КҮНСОБОЛ: Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышын Конституциялык палата мыйзамдуу деп тапты. Конституциялык палата тарыхый чечим жасай алдыбы?

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алган. КСДП Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышы, депутаттык комиссиянын түзүлүшүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн Конституциялык палатага кайрылган. Бул кайрылуу боюнча Конституциялык палатада карап, Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышын мыйзамдуу деп тапты.

SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышын Конституциялык палата мыйзамдуу деп тапты. Конституциялык палата тарыхый чечим жасай алдыбы?" деген собол салды.

АРТЫКОВ: "Конституциялык палата мыйзам артка иштей берет деген чечим кабыл алды"

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков Конституциялык палатанын чечими канааттандырган жок деген пикирин айтты.

"Тырмакчанын ичинде айтканда, Конституциялык палатанын чечими тарыхый болду. Конституциялык палата мыйзам артка иштей берет деген чечим кабыл алды. Бул туура эмес. Мыйзам Жогорку Кеңеште талкууланганда оюбузду айтканбыз. Мен мыйзамга каршы деп добуш бергем", - дейт Анвар Артыков.

ТАЛГАРБЕКОВ: "Катардагы эле чечим чыкты"

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков тарыхый чечим деп айтууга болбой турганын билдирди. "Бул катардагы эле чечим, мыйзам боюнча кабыл алынды. Аны тарыхый деп баалоонун кереги жок. Туура эле чечим чыкты. Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алынып жатканда абдан талкууланган. Менин билишимче, жарым жылдай талкуулап келишип анан кабыл алышкан. Ал жерде күчтүү юристтер бар. Конституцияга туура келеби деп баары учурунда эле изилденген. Менин оюмча, Атамбаевдин тарапташтарынын Конституциялык палатага кайрылышканы саясий кадам болгон. Өздөрү деле юридикалык жактан утуларын түшүнүп турушкан чыгар. Алар туура эмес болуп жатат деп элдин пикирин бурганга аракет кылышты. Конституциялык палата мындай чечим чыгара турганын билишкен", - дейт Талгарбеков.

АКАЕВ: "Конституциялык палатанын чечими мыйзамсыз болду"

Депутат Жанар Акаев Конституциялык палатанын чечими мыйзамсыз болду деген ойдо. "Негизи мен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогондорго да, каршы болгондорго да кошулбайм. Учурда нейтралдуу позициядамын. Бир нече беренелер боюнча кылмыш иши каралып жатат. Эми анын баарын сот чечет. Ал эми Конституциялык палата Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу мыйзамдуу болдубу деген иштин үстүндө сот процессин өткөрдү. Жеке пикиримде, Конституциялык палатанын чечими мыйзамсыз болду. Себеби Атамбаевдин тарапташтарынын келтирген жүйөсүндө кол тийбестикти жокко чыгарган мыйзамга кирген өзгөрүүлөр, Конституцияга каршы келери айтылган. Алардын жүйөсү эске алынган жок", - деди Акаев.

МАСАЛИЕВ: "Конституциялык палатага коюлган суроо башынан туура эмес болгон"

Депутат Исхак Масалиев Конституциялык палата мыйзам чегинде, бирок баарыбыз күткөндөй эле чечим чыгарганын айтты. "Баарыбызга маалым болгондой, быйыл июнь айында "Кыргыз өлкөсүнүн президентинин ишмердигинин кепилдиги" жөнүндө мыйзамга өзгөртүү кирген. Эми Конституциялык палата ошол мыйзамдын алкагында иш алып барды. Жактоочулар билет, бул жакта негизи эле палатага коюлган суроо туура эмес болгон. Сот процессинде ар бир суроонун түзүлүшү чоң мааниге ээ. Мурдагы өлкө башчынын макамын ажыратуу мыйзамдуубу же жокпу деген суроонун негизинде иш жүрдү. Албетте, жактоочулар кыйшык суроого, кыйшык жооп алышат да. Андан тышкары, алар экс- президенттин макамын жокко чыгарган мыйзамга кирген өзгөрүүлөр боюнча да кайрылышкан. Палата Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышын Конституцияга каршы келбейт деп тапты. Берилген суроого жараша, мыйзам чегендеги чечим чыкты деп ойлойм. Болбосо тарапташтар башка өңүттөгү аргумент менен кайрылганда, балким чечим такыр башкача болмок", - деди Масалиев.

ТУРДУКУЛОВ: "Конституциялык палатанын чечими акыйкатсыз болду"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов Конституциялык палата мыйзамсыз чечим чыгарганын айтты. "Кыргыз мамлекетинин жаңы тарыхындагы эң көйгөйлүү маселе бул сот системинин көз каранды эместиги болуп саналат. Сот толук бойдон президенттик аппараттын буйруктарын аткарууда. Ошондуктан Кыргыз мамлекетине сырткы инвесторлор келбей жатат. Эл, элита дагы мыйзамды сыйлабай жатканы сотко барып такалат. Ошол соттук системдин ичинде көз карандысыз орган болуп буга чейин Конституциялык палата болуп эсептелинген. Конституциялык палата көз карандысыз, акыйкат чечим чыгарат деген үмүт бар болчу. Бирок судья Эркинбек Мамыровду соттук коллегиянын курамынан чыгарып, буга чейин Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеп келген Конституциялык палатанын жетекчисин курамга калтырып койгону бул кош стандарттуулуктун белгиси. Мындан улам Конституциялык палата укуктук эмес, саясий чечим чыгарары белгилүү болгон. Чечим акыйкатсыз жана мыйзамсыз болду. Мыйзамсыз чечим чыгарганы үчүн Конституциялык палатанын өкүлдөрүнүн баары келечекте жоопко тартылат. Эгерде судья акыйкатсыз чечим чыгарса, Башкы прокуратура мыйзам чегинде жоопко тартууга бүт мүмкүнчүлүктөрү мыйзамда жазылган", - дейт Турдукулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан