Арстан Алайдын "Мен Кудаймын" деген сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Бишкек ШИИББи Арстан Алайдын мындай билдирүүсү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Учурда териштирүү иштеринде диний жана лингвистикалык эки экспертиза дайындалды. Коомчулук бул окуяны чоң талкууга алып, Ички иштер министрлигинин бул кадамын сынга алышууда.
SUPER.KG порталы "Арстан Алайдын "Кудаймын" деген билдирүүсү боюнча ИИМ кылмыш ишин ачып, экспертиза жүргүзүп баштады. ИИМдин кыларга башка иши жокпу?" деген собол салды.
МОМБЕКОВ: "Арстан Алайдын айткан сөздөрүндө кылмыштын курамы жок"
Депутат Рыскелди Момбеков Арстан Алайдын айткан сөздөрүндө кылмыштын курамы жок деген ойдо. "Арстан Алайдын билдирүүсү боюнча "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылыптыр. Менин пикиримде, ага карата кылмыш ишин ачууга негиз жок эле. Анын иш аракеттеринен эч ким жабыркаган жок. Мамлекет чыгым тарткан жок. "Кудаймын" деген сөзү үчүн эле ИИМ чара көрүүгө укугу бар беле? Министрлик саясатташып бараткандай. Анан экспертиза дайындашыптыр. Бизде экспертиза жасай турчу орган жок да. Эгер ал экспертизаны жүргүзө алган адам табылса, анда анын сертификаты жок болуп жатпайбы. Андыктан бул нерсени ашыкча саясатташтырып жиберүүдөн алыс болушубуз керек. Кылмыш-жаза кодекси боюнча Арстан Алайдын иш аракеттеринде кылмыштын курамы жок" , - деди Момбеков.
ОРМОНОВ: "Арстан Алайга кылмыш ишин козгобой, анын ден соолугун текшерүү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов көрүнгөн киши көчөгө чыгып "Мен Кудаймын" деп айтканы туура эмес экенин айтты.
"Көрүнгөн киши көчөгө чыгып, "Мен Кудаймын" дей берсе эмне болот? Бирөө "Мен Кудаймын, силерге Кудай болуп келдим" десе эле этегине барып сыйынышыбыз керекпи? Ошондуктан ага кылмыш ишин козгобой, ден соолугун текшерүү керек", - дейт Ормонов.
КАРАШЕВ: "Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бардыгы мыйзам чегинде болушу керек деген оюн айтты.
"Эмне болуп кеткенде дагы бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Мыйзам астында бардык жарандар бирдей. Эгерде Арстан Алайдын билдирүүсүндө мыйзам бузулган болсо, ал сөзсүз түрдө жооп бериши керек. Мыйзам бузулбаган болсо, анда укук коргоо органдарынын чара көрүшүнө жол берилбеши керек", - дейт Карашев.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Арстан Алайдын билдирүүсүнө карата кылмыш ишин козгоо ката жана туура эмес чечим"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Арстан Алайдын "Мен Кудаймын" деген билдирүүсү эч кимге зыян алып келбегенин айтты.
"Бардык убактарда өзүн "Кудаймын", "Пайгамбармын" деп жарыялаган адамдарды дин өкүлдөрү, мамлекет өкүлдөрү жазалап келишкен. Мисалы, мурунку заманда деле ушундай адамдарга өзгөчө мамиле болгон. Сөз эркиндигин, адамдардын укугун баалай турган мамлекет болсок, анда Арстан Алайга окшогон өзүн-өзү "Кудаймын" деп жарыялаган адамдарды жазалабашыбыз керек. Анткени алардын антип жарыялаганынан эч кимге зыян болгон жок. Ал эч кимге жамандык кылган жок. Ал өзүнүн көз карашын айтып жатат. Ал "Кудаймын", "Пайгамбармын" же "президентмин" деп жарыяласа болот. Бул анын укугу. Анын жарыялоосу боюнча ИИМдин, мамлекеттин куугунтук уюштуруп, кылмыш ишин козгоп жатканы биздин мамлекеттин туура эмес жолго түшкөндүгүнүн, авторитардык жолду тандап алып жатканын далили болуп эсептелет. Менин оюмча, бул ката жана туура эмес чечим. Бийлик акылына келип, туура эмес чечиминен баш тартат деп ойлойм", - дейт Жээнбеков.
ТУРДУКУЛОВ: "Бул өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөрдөн элди алаксытуу аракети"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов ИИМдин кыларга иши жоктой көрүнүп жатат деген пикирде. "Кыргыз мамлекетинде Арстан Алайдан тышкары көптөгөн экстремисттик, улуттук коопсуздукка кедерги тийгизе турган күчтөр көп. Алар Арстан Алайга окшоп ачык кандайдыр бир нерселерди айтпай, элди мамлекетке каршы тымызын үгүттөйт. Борбор Азияда халифат түзүү аракеттери бар. Буга тышкы күчтөр да кызыкдар.
Арстан Алайга каршы күрөш Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан көйгөйлөрдөн элди алаксытуу аракети. Арстан Алай буга чейин деле мындай нерселерди айтып келген. Бирок анда көңүл бурулган эмес. Азыр болсо ал жана анын тарапташтары бийликке карата терс пикирин айтканда гана реакция болду. Арстан Алайдын "Мен Кудаймын" деген сөзүнө эмес, анын саясий чакырык жасап жатканына карата коркутуу болуп жатат. Бул коркутуу ага эле эмес, бийликке башка дагы күчтөр сын-пикир айтпасын деген маанайда ушундай күрөш жүрүүдө", - дейт Турдукулов.
КАРАСАРТОВА: "Бул маселенин артында чоң саясий оюндар бар окшойт"
Укук коргоочу Рита Карасартова ИИМдин кыларга башка иши жок болушу керек деген пикирин билдирди.
"Негизи бул маселенин артында чоң саясий оюндар бар окшойт. Арстан Алайдын билдирүүсү боюнча кылмыш ишин козгоо бүгүнкү күндө диндер ортосундагы кастыкты жаратып жатат. Социалдык тармактарда пикир келишпестиктер болууда. Бул туура эмес нерсе. Биз буга көз салабыз. Азчылык, бийлиги жок жакка жардам бергенге аракет кылабыз. Бүгүнкү күндө бардык күчтү жакшы багытка биригип жумшагандын ордуна, болбогон жерден көйгөйдү жаратуу менен алек болгон туура эмес. ИИМдин чын эле башка кыларга иши жок окшойт", - дейт Карасартова.