Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деп чыккан. Ошондой эле пикирди экс-президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы КСДПнын съездинде айтканы маалым болгон. Жээнбековдун туугандарынын жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеши үй-бүлөлүк башкарууга алып келери коомчулукта айтылып жүрөт.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын деген талаптын коюлганына 1 жыл болду. Жээнбеков мандатты тапшырган жок. Бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесине ишеним жарата алдыбы?" деген собол салды.
МИСКЕНБАЕВ: “Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу орноп, авторитардык режимге кадам таштадык”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевдин айтымында, азыркы бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесине ишеним жарата алган жок.
“2018-жылы биз айткан сөздөр чын чыкканын элдин баары көрдү. Ошол сөздү айткан “Айкөл-Ала-Тоо” коомун күчкө салып, рейдерлик жол менен басып алууга аракет кылып жатышат. Президенттик аппарат бузукулук иштерди кылып жатат. Азыр президенттин иниси, кудасы, күйөө балдары гений болуп бийликте отурушат. Үй-бүлөлүк, кландык, криминалдык башкаруу орноду. Бакиевдин заманы келди. Эми авторитардык режимге кадам таштадык”, - дейт Мискенбаев.
МОЛДАЛИЕВ: “Эгемендик алгандан бери үй-бүлөнүн бийликке келгендеги маселеси көп жылдан бери эле уланууда”
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев эгерде кимдир бирөө президент болсо, анын туугандары бийлик бутагына дайындалбашы керек деген нерсе киргизиш керек болуп калды дейт.
"Асылбек Жээнбеков ал учурда спикер болчу. Ал агасы Сооронбай Жээнбеков тууралуу: “эгер агам премьер-министр болсо спикерликти тапшырып берем” дегенде эл ыраазы болгон. Бирок ал өзүнүн эле депутаттык ордунда калып калды. Юристтер деле бул жагдай боюнча эч кандай пикирин билдиришкен жок. Мыйзам жагынан мыйзам бузуу болбогону менен бул маселенин моралдык жагы да бар. Айрым эксперттер кийин айтып чыгышты “агам президент болгондугуна байланышуу депутаттык мандатымды тапшырып, кийинки депутатка өткөрүп берем деп Асылбек Жээнбеков кетип калса туура болмок” деп. Эгемендик алгандан бери үй-бүлөнүн, бир туугандардын бийликке келгендеги маселеси көп жылдан бери уланууда. Аскар Акаевдин убагында агасынын балдары кайсы бир кызматка коюлуп калды, кийинки кезде балдыздары, бир туугандары кызматка коюлду деп ызы-чуу болгон. Бул нерседен кутулабыз деп бийликке Бакиевдер келди. Курманбек Бакиев бийликке келерде “мен бийликке келсем, эч бир тууганымды жолотпойм” деп көп кайталады. Алгач сөзүнө туруп, 2-3 ай жолоткон жок, анан эле “уулум өтө жөндөмдүү, бизнесте шыгы бар, студент кезинде эле ишкердик кылчу” деп чыкты. Акырындык менен тууган-уругунун баары бийликке келди. Мындай бийликтен арылалы деп кийин Алмазбек Атамбаев да чыкты, ал эми чынын айтканда туугандарын алып келген жок. Бирок өзүнүн тегерегиндеги адамдарды бийликке алып келип койду деп күнөөлөнүүдө. Ал эми сиздер көтөргөн маселеге келип калдык, бул нерсеге чекит коюу керек. Эгерде кимдир бирөө президент болсо, анын туугандары 3 бийлик бутагына дайындалбашы керек деген нерсе киргизиш керек болуп калды. Мындай учурда “алардын укугу тебеленип жатат” дегендер да чыгып жатат. Ушул сыяктуу талаш-тартыш жаралбаш үчүн коомдо бир чечимге келүү керек. Сот көз карандысыз боло элек, демократия бутуна тура элек, мындан улам бүгүнкү күндө бийлиги менен пайдаланып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт", - дейт Молдалиев.
ЖОРОЕВ: "Асылбек Жээнбеков бийликке аралашып жатат деген сөздөр айтылып, далил көбөйө берсе бул президенттин аброюна өтө чоң сокку болот"
Саясат таануучу Эмилбек Жороевдин айтымында бийлик үй-бүлөлүк башкаруу жолуна түшүүсү мүмкүн деген коркунуч бар.
"Албетте, эки суроо эки башка.Биринчисине Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деп ким айтты? Эгер Мээрбек Мискенбаев айтты дей турган болсок, анда ага окшогон талаптар күн сайын эле бардык саясатчыларга айтылып турат. Алардын баарын аткарганда бизде саясат болбой калат. Экинчи жагы үй-бүлөлүк башкаруудан арыла алабызбы, азыркы бийлик андай жолго түштүбү же түшкөн жокпу деген суроого менимче коркунуч бар. Сооронбай Жээнбековдун президент болуп келгенине бир жылдан ашты. Асылбек Жээнбеков бийликке аралашып жатат деген сөздөр бар, булар уланып, далил көбөйө берсе президенттин аброюна өтө чоң сокку болот. Муну президент да, иниси да дыкат ойлонуп, түшүнүшү керек. Азыр үй-бүлөлүк башкаруу барбы же жокпу дегенге менде жооп жок", - деди Жороев.
КАЗАКБАЕВ: "Атамбаев көз карашын азыр үй-бүлөлүк бийлик башкарууда деп билдирип келе жатат"
Саясий серепчи Марат Казакбаев толугу менен үй-бүлөлүк башкаруу болот деп айтуу кыйын деген пикирин айтты.
"Аскар Акаев, Курманбек Бакиев менен салыштырсак азыркы абал үй-бүлөлүк башкарууга окшобойт. Асылбек Жээнбеков мурун эле депутат, төрага болуп келгенин билебиз, аны Алмазбек Атамбаев өзү колдогон. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбековду саясатка алып келди деп айта албайбыз. Атамбаев көз карашын азыр үй-бүлөлүк бийлик башкарып жатат деп билдирип жатат. Мен буга макул эмесмин. Кудасы депутат болуп иштейт, бирок буга тоскоолдук кыла албайбыз. Мындан ары кандай болору белгисиз, толугу менен үй-бүлөлүк башкаруу болот деп айтуу кыйын", - деди Казакбаев.
КЫЛЫЧОВ: “КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү шайланып жатканда Асылбек Жээнбеков кийлигишкени байкалып калды”
Жарандык активист Алга Кылычов башында Асылбек Жээнбеков бийликке аралашпайт экен деп ойлогонун айтты.
“Агасы президенттикке келгенге чейин депутат болчу. Ал ачык айтканда партия, демократия үчүн жакшы иштерди жасады. Бирок бүгүнкү күндө Мискенбаевдин бир жыл мурун айткан сөзүнө кошулууга туура келет. Бир эле мисал келтирсек, Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсүн шайлап жатканда анын кийлигишип, басым жасаганы байкалып калды. Тарыхыбызда бир туугандар, кудалар бийликке аралашканы жаман тенденция экенин көрдүк”, - дейт Кылычов.
КЕЛДИБАЕВ: “Асылбек Жээнбеков агасы президент болгондон кийин терс пикирлер жаралбасын деп мандатын тапшырса туура болмок”
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Асылбек Жээнбеков агасы президент болгонго чейин депутат болгонун белгиледи.
“Мыйзам боюнча, аны мандатын тапшырсын деп мажбурлаганга эч кимдин укугу жок. Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деген саясий топтордун талабы. КСДПнын мүчөлөрү эгерде Сооронбай Жээнбековду президенттикке сунуш кылсак, Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырууга макул болгон деп айтып жатышат. Бирок бул оозеки түрдөгү келишим болуш керек. Мыйзам чегинде андай келишим болбогондон кийин мандатынан ажыратыш кыйын. Асылбек Жээнбеков агасы президент болгондон кийин терс пикирлер жаралбасын деп мандатын тапшырса туура болмок. Бирок чоң даражалуу кызматка жеткенде мындай нерселерге кыргыздар барбайт. Асылбек Жээнбеков андай кадамдарга барбайт”, - дейт Келдибаев.