22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу маселелер мезгил-мезгили менен көтөрүлүп турат жана алар коомчулуктун талкуу чордонун жаратат. Чек ара боюнча маселелер талуу жана алардын чечилиши көп убакытты алары, эки тараптын дыкат мамилесин талап кылары да белгилүү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыздын кайсы президентинин тушунда чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар болгон?" деген собол салды.
ТУРСУНБЕКОВ: "Акыркы жылдарда Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселесин чечүү аракеттер болуп жатат
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков белгилегендей, чек ара маселеси өтө маанилүү болуп эсептелет.
"Эгемендүүлүк алган күндөн тарта чек ара маселеси күн тартибинде келе жатат. Тилекке каршы, мындай көйгөйлөр коштолууда. Ар бир президенттин тушунда чек ара маселеси элдин толкундоосуна алып келген. Акыркы 9 жылдан бери чек арага байланыштуу Кыргыз мамлекетинин эли чоң маселе көтөрүп толкундаган жок. Бирок чек арадагы көйгөйлөр токтободу. Анткени маселе чечиле элек. Акыркы жылдарда Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселесин чечүү аракеттери болуп жатат'', - деди Турсунбеков.
МАДУМАРОВ: "Чек ара маселеси кайсы учурда эң жаман, начар чечилген деп суроо салса туура болот"
Саясатчы Адахан Мадумаров бул талаш суроо экенин айтты.
"Тескерисинче, чек ара маселеси кайсы учурда эң жаман, начар чечилген деп суроо салса туура болот. Эгемендүүлүктү алганда Өзбекстанда, Казакстанда абдан сабаттуу, тажрыйбалуу кишилер келип калып, ошол мезгилде бизге зыян келе турган маселелер чечилип калган. Анда колубузда турган оокаттарды алдырып жиберген учурлар болгон. Ушул мезгилге чейин чечилген чек ара маселеси Кытай, Казакстан менен болгон. Бардык чекит Аскар Акаевдин убагында коюлган. Азыр сабатсыздар келип, көпчүлүк учурларда чек ара маселеси көтөрүлсө эле Мадумаров деп айтып жатышат. Курманбек Бакиевдин убагында бир дагы чек ара маселеси чечилген жок. 2001-жылдын декабрь айында Казакстан менен чек аранын соңку чекити коюлган. Кийин өзгөртүү, түзөтүүлөр киргизилген, бул башка маселе. Тажикстан менен келишимге кол коюла элек. Чек араны делимитациялоо, демаркациялоо аталган өлкө менен жана Өзбекстан менен дагы боло элек. Азыр такыр чечилбеген чек ара маселеси ушул эки мамлекет менен болуп жатат", - деди Мадумаров.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Бир дагы президенттин тушунда бул маселе чечилген жок"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин айтымында, чек ара маселеси кайсы бир президенттин тушунда чечилген болсо, бүгүнкү күндөгүдөй көйгөйлөр жаралбайт болчу.
"Чек ара маселесин бир дагы президент жакшы чече алган жок. Эгерде бул маселе чечилген болсо бүгүнкү күндөгүдөй чек ара көйгөйлөрү чыкпайт болчу. Бардыгы ордунда болсо, кантип ушундай көйгөйлөр жаралмак эле?" - деди Чолпонбаев.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Чек ара маселеси боюнча эң оор сүйлөшүүлөр Акаевдин убагында Кытай менен болгон"
Экс-депутат Равшан Жээнбеков билдиргендей, ал бардык президенттердин убагындагы чек ара маселелери боюнча кыйынчылыктарды, чатактарды байкап, көрүп келе жатат.
"Чек ара маселеси боюнча эң оор сүйлөшүүлөр Аскар Акаевдин убагында Кытай менен болгон. Көпкө созулган сүйлөшүүлөр, өкмөттөгү, парламенттеги, саясаттагы каршылыктар, ар кандай татаал процесстер менен араң чечилген. Анда оор убакытты өткөргөнбүз. Курманбек Бакиевдин убагында мындай оор маселелер көп талкууланган жок. Алмазбек Атамбаевдин убагында Кыргыз-Өзбек чек арасы чечилүүгө келди. Бирок жалпысынан айтыш керек, бардык эле президенттердин тушунда чек ара маселелери оор болот. Анда ар бир улут "биз утулуп жатабыз" деп ойлойт. Ошондуктан бул маселеге абайлап мамиле кылуу зарыл. Көйгөй сүйлөшүүлөр менен чечилиши шарт. Азыркыдай болуп коомдун кайсы бир бөлүгүнүн, саясатчылардын, көйгөйдү түшүнбөгөн адамдардын чек ара маселесин көтөрүп, талкуулап коомдук пикирди жараткан аракеттери болбош керек. Чек ара маселеси бир гана мамлекеттик кызматкерлердин, сүйлөшүүчүлөрдүн жана дипломаттардын иши болушу зарыл", - дейт Равшан Жээнбеков.
МАМЫТОВ: "Чек ара маселесин чечүүдө президент, премьер, спикер, депутаттардын деле тиешеси жок. Өкмөттөр аралык комиссиянын иш алып баруусу тууралуу айтуу керек"
Акыйкатчы Токон Мамытов бул президент кыйын, тиги ажо начар деп айткан туура эмес деген пикирде.
"Тажикстан менен 511 чакырым такталды деп айтып жатпайбызбы. Бул сүйлөшүү 2002-жылы башталган. Ал жак тоолуу, талаш-тартышы жок, эл барбаган жер. 511 чакырымды талашы жок бат эле 1 жылда тактап койгонбуз. Бул маселеге өкмөттүн, парламенттин, президенттин деле тиешеси жок. Өкмөттөр аралык комиссия коңшу мамлекет менен сүйлөшүп эле тактап койгон.
Ачыгын айтканда, чек ара маселесине президент, премьер-министр, спикер, депутаттардын деле тиешеси жок. Бул жерде бул президент кыйын, тиги ажо начар деп айткан туура эмес. Ушундай нерсе көп нерсени бузуп жатат. Мындай болбош керек. Кайсы өкмөттөр аралык комиссия иш алып бара албаганын айтуу шарт. 2016-2017-2018-жылдары өкмөттөр аралык комиссия чек ара маселесин чечүүнү алдыга алып кете алган эмес", - дейт Токон Мамытов.
ИСАКОВ: "Улам-улам чыңалууну пайда кылып, ары же бери чечпей койбой радикалдуу чечимдерди кабыл алыш керек"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков учурда бардык иштерди токтотуп, биринчи кезекте чек ара маселелерин чечүү керектигин айтат.
"Чынын айтсам эч бир президенттин убагында чек арага байланыштуу көрүнүктүү иш аткарылган жок. Алмазбек Атамбаевдин маалында 85 пайызга чек ара маселелери чечилди деп айтылат, бирок Шамалды-Сай жакта Өзбекстан бир тараптуу кылып тосуп алган. Мындай жерлер көп, бул нерсени көргөн сайын зээниң кейийт. Азыркы учурда биринчи кезекке чек ара маселесин коюу керек. Кайсы президент болсо дагы болгон аракетин жумшап, башка иштердин баарын токтотуп туруп ушул маселени чечиши керек.
Улам-улам чыңалууну пайда кылып, ары же бери чечпей койбой радикалдуу чечимдерди кабыл алышы керек. Радикалдуу чечим дегеним алмаша турган жерлерди алмашып, көчүрө тургандарды көчүрүп ушул маселени чечүү зарыл. Мамилени бузуп алабыз дегенден коркпой, бизге маанилүү маселени кароо керек. Өзбекстан, Тажикстанга аябай ыңгайлуу болуп жатат. Себеби бизде жетекчилер улам алмашып, саясий туруксуздуктун айынан тез-тез жылышып, жерлерибизди ээлеп жатат. Ошол себептен алар бул маселени чечүүгө кызыкдар эмес. Тилекке каршы, учурда оппозиция, пропозиция деп бөлүнүп, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой ич ара тиреш менен эле алек болуп жатабыз", - дейт Исаков.
КУЛОВ: "Чек ара маселеси көп жылдан бери чечилбей келүүдө, бирок ага объективдүү себептер бар"
Экс-депутат Феликс Кулов бул маселеге эл аралык укуктарды билген кесипкөй адистер керектигин айтат.
"Бул маселе көп жылдан бери чечилбей келүүдө, бирок ага объективдүү себептер бар. Совет доорунда ушундай көп маселелер калган. Бул жагында бир эл, экинчи жагында башка эл жашап жатканда маселе өтө татаал. Бул бир күндө чечиле турчу маселе эмес, анын чечилишине акырындык менен баруу керек. Себеби айланасында дагы башка көйгөлөрү бар. Ошол эле суу, электр энергиясы, жер маселеси. Мындан сырткары саясий факторлорду, тарыхты да эске алып, ошол жерге барып элдин оюн угуу керек. Мындай айтканда, бардык жагдайларды карап чыгуу зарыл.
Бул маселени чечүүдө жөнөкөй эл эмес, эл аралык укуктарды билген кесипкөй адистер керек. Ар бир метр жерди дыкаттык менен изилдеп чыгуу абзел. Анан диванда отуруп алып кандай болорун айтуу туура эмес.
Менимче, кандайдыр бир бааны берүү азыр туура эмес, ага убакыт керек, мунун баары дагы 10-15 жылдан кийин билинет. Алсак, Атамбаевдин убагында президенттик-парламенттик республика болду, Акаев, Бакиевдикинде президенттик башкаруу болгон. Буларды дагы эске алыш абзел. Бул маселени чечүү үчүн аброй, акча керек", - дейт экс-депутат.
ИМАНАЛИЕВ: "Чек ара маселеси өтө олуттуу маселе. 1 метрден ката кетсе эле эл туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн"
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бул маселени кароодо тактык керектигин жана диванда отуруп алып аны талкулоо туура эмес деген пикирде.
"Чек ара маселесин диванда отуруп алып айтуу жана талкуулоо кыйын. Анда көп маселе бар, себеби 4-5 миң чакырымга жакын чек ара бар. Ар бир өлкө менен өз-өзүнчө чечилген, аны жатка эч ким билбейт. Бул маселени талкуулоодо канчасы Кыргыз өлкөсүнүн, канчасы коңшу мамлекеттин пайдасына чечилгенин кароо керек. 1 метрден ката кетсе эл туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. Себеби айрым чек ара маселелери 10 жыл, кээ бирлеринде 20 жылга чейин чечилбей жүргөн. Ошон үчүн бул олуттуу маселе", - дейт Иманалиев.