КҮНСОБОЛ: Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндиги кайсы президенттин тушунда эркин болду?

7-ноябрь - Кыргыз Республикасында Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнү коомдо Кыргыз журналистикасынын абалы, сөз эркиндиги, журналисттердин укуктары маселеси талкууланат. Кыргыз өлкөсү эгемендүүк алгандан бери сөз эркиндиги ар бир президенттин тушунда ар кандай сыноолорго кабылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндиги кайсы президенттин тушунда эркин болду?" деген собол салды.

ЖАКУПОВА: "Азыркы бийликтин саясий атаандаштарынын укуктары корголбой жатат"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын айтымында, сот бийлиги натыйжалуу иштесе, сөз эркиндиги жана адам укуктары корголот.

"Башында жаңы бийлик элдин көбүрөөк колдоосуна жана туруктуулукка муктаж болгондо, укук коргоо уюмдары жана массалык маалымат каражаттары менен мамиле түзүүгө аракеттенет. Мындай мезгил 2 жылдай созулат. Бирок кийин президенттер ар кызматка өз адамдарын дайындайт, бийлигин бекемдейт, андан соң сөз эркиндигине кысым кылып баштайт. Президент Атамбаев дагы ушундай кылган. Бийликке жаңы келгенде ал жарандык коом менен мамиле түзүп, “жарым жыл мени катуу сынга албагылачы” деп суранган. Бакиев дагы жаңы президент болгондо оппозиционерлер жана укук коргоочулар менен болгон жолугушууларынын баарын КТРК аркылуу түз эфирде ачык көрсөткөн. Акаев реформатор, демократ болуп келген. Бардыгы жакшы иш жасап келет, бирок бир нече убактан кийин айткан убадаларын унутат.

Биз азыр Жээнбеков мындай абалга жеткен учурга жете элекпиз, бирок сот системинде өзгөрүүлөрдү көрө элекпиз. Сот бийлиги натыйжалуу иштесе, сөз эркиндиги жана адам укуктары корголот. Сот бийлиги саясатташып начар иштесе, баш ийген абалда болсо, саясий тапшырмаларды аткарса, анда эч кандай эркиндик болбойт жана коррупция менен күрөшүү жүрбөйт. Соттук системде кыйраткан өзгөрүүлөрдү көрбөй жатам. Көптөгөн тартип бузуулар менен кабыл алынган адилетсиз чечимдер кайра каралбай жатат. Азыркы бийликтин саясий атаандаштарынын процессуалдык укуктары корголбой жатат", - деди Жакупова.

АКИМОВ: “Сөз эркиндиги Аскар Акаев башкарган баштапкы жылдарда болгон”

Журналист Турат Акимовдун айтымында, сөз эркиндиги Кыргыз мамлекетинде терең болбосо да үстүртөдөн колдонулуп келет.

Аскар Акаевдин тушунда, тагыраагы, 2000-жылга чейин сөз эркиндигинде маселе жаралган жок, баары өз орду менен болуп келди. Ал өзү жарандык коом менен иштешип, сөз эркиндигинде эч кандай кысым, бут тосуу болгон жок. 2000-жылдан кийин саясатта Феликс Кулов чыкты, Бекназаровго байланышкан Аксы окуясы болду. Саясаттагы өзгөрүүлөр сөз эркиндигине таасир этти, цензура кирди.

2005-жылы Курманбек Бакиев президенттикке келди, бул адам деле сөз эркиндигине ачык бут тосуу кылган жок. Анын баласы Максим Бакиев бир топ иштерди жасады, атайын катчылык түзүп, бул тармакты катуу көзөмөлдөдү. Айта кетсек, "Вечерний Бишкек" басылмасын тартып алуулар, азыркы "5-каналды" талашуулар болду.

Роза Отунбаева бийликте кыска убакытка болду. Бул адам өзү бейөкмөт уюмдар менен аябай жакын иштешти, жоопкерчиликтен качуу максатында ар бир мекемеге коомдук кеңештерди түзүп салды.

Алмазбек Атамбаевдин тушундагы сөз эркиндигин айта турган болсок, ал журналисттер менен ачык эле эрегишүүгө өтүп алды. Ар бир жерде сүйлөгөнүндө аларды айыптоого өттү. Аны уккан алдындагылар ушундай иштеш керек турбайбы деп, аларды кысып баштады.

Сөз эркиндигине болгон мамиле кайсы мезгилде калыс болду дегенде Акаевдин баштапкы башкаруу жылдарын белгилесек болот.

Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндиги, журналистика болбосо, өлкө Кокон хандыгына айланып кетет. Өлкө, бийлик бир адамдын колуна өтүп кетет. Бейөкмөт уюмдар деле сөз эркиндиги менен аягына чейин күрөшө албайт. Алар сырттан каржылангандыктан, ал каражаттарынан салык төлөтүп койсо, алар деле кача баштайт. Бүгүн журналистика - өлкөдөгү калыстык үчүн күрөшө ала турган бирден бир орган. Биз сөз эркиндиги дегендин өзүн терең түшүнүп алышыбыз керек. Баарын жаза берсе, сөз эркиндиги болбойт. Саясий өлчөм, саясатта гана сөз эркиндиги жөнүндө маселе жаралат. Бизде сөз эркиндиги тууралуу да норма калыптанган эмес, мактап жаза берсең, баары өз орду менен кетет, чындыкты жазсаң, тоскоолдуктар болот. Жакшыны көрө албайт, начар адам деп отуруп коомдон сени сүрүп чыгарууга аракет кылышат. Муну мен өз тажрыйбамдан көргөн адам катары айтып жатам.

