11-октябрда Ашхабад шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү ойлонуу керектигин айтты. Бирдиктүү финансылык рынок түзүлө турган жагдайда жарандар жана компаниялар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты жогорулайт, финансылык тармактын эффективдүүлүгү өсүп, атаандаштык да өнүгөт.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Путин КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү сунуштады. Европалык союздун үлгүсү постсоветтик өлкөлөрдө ишке ашуусу реалдуубу?" деген собол салды.
ЖАПАРОВ: "Сунуштун ишке ашуусу реалдуу"
Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жооп берип, бул реалдуу сунуш экенин айтты.
"Абдан реалдуу сунуш. Бирдиктүү экономикалык аймак түзүп жаткандан кийин бирдиктүү финансылык рынок болушу толук ыктымал. Бул жерде ар бир өлкөнүн саясий гана амбициялары болбосо, экономикалык жактан биригип бири-бирибиз менен соода кылып жатканда өзүнчө бир валюта киргизсек болот. Бардык өлкөлөр рублдын базасында жасайлы дегенге каршы болсо керек. Евронун моделинде валюта ойлоп чыксак болот. Алтын деген сөздү киргизсек туура. Анткени орустарга, бизге да түшүнүктүү сөз", - дейт Акылбек Жапаров.
МАСАЛИЕВ: "Путиндин талабындагыдай КМШга бирдиктүү финансылык рынок түзүлсө жаман болмок эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев КМШ өлкөлөрүнүн арасында бирдиктүү финансылык рынок түзүлүүсүнө каршы эмес. Бирок эл өкүлү биринчи кезекте мамлекетке пайда бере турган кызыкчылык болушу керек экенин айтты.
"Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги СССР тарагандан кийин түзүлгөн. Кагаз жүзүндө парламенттик кызматташуу, мамлекеттердин ортолорунда кызматташуу бар. Эгерде Путиндин талабындагыдай финансылык рынок түзүлсө жаман болмок эмес. Бул деле кызматташуунун бир түрү же багыттарына кирет. Ошондуктан бул сыяктуу аракеттер жасала бериши керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо аны аткарып көрүш керек. Бирок аны аткаруу дагы бир топ түйшүктү талап кылат, оңой иш эмес. Биз бул жолдорго кызматташуу менен гана бара алабыз. Өзүбүздүн рыногубуз, экономикабыз өлкөбүздү бага албайт. Ошондуктан ЕвроАзиялык бирикме, КМШ багыттарындагы аракеттерди жасай беришибиз натыйжалуу болуп эсептелинет. Анткени бизде андан башка мүмкүнчүлүк жок. Бирок ошондой кыйын болгон күндө дагы биринчи кезекке өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды койгонубуз маанилүү. КМШ өлкөлөрүнө кирип жатып өз моюнубузга айрым бир милдеттерди алганбыз. Мындан улам биз шериктеш өлкөлөр болгондон кийин мамилебизди ошондой кармашыбыз керек", - деди Масалиев.
ТУРСУНБЕКОВ: "Путиндин КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүү боюнча сунушу жакшы идея"
Депутат Чыныбай Турсунбеков бул сунуш жакшы идея экенин айтты.
"Бирдиктүү акча маселелерин дагы карасак болот. Бирок анын механизмин иштеп чыгуу өтө чоң иш. Ар бир мамлекеттин кызыкчылыгын эске алып, ишке ашыруу үчүн кыйла убакыт керек болот. Жакынкы күндөрү ишке ашпайт", - дейт ЧыныбайТурсунбеков.
АРАПБАЕВ: "КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынокту эч тоскоолдуксуз түзсө болот"
Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев бирдиктүү финансылык рынокту түзүү өлкөнүн келечеги үчүн жакшы кадам деген ойдо.
"Бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келе жатат. Эгер Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаса, демек буга негиз бар. Кыргыз өлкөсү Орусиянын сап башында турган соода өнөгү экендиги талашсыз. Негизи эле ЕАЭБге кирген мамлекеттер бири-бирине экономикалык, финансылык жана башка маанилүү багыттар боюнча стратегиялык өнөктөштөрдүн биримдигин түзөрү белгилүү. Демек, бирдиктүү финансылык рынокту эч тоскоолдуксуз жаратса болот. Постсоветтик өлкөлөр мындай келишимди кабыл алса, баалуу кагаздар рыногунда бирдиктүү валюта киргизсе болот. Кыргыз өлкөсү үчүн соода-экономикалык багыттагы жаңы эшиктер ачылат", - деди ал.
АЛТЫБАЕВА: "Бирдиктүү финансылык рынок түзүүдө ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынышы керек"
Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бирдиктүү финансылык рынок түзүүдө ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынышы керек деген пикирин айтты.
"Евразиялык экономикалык биримдик түзүлгөндөн бери мындай сунуштар ар кандай булактардан байма-бай айтылып келет. Учурда Орусиянын эмгек рыногунун басымдуу бөлүгүн биздин мекендештер түзөрүн билебиз. Ошондуктан мындай сунуштун келечекте ишке ашуусу реалдуу деп ойлойм. Жеке мен, ЕАЭБге кирүү маселеси каралып жатканда биздин өлкөдөн барган эмгек мигранттарына шарт түзүлүшүнө басым жасагам. Бирдиктүү финансылык рынок түзүү алдында ар бир мамлекет экономикалык жана финансылык анализ жүргүзүүсү керек. Тагыраак айтканда, чечимди терең аналитиканын негизинде гана кабыл алуубуз шарт. Албетте, Орусиянын президентинин айткандары бул жөн гана сунуш. Эгер мамлекеттик кызыкчылык болбосо, анда мындай сунуштардан баш тартуу керек", - деди Алтыбаева.
ЖАМАЛДИНОВ: "Менин оюмча КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынокту түзүүнүн кереги деле жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүү сунушунун ишке ашышы кыйын деген пикирде.
"КМШ өлкөлөрүнүн бардыгы ЕАЭБге толук кирген жок да. Мындан улам аталган сунуштун ишке ашышы оор. Менин оюмча , бирдиктүү финансылык рынокту түзүүнүн кереги деле жок. ЕАЭБге кирдик, ал деле жакшы ишке ашпай жатат. Бирдиктүү финансылык рынокту түзүү маселеси деле ошондой болуп калат", - дейт Жамалдинов.
БЕКЕШЕВ: "Кыргыз өлкөсү КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынокко кирүүсүнө али эрте"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргыз өлкөсү КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынокко кирүүсүнө али эрте деп эсептейт.
"Бирдиктүү рынокту түзөбүз деген ой мурун эле болгон. Ал гана эмес келечекте бир эле акча бирдигине өтөбүз, бул Европа өлкөлөрүндө боло турган нерсе экенин айтышкан. Бирок чындыгында, азырынча бул боюнча бир нерсе айтуу кыйын. Анткени Кыргыз өлкөсү бул нерсеге учурда даяр эмес. Ачыгын айтканда, азыр КМШ өлкөлөрүн Орусия, Казакстан кармап турат. Келечекте башка президент болуп калса, мүмкүн Орусияда ой башка болуп калышы мүмкүн. Алар союз керек эмес десе, балким бирдиктүү союз жок болуп калышы мүмкүн", - деди Бекешев.
САБИРОВ: "КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүү маселесин ар бир мамлекет өзү карап көрүшү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров сунушту ар бир өлкө мамлекеттик деңгээлде чечиши керектигин айтты.
"Ар бир мамлекеттин өзүнүн эгемендүүлүгү бар. Ошого жараша өлкөлөрдө бул мамлекеттик деңгээлде чечилет деп ойлойм. Сунуш түштү. Эми ар бир мамлекет өзү карап көрүшү керек", - дейт Сабиров.