КҮНСОБОЛ: "Коопсуз шаар" боюнча өткөн акыркы тендердин жыйынтыгын комиссия жокко чыгарды. Бул долбоордун ишке ашарына ишенесизби?

"Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Вега" компаниясынын аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жок экенин айтып чыгышты. Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия "Веганын" үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп тапты. 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаардын" жеңүүчүсү кайрадан жокко чыгарылышы мүмкүн. Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул долбоордун ишке ашарына ишенесизби?" деп собол салды.

ОРМОНОВ: “Коопсуз шаардын” ишке ашарына көзүм жетпей калды”

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссиянын чечими таң калтырганын айтты.

“Бул мен үчүн аябай таң калыштуу окуя болду. Себеби мен “Коопсуз шаар” долбоору боюнча сынактык комиссиянын мүчөсү катары документтердин баарын окуп чыгып, кол койгон болчумун. Өздөрү акчасын салып, долбоорду өздөрү ишке ашырып беребиз деген компаниянын жеңишин жокко чыгаргандан кийин “Коопсуз шаар” долбоору биздин өлкөдө ишке ашарына көзүм жетпей калды”, - деди Ормонов.

РЫСАЛИЕВ: “Коопсуз шаарды” оюнчук кылып, элге шылдың болуп бүтүштү”

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев бул долбоорду оюнчук кылып алышты деген пикирде.

“Бул жөнөкөй, жакшы тендер өтсө эле ишке аша турган долбоор. “Коопсуз шаарды” оюнчук кылып, элге шылдың болуп бүтүштү. “Коопсуз шаар” жөнүндө сүйлөсөң, уккандар күлүшөт. Канча жылдан бери ишке ашпай келе жатат. Президент өзү киришип, долбоорду ишке ашырбаса, өкмөттүн күчү жетпей калды”, - дейт Рысалиев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Премьер-министр "Коопсуз шаарды" ишке ашыра албаса, кызматтан кетиши керек"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, аталган долбоорду ишке ашыруучу компанияны тандоодо кызыкчылыктардын кагылышуусу болуп жатышы мүмкүн.

“Албетте, “Коопсуз шаарды” ишке ашырса болот. Бул жөнөкөй эле иш. Менимче, бийликтин ичинде кандайдыр бир күчтөрдүн кызыкчылыгы бири-бириникине туура келбей жатат окшойт. Бул долбоорду Кыргыз өлкөсүнүн эле адистери ишке ашыра алат. Муну сөзсүз орусиялыктар келип жасап бериши шарт эмес. Буга чейин Орусияга беребиз деп даярдап, таңуулап жатышкан.

Албетте, сынактан утуп чыккан “Веганын” бул багытта тажрыйбасы жок болсо, анда кантип катышып калды деген суроо акыл-эси бар адамда туулат да. Мен башында эле бул компания болбойт деп айткам. “Коопсуз шаар” долбоору белгиленген убакытка чейин ишке ашпаса, сөзсүз өкмөттүн тагдырына зыянын тийгизет. "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу - бул премьер-министрдин жумушу болуп саналат. Долбоорду ишке ашыра албаса, ал кызматтан кетиши керек”, - деди Жээнбеков.

КАДЫРБЕКОВ: "Өкмөттө "Коопсуз шаарга" жооптуу адамдардын бири да мындай долбоорду ишке ашырганды билбейт"

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков өкмөттө мындай долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок кадрлар отурат деген пикирде.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашарына ишенбейм. Себеби өкмөттө бул маселеге жооп бере турган адамдардын бири да мындай долбоорду ишке ашырганды билбейт. Аларда тажрыйба жок. Дүйнө жүзүндө мындай долбоорлорду ишке ашырар алдында алгач даярданышат. Анан гана тендер жарыялашат. Бизде болсо биринчи тендер жарыялап салышат. Бул жоопкерчиликтин жок экенинен кабар берет. Ошондой эле "Акылдуу шаарды" ишке ашыруу өкмөттүн колунан келбестигин көрсөтөт", - деди Кадырбеков.

АКМАТБЕКОВ: “Коопсуз шаар" көп жылдан бери ишке ашпай келет. Биздин өлкө той-аштарды өткөрүүгө эле жөндөмдүү окшойт”

Экономикалык маселелер боюнча эксперт Руслан Акматбеков “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга өкмөт кызыкдар эмес деген пикирде.

“Коопсуз шаар” - замандын талабына ылайык, мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына төп келген маанилүү долбоор. Коопсуздук үчүн дагы маанилүү. Муну кошуна мамлекеттер, керек болсо Тажикстан дагы ишке ашырган. Дүйшөмбү шаарына барганда айдоочулар көчөлөрдө камералардын бар экендигинен кооптонуп жол эрежелерин так сактоого аракет кылганына күбө болгонбуз. А бизде болсо аталган долбоор көп жылдан бери таптакыр ишке ашпай койду. Ушундан улам “биздин мамлекеттин мындай пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмү жок окшойт” деп ойлойт экенсиң.

Балким, көчөлөрдө камералардын жок болгону кайсы бир адамдардын кызыкчылыгына кызмат кылабы деген да ойлор жаралат экен. Бүгүнкү күндө бул долбоор бардык тарабынан зарыл экендигин көрсөтүп жатса да жаңы өкмөт аны жүзөгө ашырууга кызыкдар эместей. Тактап айтсак, “Коопсуз шаарды” ишке ашыруу алардын кызыкчылыгына таптакыр төп келбейт окшойт. Анткени кызыкчылыкка төп келсе аны ишке ашырууга аракеттер жасалат эле да. Эгер долбоор ишке ашса жол эрежелерин бузуу, кылмыштуулук азаймак. Тилекке каршы, биздин мамлекет улут катары да, өлкө катары да той-аштарды гана ишке ашырууга жөндөмдүү окшойт”, - деди Акматбеков.

СУЛТАНОВ: “Коопсуз шаар” ишке ашса, каражаттын баары бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөй калат”

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султановдун пикиринде, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай жатышы өкмөттүн туруксуз экендигине байланыштуу.

“Коопсуз шаар” долбоорунун көп жылдан бери ишке ашпай келе жатышына биздин өкмөттүн туруктуу иштебегендиги себеп болууда. Анткени бул чоң долбоор болгон үчүн жаңы келген ар бир өкмөттүн бул ишти жүзөгө ашырууга убактысы жетпей жатат. Долбоордун ишке ашпай жатышынын дагы бир себеби - бул жерде башка да кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Эгер “Коопсуз шаар” ишке ашса, каражаттын баары мамлекеттик бюджетке түшүп, кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө кетпей калат. Бул долбоорду ишке ашыруу бүгүнкү күндүн талабы. Ошон үчүн өкмөттөн буга жогорку деңгээлде колдоо керек. Жакында эле өткөрүлгөн сынакка жогорку бийлик көңүл бурбай Маалымат технологиясы жана байланыш комитети сынакты өз күчү менен жалгыз өткөрдү”, - деди Султанов.

ТУРДУКУЛОВ: “Коопсуз шаар" долбоору өкмөттөгү топтордун өз кызыкчылыгын көздөгөнү үчүн ишке ашпай келет”

Жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, "Коопсуз шаар" долбоору боюнча маселеге президенттин деңгээлинде маани берилиши керек.

“Коопсуз шаар" - биздин өлкө үчүн абдан маанилүү долбоор. Анткени башка шаарларда долбоор ишке ашкандан кийин кылмыштын көрсөткүчү 50-60 пайызга азайган. Ушундай пайдалуу долбоордун 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткандыгынын себеби - бул өкмөттүн мыйзамдуу түрдө, ачык тендер өткөрбөй жаткандыгында. Бул долбоордун ишке ашпай жатышы Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык аренадагы репутациясын төмөндөтүүдө.

"Коопсуз шаарга" Ички иштер министрлиги жооптуу. Бирок алар ар бир министр алмашкан сайын өзүнө туура келген компанияны сүйрөп жатат. Ал эле эмес, өкмөттөгү топтор дагы ар кайсы компанияны түртүп, улак тартыш кылып, өз кызыкчылыктарын көздөгөнү үчүн бул долбоор ишке ашпай жатат. Буга чейин бир нече компания утуп, андан соң шарттары туура келбей калды деген негиз менен долбоор токтотулуп келди. Долбоорго өкмөт башчынын, президенттин деңгээлинде маани берилип, чекит коюлушу керек”, - деди Турдукулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан