Бүгүн, 12-апрелде 8:00гө карата Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда абанын булганышы нормасынан дээрлик 3 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Чыгыш-5 кичи районунда учурдагы көрсөткүч - 71 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 22). Бул нормага ылайык көрсөткүчтөн 2,84 эсеге жогору. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Көк-Жар кичи району - 28 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 22).
Кайназарова-Абдраев көчөлөрүнүн кесилиши - 20 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 23).
7-кичи район - 12 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 20).
"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.