КҮНСОБОЛ: Министрликтин айланасындагы чыр - Каденованын кызматтан алынып калганына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн өч алуу аракети эмеспи? (толукталды)

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айланасындагы чырдын аягы көрүнбөй турат. Аталган министрликтеги бул чыр Зууракан Каденова жумуштан алынгандан кийин башталган. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Министрликтин айланасындагы чыр - Каденованын кызматтан алынып калганына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн өч алуу аракети эмеспи?" деген собол салды.

КАРАМУШКИНА: "Социалдык өнүктүрүү министрлигинде тартип орнотуш керек болсо, Лунара Мамытованы министр кылуу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кайсы деңгээлинде коррупция бар экенин айтты.

"Бул министрликте абдан чоң акча каражаттар айланат: пенсиялар, сүйүнчү пулдар, кошумча төлөмдөр. Бул мекеменин бөлүм башчыларынын деңгээлинде коррупция өтө чоң. Бирок бардыгын иштен кетирүү мүмкүн эмес, анткени сөзсүз кимдир бирөөнүн тууганы болуп чыгат же эң эмгекчил жана ишенчээк кызматкерлер жапа чегип калышат. Лунара Мамытова коррупциялык иштер боюнча айтып келген, бирок жашырып коюшчу. Анын АКШда окуганы эч кандай мыйзамга каршы келбейт, бир топ мекемелерде ушундай практика бар. Мен дагы министрликтин эл аралык бала багып алуу боюнча социалдык кызматкерлердин жана министрдин орун басарларынын кылмыштары боюнча маселени көтөргөм, Лунара менин айткандарымды ырастап, факттарды ачыкка чыгарды. Анан эмне болду? Эч ким жазаланган жок, ал эми Лунара ыңгайсыз кызматкер болуп калды. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул мекемеде тартипти орноткусу келсе, Лунара Мамытованы министр кылсын, ошондо ал бардык схемаларды ачыкка чыгарат жана эч нерсе кылбаган чиновниктерди иштен кетирет. Бирок Лунараны кетирүүгө аракеттенишүүдө. Мындай болсо жетекчиликти толугу менен кетирип, бөлүм башчыларын алмаштырыш керек", - деди Карамушкина.

БЕКЕШЕВ: “Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги чырды "өч алуу" деп айтууга болбойт”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, учурда депутаттар, министрлер дипломатиялык паспортторду тиешелүү бөлүмгө алып барышпайт.

“Менин оюмча, "бул жерде өч алуу болуп жатат" деп айтууга болбойт. Андан кийин уланган чырлар боюнча айтсам, дипломатиялык паспорттор боюнча эрежени Башкы прокуратура туура эле айтып жатат. Ал эрежелерди эч ким сактаган жок, паспортту алып барып эч ким кадр бөлүмүнө тапшырбайт. Негизи президенттен тартып, депутат, министрлер иш сапарларынан кийин дипломатиялык паспортту кадр бөлүмүнө бериш керек, азыр эч ким бербейт, эч ким берген эмес. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги дипломатиялык паспорт боюнча маселенин чыгышы Зууракан Каденованын окуясынан кийин болгонун дал келүү деп эле айтса болот. Бул жерде өч алуу деген эч кандай маселе жок”, - деди Бекешев.

БААТЫРБЕКОВ: “Эгер премьер-министр социалдык өнүктүрүү министрин кызматтан алууну чечсе, биз каршы эмеспиз”

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековдун айтымында, өч алууга шылтоо - алсыздыктын белгиси.

“Биринчиден, мамлекеттик кызматтагы адам өзүнүн жүрүм-турумуна маани бериш керек. Бардык иш болуп кеткенден кийин аны өч алууга шылтап коюу - алсыздыктын белгиси. Бул жерде андай өч алуу деген нерсе жок. Болгон фактыны башкага бурмалоо өзү туура эмес. Ар бир мамлекеттик кызматтагы адам кызматта экенин унутпашы керек. Министрдин ордун биздин "Кыргызстан" фракциясы сунуштаган, кадр маселесин чечүү - өкмөт башчынын укугу. Эгер өкмөт башчы министрди кызматтан алууну туура деп чечсе, биз каршы эмеспиз”, - деди Баатырбеков.

ОРОЗОВА: “Каденова өзү менен өзү, анын министрликтеги маселелердин көтөрүлүшүнө эч кандай тиешеси жок”

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозованын айтымында, министрликтеги маселелер Каденова иштен кеткенге чейин эле көтөрүлүп келген.

“Бул жерде эч кандай өч алуу аракети эмес. Себеп дегенде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде болуп жаткан орчундуу маселе буга чейин деле болуп келген. Былтыркы жылы жөлөк пулдар боюнча мыйзамды кабыл алууда, ал мыйзамдын кайра өзгөртүлүп жатканда ар кыл маселелер көтөрүлгөн. Бюджеттен да каражат бекитилген, ошол мыйзамдын аткарылышын депутаттар көзөмөлгө алат, ошол нерседен улам маселелер жаралууда. Негизги маселе мыйзам менен корголгон акчаны булар башка нерсеге колдонду дегенден келип чыгууда. Министрликтеги маселелер 2017-жылы Зууракан Каденованын окуясына чейин эле көтөрүлүп, коомдо ошондо да ушундай талкуу болгон. Каденованы кызматтан алууга Аида Касымалиеванын деле, менин деле эч кандай кызыкчылыгыбыз жок. "Касымалиева айткан чыныгы кемчиликти моюнга алып, караштырып көрөлү" дегенден алыс болуп, чычалап жатышат.

Чынында көйгөй бар, ал көйгөйдү чечүүдөн алыс болуп жатышат. Ошол көйгөйдү көтөргөн адамдар үнү жетпегенде анан депутаттарга кат менен кайрылып, депутат ошол каттын негизинде маселе көтөрүп жатат. Мисалы, мен деле каттардын негизинде маселе көтөрөм. Каденова өзү менен өзү, анын эч кандай тиешеси жок”, - деди Орозова.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги жетекчи аялдардын былыктары Каденовасыз деле ачылмак"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикиринде, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги ызы-чууну министрдин мурдагы орун басары Зууракан Каденовага байланыштыруунун кажети жок.

"Министр Таалайгүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытованын иштери, албетте, туура эмес. Министр болуп туруп, социалдык жактан адамдарды коргоо жаатындагы иш аракеттерди жасагандын ордунда бюджеттеги акчаларды алып тайраңдаганын ким жактырсын. Убагында коңгуроо кагыш керек болчу, унчукпай койсок минтип жүрө берет экенбиз. Аталган эки чиновник туура эмес иштери менен кийинки муундарга жаман мисал көрсөтүшүүдө. Коррупция менен күрөшөбүз деп жатабыз, ал эми министрликте ушундай болуп жатканы өкүнүчтүү. Өнүккөн өлкөлөрдө кайсы бир чиновниктин айыбы ачылса, ал актанып отурбайт, дароо кызматтан кетет. Ошондуктан министр Исакунованын кызматтан кете электигине таң калам. Ал эми Мамытова уялганданбы, бүгүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазыптыр", - дейт Токтонасыров.

ЖУМАЛИЕВА: "Менде да алгач Касымалиеванын Мамытова тууралуу кайрылуусунда жеке кызыкчылык, өч алуу бардай сезилген"

Жарандык активист Акбалык Жумалиева бул маселеде жеке көрө албастык болушу мүмкүн деген пикирде.

“Албетте, бул жерде саясий кызыкчылык болушу мүмкүн. Менде да алгач Касымалиеванын Мамытова тууралуу кайрылуусунда жеке кызыкчылык, өч алуу бардай сезилген. Бирок ал да бул маселени мурдатан иликтеп келгенин айтты. Балким, ал маалыматтардын айтылышына Каденованын чыры шылтоо болгондур. Лунара Мамытовага карата жеке көрө албастык да болушу мүмкүн. Бирок аны да актай албайм. Министрликте канчалаган туура эмес иштер болуптур. Аида Касымалиевага карата ”ушул министрлик сыяктуу башка тармактарды да текшерүүгө алыңыз” деп билдирүү жазайын деп жаткам. Башка министрликтеги ушул сыяктуу окуялардан кабарым бар”, - деди ал.

АЙБЕК МЫРЗА: "Аида Касымалиева министрликтеги мыйзамсыздыктар боюнча көтөргөн маселеде саясий кызыкчылык жок деп ойлойм"

Жарандык активист Айбек Мырза депутаттар башка министрликтердеги мыйзамсыздыктарды дагы көтөрүп чыгышса туура болот деген пикирде.

"Менимче, Аида Касымалиева көтөргөн маселеде саясий кызыкчылык жок деп ойлойм. Анткени бул депутаттардын түздөн-түз милдети. Алар өкмөттү көзөмөлдөп, болуп жаткан мыйзамсыз иштерди коомчулукка алып чыгып, аягына жеткирүүгө тийиш. Касымалиева бир эле ушул министрликтеги эмес, башка мекемелердеги мыйзамсыз иштерди элге жеткирсе жакшы болот. Анткени Башкы прокуратура мыйзамсыздыктарды тастыктады”, - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан