Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитетинин жыйынында айлык акы боюнча депутат Кожобек Рыспаев менен "Кыргыз алтын" ААКсынын башчысы Алмаз Алимбеков кайым айтышты.
"Кыргыз алтын" ААКсынын башкаруучу курамында иштегендердин айлык акысы тууралуу суроого Алимбеков "эмгек акы талкууланбашы керек. Бул коммерциялык, корпоративдик маселе" деп жооп берген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керекпи?" деген собол салды.
РЫСПАЕВ: "Коммерциялык сыр деп эле акча ала беришкени туурабы?"
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев бюджеттен айлык алгандар тууралуу маалымат ачык болушу керек деген пикирде.
"Биз жыйында "Кыргыз алтын" ААКсынын төрагасынан канча айлык аларын сурадык, бирок ал айткан жок. "Кумтөр" компаниясынын директорлор кеңешинде бар. Ошол жерден 4 миң доллар айлык алам деди. Бул бир эле "Кыргыз алтын" ишканасынын төрагасынын айлыгы да. Андан тышкары "Кумтөр оперейтинг компаниде" эки кеңешчи бар. Алардын айлыгы тууралуу кийинки жыйында тастыктап алабыз. Андан тышкары, Centerra Gold компаниясындагы директорлор кеңешиндеги 3 Кыргыз өкүлүнүн айлыгы 10 миң доллардан кем эмес экен. Ар бир алтын кенинде директордун орун басарлары айлык алып турушат. Мамлекеттик ишкана болсо, мамлекеттин үлүшү болсо коммерциялык сыр болбошу керек. Сыр деп эле акча ала беришкени туурабы?" - деди депутат.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Жарандын эмгек акысы канча экенин талап кылган туура эмес"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров билдиргендей, бюджеттен айлык алгандардын баары ачыкка чыксын деген аша чапкандык.
“Жарандын эмгек акысы канча экени боюнча кимдин кандай иши бар? Бул жеке адамдын ишине кийлигишүү болуп эсептелет. Бюджеттен айлык алгандардын баары ачыкка чыксын деген аша чапкандык. Бюджеттен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керек дегенди колдобойм. Ал эми башка булактарын декларация тапшырганда жашырганы туура эмес”, - дейт Токтонасыров.
ИСМАИЛОВА: "Күч түзүмдөрүнөн башка мамлекеттик кызматта иштегендердин айлык акысы ачык болушу керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова мамлекеттин үлүшү бар ишканалар да айлык акы тууралуу маалыматты ачык көрсөтүшү керек деген пикирин айтты.
"Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы ачык болушу керек деп ойлойм. Бирок бизде күч түзүмдөрүндө кызматтык керектөөлөр үчүн бериле турган каражат, ИИМге кайсы берене боюнча иш алып барууга бөлүнүп жатканы сыр болушу мүмкүн. Башка мамлекеттик кызматта иштегендердин айлык акысы тууралуу маалымат ачык көрсөтүлүшү керек. "Кыргыз алтындын" акционерлеринин 26 пайызы - Кыргыз өкмөтү. Ошондуктан бул нерсе коммерциялык сыр болгону туура эмес. "Кыргыз алтын" "Мегаком" жана башка мекемелер сыяктуу эле Кыргыз мамлекети үчүн иш кылып жатат. Алар күч органдары эмес. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчилеринин айлыгы дагы көп экени айтылып келет. Кайсы мамлекеттик кызматта иштегендер канча айлык алганы боюнча портал ачып же башка жол менен маалымат берилгени туура", - деди Исмаилова.
ТУРДУКУЛОВ: "Мамлекеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы ачык болушу керек"
Жарандык активист Адил Турдукулов мамлекеттик бюджеттен айлык алган чиновниктердин айлыгы көмүскөдө эмес, ачык болушу шарт экенин айтты.
“Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керек. Анткени алардын айлыгы деле орто айлыктан ашып кетпейт. Ошондуктан коомчулукка маалым болушу абзел. Жогорку Кеңештин депутаттары чиновниктердин айлык акысын сурап, анын ачыктыгын талап кылышат. Анткени мамлекеттик ишканада иштегендер айлык акы боюнча маалыматты жаап-жашырбай эле ачык жооп бериши керек”, - деди Турдукулов.
АЛТЫБАЕВА: "Айлык акыны жаап-жашыруу мүмкүн эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жакын арада чиновниктердин байлыгы текшерилип башталарын айтты.
“Мамлекеттик бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы боюнча ачык маалымат берүү керек. Мисалы, Жогорку Кеңештин расмий сайтында депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин айлык акысы тууралуу маалыматтар бар. Жакын арада чиновниктердин байлыгын текшерген декларациялык кампания ишин баштайт. Ал эми Мамлекеттик кадр кызматы ошол чиновниктер тапшырган декларациясын ачык жарыялайт. Ошондуктан эч кандай айлыкты жашырып айтпай коюуга болбойт. Себеби коомчулукка отчёт катары айлык маяна ачык болушу зарыл”, - деди Алтыбаева.
МАМАШОВА: "Мамлекеттин эсебинен каалаган суммада айлык алып отургандар бар, ким канча алганы жарыяланса жакшы болот эле"
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы ачык болгондо элдин ишеними жогору болот деген пикирин айтты.
"Бюджет биринчи кезекте биздин жарандарыбыз төлөгөн салыктан чогулат. Ошондуктан бюджеттен айлык алгандар жөнүндө маалымат ачык болсо туура болот. Кээ бир мекемелер өздөрү акча табышат эмеспи. Аны айлыкка кошуп төлөп берсе болот. Негизи маалыматтын ачык болгону - жоопкерчиликтин бир түрү. Коомчулук сиздин канча айлык аларыңызды билсе, элдин ишеними ошончолук жогору болот. "Мегакомдун" мурунку директорунун айлык акысы көп болчу. Азыр сегиз эсеге азайып, бир топ эле аз айлык алып жатышканы айтылды. Бирок баарында эле эрк жок. Мамлекеттин эсебинен каалаган суммада айлык алып отургандар бар. Ошондуктан ким, канча эмгек акы алганы жарыяланса жакшы болот эле", - деди Мамашова.