Учурдагы абалды айтсак, "Апрель" каналынан башка сын айткан эч ким жок. Баары эле үстүртөн иштөөдө. Негизи эле Кыргыз өлкөсүндө сөз эркиндиги терең эмес, үстүртөдөн иш алып барабыз”, - деди Акимов.

АЙЫП: “Чиновниктер мыйзамсыз иштерин жашыруу үчүн сөз эркиндигине кысым көрсөтүшөт”

Журналист Нарын Айыптын пикиринде, мурунку президенттердин ичинен сөз эркиндигине карата болуп көрбөгөндөй катуу кысым Курманбек Бакиевдин тушунда болгон.

Аскар Акаев президент болуп турган биринчи жылдары же 1993-жылга чейин Кыргыз өлкөсүндө сөз эркиндиги бар болчу. Ошол убакта жаңы гезиттер чыгып жаткан. Сөз эркиндигине болгон кысым 1993-жылы “Свободные горы” гезитинин жабылышы менен башталган. Анда аталган гезитке Аскар Акаевге карата сын макала жарыяланган. Эң кызыгы, “Свободные горы” Жогорку Кеңешке караштуу болчу, ага карабай Жогорку Кеңеш гезитти коргой алган эмес. Андан кийин Чынара Жакыпова “Политика” деген гезитти ачкан. Бирок аны ошол кездеги юстиция министри болуп турган Мукар Чолпонбаев өзү буйрук чыгарып эле жаап салган. Ага удаа “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыковага карата иш козголуп, сот аны журналистика менен алектенүүгө тыюу салган чечим чыгарган. Ага карабай Сыдыкова ишин уланта бергенде мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов аны кайра сотко берип, сот залынан Сыдыкованын колуна кишен салынып, камакка алынган. Кийинки кезек “Асаба” гезитине жеткен. Ошентип сөз эркиндигине карата кысым улана берген.

Курманбек Бакиевдин жылдарында сөз эркиндигине карата катуу кысым болгон. Журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүп салышкан, ал эми Григорий Михайловду өлкөдөн кууп чыгарышкан. Мындан башка көптөгөн журналисттерге куугунтуктоолор болуп турган.

Роза Отунбаеванын учурунда сөз эркиндигине карата кысым болгон жок. Алмазбек Атамбаев бийликке келген биринчи жылдары “мына азыр эч ким өлтүрүлгөн жок, баары жакшы” деп кыйкырып турган. Бирок анын бул айткандары алдамчылык болгон. Атамбаев деле мурдагы президенттердин жолуна түшүп, журналисттерге миллиондогон сомдук айып пулдарды салып, бир катар журналисттердин үйүн да тартып алам дегенге чейин барды.

Азыркы президент сөз эркиндигине карата эч кандай кысым көрсөтө элек. Мындан ары кандай болорун эми көрөбүз. Бийликтин сөз эркиндигине карата кысымы чиновниктер аралашкан коррупциялык иштердин ачыкталып кетпешине байланыштуу”, - деди Нарын Айып.

КАСЫБЕКОВ: “Айрым журналисттер кимдир бирөөгө кошомат кылган же атайын каралаган маалымат таратканы үчүн куугунтукка кабылат”

Журналист Үсөн Касыбековдун пикиринде, чындык үчүн күрөш болгон жерде сөз эркиндигин коргоо улана берет.

“Мен бардык президенттердин тушунда журналист болуп эмгектендим. Жалпы жонунан алганда, өлкөдө сөз эркиндиги бар. Бирок бардык президенттердин тушунда сөз эркиндигине карата кысым болуп келген. Бир катар журналисттер куугунтуктоолорго кабылышкан. Өзгөчө Курманбек Бакиевдин убагында сөз эркиндигине карата кысым катуу болгон. Роза Отунбаева болсо бир жыл иштеп, сөз эркиндигин кысымга алууга жетишкен жок. Атамбаев деле бир катар журналисттерди сотко берген.

Бирок чындык үчүн күрөш токтобогондой эле, сөз эркиндигине болгон күрөш да кандай шарт болсо улана берет. Ошол эле маалда сөз эркиндигине журналисттер өздөрү да сөз тийгизип алган учурлар болот. Айрым журналисттер кимдир бирөөгө кошомат кылган же кимдир бирөөнү атайын каралаган маалымат таратканы үчүн куугунтукка кабылат. Бүгүнкү күндө сөз эркиндигинин абалы жакшы эле. Мындан кийинки абал кандай болору белгисиз”, - деди Касыбеков.

КАНАЗАРОВ: “Кете турган бийликтин чыдамы азайып, сөздү көтөрө албай калат окшойт”

Журналист Султан Каназаров ар бир президент башкаруусунун акыркы мезгилинде журналисттерге карата туура эмес мамиле жасай баштаганын айтты.

"Журналистика үчүн татаал мезгил Аскар Акаевдин башкаруусунун акыркы мезгилинде, тагырагы, 2000-2005-жылдары болду. Ошол кезде Замира Сыдыкова деген журналист соттолуп, Нарын Айып кыйын абалга туш болгон. Бир топ журналисттер катуу кысымга калган. Курманбек Бакиевдин мезгили да татаал болду. Айрыкча 2007-2010-жылдары жалпыга маалымдоо каражаттары жабылып, оор учур болгон. Кийин Алмазбек Атамбаевдин акыркы жылдары журналисттер үчүн оор болду. Ал журналист жазган эмгекке эмес, анын өзүнө асылып, сындай баштаган эле. Негизи эле кете турган бийликтин чыдамы азайып, сөздү көтөрө албай калат окшойт”, - деди Каназаров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан