соттук отурумду башынан аягына чейин чагылдыруусу зарыл. Мен мындай нерсени башымдан өткөн киши катары айтып жатам. Бул абдан чуулгандуу иш. Себеби ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык берене менен козголгон кылмыш ишин Кыргыз өлкөсү эле эмес, Кытай мамлекети, эл аралык уюмдар жана инвесторлор дагы көз салып турган сот процесси болуп саналат. Ошондуктан максималдуу түрдө ачык кылуу керек. Ошондо гана эл соттун адилеттүү өкүм чыгарганына ишенет”, - деди Шыкмаматов.
КАРАМУШКИНА: "Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча иш саясий өңүткө айланып кеткени үчүн сот отурумдары ачык өтүшү керек"Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурумдар ачык болушу керек деген пикирин айтты.
"Эл тергөөнүн акыйкат жана ачык-айкын болгонуна ишенбейт. Демек, бийликке дагы ишенбейт деп айтууга болот. Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча иш саясий өңүткө айланып, фальсификациялоо фактылары чыга баштагандыктан соттук отурумдар ачык өтүшү керек", - деди депутат.
ЖЭЭНЧОРОЕВ: “Коррупция беренеси менен коюлган иштердин бардыгында сот процесси ачык-айкын өтүшү керек”
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев мамлекеттик купуядан башка сот отурумдарынын бардыгын ачык өткөрүү керек экенин белгиледи.
“Бир эле ЖЭБди жаңылоо ишиндеги коррупция эмес, жалпы коррупция беренеси менен козголгон иштердин бардыгында сот процесси ачык-айкын өтүшү керек. Ошондо гана соттун адилеттүүлүгүнө элдин жана коомдун ишеничи пайда болот. Ошондуктан сот отурумдарын электрондоштуруу, анын материалдары жана жүрүп жаткан процесстерин онлайн кылуу зарыл. Мамлекеттик купуялар, жашы жетелек балдардын үстүнөн зомбулук жана зордуктоо иштери жабык болушу мүмкүн. Ал эми мамлекеттин мүлкү менен байланыштуу болгон коррупция маселеси жана кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонгон беренелер боюнча айыпталып жаткандардын сот отуруму ачык өтүшү керек.
Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго болгон чоң күрөштүн да соттук процесстерин ачык кылуу абзел. Бишкекте сынактык негизде кээ бир соттордун иш бөлмөсүнө онлайн видеокамералар коюлуп жатат. Коомчулукка сот отурумдарын онлайн көрө тургандай шарт түзүп берүү керек. Эгерде сот отурумдары ачык-айкын өтпөсө, сот адилеттүүлүгүнө элдин ишеними кетип, укук коргоо органдары туура эмес иштерин жаап-жашырып жатат деген ой калат”, - деди Жээнчороев.