КҮНСОБОЛ: УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга алып барбайбы?

Буга чейин маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чалгындоо иштерин жүргүзүүдө почтаны окуу, сүйлөшүүлөрдү угуу жана биометрикалык маалыматтарды алуу сыяктуу ыйгарым укуктарды кеңейтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Бул мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү. УКМКнын бул сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирди жаратып жаткан мезгили.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барбайбы?" деген собол салды.

БЕКЕШЕВ: "УКМК ашыкча ыйгарым укуктарды алса жарандардын укуктары бузулат"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев УКМКнын чалгындоо кызматы кайсы бир ыйгарым укуктарды соттун чечими менен алышы керек деген пикирин айтты.

"Биз укуктуу мамлекетпиз. Ошого мындай ыйгарым укуктарды Конституция боюнча соттун чечими менен алышы зарыл. Ашыкча укуктарды ала алышпайт. Эң негизгиси Конституция, алар ошол боюнча иштеши керек. Жөн эле барып укуктарды алабыз дегени туура эмес. Бирөө кылмыш аракеттерди жасаган болсо, соттун чечимин алып текшере беришсин. Ашыкча ыйгарым укуктарды алышса жарандардын укуктары бузулат. Биздин сүйлөшүүлөрүбүздү дагы уга турган программалары бар", - деди депутат.

РЫСАЛИЕВ: "Атайын кызматтар мыйзамдын негизинде ишин аткарышса адам укуктарын чектөө болбойт"

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев атайын кызматтар чалгындоо ишин жүргүзүүдө, кийин деле укуктарды соттун чечими менен жүргүзүшөт деген пикирде.

"Булар атайын кызматтар эмеспи. Алар кайсы бир иш-аракеттерди жасаганда, маалыматтары болсо ошондой укуктарды алып ишин аткарышат. Мындай нерсе туура же туура эмес деп айтуунун өзү туура эмес. Ыйгарым укуктарды алуу үчүн сотко кайрылып, алууга негиздерди көрсөтүшөт. Азыр да, кийин да соттун чечими менен болот. Мыйзамдын негизинде ишин аткарышса адам укуктарын чектөө болбойт", - деди депутат.

ТУРДУКУЛОВ: “Бул демилге Конституциянын негиздерине карама-каршы келет”

Жарандык активист Адил Турдукулов бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып бара турганын баары эле айтып жатканын белгиледи.

"Мен бул адам укуктарын бузууга жана жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барат деген ойго кошулам. Мындай демилге адам укуктарына жана Конституциянын негиздерине карама-каршы келет. Буга бир гана жарандык коом эмес, парламент дагы каршы турушу керек. Эгерде бүт эле функцияларды аларга берип койсок, биздин үстүбүздөн көзөмөл жүргүзгөнгө жол ачып берүү болуп калат", - дейт Турдукулов.

КАРАСАРТОВА: “УКМКнын мындай уруксат сурап жатканы жөнөкөй жарандар, ишкерлер жана саясатчылар үчүн чоң коркунуч”

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтуусунда, УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатканы адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барат.

“Бүгүнкү күндө биздин бийлик коопсуздукту сактай турган бөлүмгө коррупция менен күрөшүүнү да берип койгон. Эгерде УКМК сунуштап жаткан бул мыйзам долбоору кабыл алынса, коррупцияга катыштыгы бар деген жүйө менен бизнестерди тартып ала башташат. Ошондой эле бийликке каршы көз караштагы саясатчылар күнөөлүү болбосо дагы кандайдыр бир кылмыш иштерине катыштыгы бар деп айыптоого өтүшөт. Ошондуктан УКМКга мындай уруксат бербеш керек. Учурда УКМК Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кабыл алып берет деп үмүт артышууда. Анткени аталган органдан парламент, аткаруу бийлик жана соттор дагы коркот. Себеби алар бардык бийлик бутактарынын үстүнөн коркутуп алышкан. Бул эртеңки күнү жөнөкөй жарандар, ишкерлер жана саясатчылар үчүн залакасы тие турган чоң коркунуч”, - деди Карасартова.

ТОКТАКУНОВА: "УКМКнын жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга эмне үчүн сот тарабынан уруксат алгысы келбей жатканы чоң суроону жаратат"

Юрист Таалайгүл Токтакунова УКМКнын бул сунушу адам укуктарын бузууга жана эркиндигин чектөөгө алып барат деген пикирде.

"Конституцияда ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук дагы башка жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет деп көрсөтүлгөн. Азыркы күндө УКМК мыйзам чегинде, негиз болсо сотко кайрылып каалаган маалыматтарды алууда жарандын сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат алып жатат. Мындай абалда УКМКнын болобу, жарандардын болобу укугу чектелбейт, анткени сот аркылуу болуп жатат жана Конституциянын нормасы бузулган жок. Ал эми аталган органдын азыркы кайрылуусу адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө түздөн-түз алып барат. УКМК эмне үчүн сот тарабынан алгысы келбей жатканы бул чоң суроону жаратат", - деди Токтакунова.

ТОКТОНАСЫРОВ: “Таасирдүү иш-аракеттер менен УКМКнын сунушуна каршы чыгышыбыз керек”

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров УКМКнын сунушу туура эмес деген пикирде.

“Бул репрессия убагындагыдай көрүнүш. УКМКнын сунушу колдоо тапса, биз коомдо жашаганыбыз менен тордун ичинде калып калган куш сыяктуу болобуз. Бардык тараптан көзөмөлгө алып турган коомдо жашап туруп, абакта отургандай чектелип калабыз. Кыргыз мамлекетинин жарандары унчукпай койбой же социалдык түйүндө ыйлактап отура бербей тезден коңгуроо кагышыбыз керек. Бул кооптуу көрүнүш. Таасирдүү иш-аракеттер менен УКМКнын сунушуна каршы чыгышыбыз керек”, - дейт Токтонасыров.

МОЛДАЛИЕВ: “УКМКнын учурдагы сунушу саясий максатта колдонулбайбы деген суроону жаратат"

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев мамлекеттин коопсуздугун камсыздап берсе жаман эмес, ал эми саясий максатта колдонулбашы керек деп айтты.

“Албетте, бул нерсе адам укуктарын чектейт. Эгерде кылмышка шектүү адам болсо, УКМК соттун чечими менен ал укуктардан пайдаланса, анда жакшы нерсе. Мыйзам чегинде жасайлы деп жатканы жакшы жөрөлгө, себеби жашыруун деле жасоого мүмкүнчүлүктөрү бар да.

Бирок анын механизмдерин кароо керек, бул маселелерге тактоолорду киргизип, коомдук талкуудан өтүшү зарыл. Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары боюнча декларацияга ылайык, мамлекеттин же жеке адамдардын коопсуздугуна коркунуч туудура турган учурларда адамдардын укугун чектөөгө болот деген жери бар. Бул жерде чын эле ушундай болуп жатабы деген суроо туулат. Сот тарабынан уруксат, козголгон кылмыш иши болушу керек. Мисалы, эгер бирөө террористтик актыга даярданып жатса, аны билүү үчүн ушундай иштерди жасаса болот.

Мунун адам укугунан башка саясий максаттарда колдонулбайбы деген экинчи жагы да бар. Акыркы жылдагы камакка алынгандарды карап чыксак, көбү эле телефондогу сүйлөшүүлөрдүн негизинде кармалгандар. Алар “бийликти төңкөргөнү жатыптыр”, “аракет болуп жатыптыр” деген күнөөлөөлөрдүн негизинде камалган. Ошондо телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү тыңшоого ким санкция берди? Бул нерсени сураштырсаңар, тактасаңар деп айрым депутаттарга да кайрылдым эле, бирок ошол бойдон калды. Мамлекеттин коопсуздугун камсыздап берсе жаман эмес. Бирок саясий максатта колдонулбасын”, - дейт Молдалиев.

ОШУРАХУНОВА: “УКМКнын учурдагы сунушу ар бир адамды аңдып, куугунтук жасай алуусуна шарт түзөт”

Укук коргоочу Динара Ошурахунова УКМК ыйгарым укуктарын кеңейтип алып, аны саясий куугунтуктар үчүн пайдаланабы деген да ой келерин белгиледи.

“УКМКнын азыркы сунушу биздин Баш мыйзамга каршы келет, анткени андагы 16-20-22-29-33-беренелерде кандай мыйзам кабыл алынбасын Конституцияга каршы келбеш керектиги көрсөтүлгөн. Адамдардын укугун, эркиндигин чектебеш керектиги да бар. УКМК бул сунуш аркылуу кантип улуттук коопсуздуктун кепилдигин көбөйтө турганын бизге түшүндүрүп беришсин. Тилекке каршы, азыр биз алардан мындай маалыматты көрбөй жатабыз.
Биздин тынчсызданганыбыз УКМК акыркы жылдары саясий куугунтуктарды жасады, ошол эле Белизгейт, ошол эле парламенттеги депутаттарга, саясатчыларга, анын ичинде Өмүрбек Бабановду конкреттүү далил жок туруп маалыматтык манипуляция менен куугунтуктап жатат. Муну укук коргоочулар, саясатчылар билип турушат.
Бул комитет саясатчылардын, укук коргоочулардын, активисттердин сүйлөшүүлөрүн угат, артынан аңдыйт, ошонун негизинде каралап жүрөт. Алардын аңдыганы мыйзамсыз болгону үчүн гана ачык иштей албай жатышат. Эгерде мен барып силер аңдып жатасыңар десем, жок мыйзамда андай жок, антпейбиз дейт. Ансыз да бизде жеке маалыматты сактоо көйгөйү дагы деле кепилдене элек.
Эгерде ушул сунуш кабыл алынса, анда алар ар бир адамды аңдып, куугунтуктай ала турган шарт түзүлөт. Бул демилге кабыл алына турган болсо, биринчиден, УКМКнын жаранга каршы ишин көзөмөлдөгөн орган түзүү керек же парламентте аны көзөмөлдөгөн өзүнчө комитет түзүлүшү керек, антпесе ал монстр болуп кетет.
Мындан тышкары УКМК бул ыйгарым укуктарды саясий куугунтук үчүн, жарандык активисттердин, бийликке каршы сөз сүйлөгөндөрдүн оозун жабуу үчүн пайдаланабы деген чоң суроо жаралат. Биз көп саясатчыларга көрсөтүлгөн куугунтукту көрдүк, баарын түшүнүп жатканыбыз үчүн алардын колун мындан да узартканга каршыбыз. Биз УКМКга ишенбей калдык да. Мындан улам Жогорку Кеңеш сунушту унчукпай эле кабыл албашы керек, коомдун талкуусуна коюлуп, аны текшерген механизмдер болобу деген маселени карап, андан кийин гана сунушун карап чыкса болот”, - деди Ошурахунова.

АЙТИКЕЕВ: “УКМКга жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк берилсе, бийликке жакпаган адамга оңой эле кылмыш ишин илип коюшат”

Журналист Мирбек Айтикеев УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатканы аша чапкандык экенин белгиледи.

“УКМК сунуштаган бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса жарандардын сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктары үчүн коркунуч жаралат. Сунушталып жаткан мыйзамы жок эле аталган комитет жарандарды тыңшап келет. Азыркы демилгеси Баш мыйзамга каршы келе турган иш. Ага карабай сүйлөшүүлөрдү тыңшап, жеке каттарды окуп турушат. Буга оппозицияда жүргөн жарандардын сүйлөшүүлөрү ЖМКларына жарыяланып кеткени далил.

Эгерде биометрикалык маалыматтарды алганга мүмкүнчүлүк берилсе, алар бийликке каршы болуп жүргөн жарандын моюнуна кандайдыр бир кылмышты жасады деп, кылмыш ишин илип койгонго шарт түзүлөт. Анткени биометрикалык маалыматка адамдын беш манжасы тең берилген. Ал эми бул мыйзамдын кабыл алынуусуна Жогорку Кеңештин депутаттары каршы тура албайт. Ал үчүн эрктүү, өз оюн айта алган жана артында маселеси жок болгон адамдар парламентке келиши керек. Бүгүнкү күндөгү парламенттин абалы баарына белгилүү. Алар бийликтин сунушун 100 пайыз кол көтөрүп, кабыл алып беришүүдө. Ошондуктан эркиндикти сүйгөн жарандар бул мыйзамдын кабыл алынуусуна каршы чыгып, жол бербешибиз зарыл. Тынчтык акцияларын өткөрүү аркылуу каршы турушубуз керек”, - деди Айтикеев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан