Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен “Эти Бакыр” түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өттү. Анда жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышты. Буга чейин деле өлкөнүн аймагындагы кендерде чет өлкөлүк компаниялардын иштешине каршы нааразычылык акциялары уюштурулуп келген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийлик кен казуу тармагында кандай катачылыктарды кетирүүдө?" деген собол салды.
МАМЫТОВ: "Кендерге байланыштуу нааразычылыктардын баары өлкөдө инвестициялык климаттын начар экенинен кабар берет"
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов кендерге байланыштуу чыр-чатактардан улам эл бийликке ишенбей калганын айтат.
"Кумтөр" кенине байланыштуу окуялардан кийин эл кен казуу ишканаларына, бийликке ишенбей калды. Кен иштеткен компаниялар алтынды казып алгандан кийин зыяндуу заттар, калдык калат. Ошол жагын элге, экологияга зыяны тийбей тургандай кылып камсыздашы керек. Кенге байланыштуу биринчи мыйзамдуу жактарын кароо керек. Компаниялар мыйзамдын талаптарына ылайык иш алып барышса, анда жакшы иштешине шарт түзүп берип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Жалпысынан кендерге байланыштуу нараазычылыктар өлкөдөгү инвестициялык климат жакшы эмес экенинен кабар берет", - деди Мамытов.
АТТОКУРОВ: "Крим чөйрөдөгү адамдар жергиликтүү бийликке келип, кен казуучу компанияларды күч менен тоногонго аракет кылат"
Экономикалык маселелер боюнча эксперт Азамат Аттокуров өлкөбүзгө кен казуу үчүн келген компаниялардын көмүскөдө иш алып барышканына токтолуп өттү.
"Азыр кендердин баарында тең көмүскөдө иштеген компаниялар бар. Дүйнөлүк биржада ачык соода кылган "Центеррага" окшогон кен казуучу компаниялар жокко эсе. Ошол себептен кендерди казуу боюнча тендер жарыялаганда компанияны тандоону сөзсүз түрдө жергиликтүү калк менен кошо өткөрүш керек. Жергиликтүү калктын кызыкчылыгы - экологияны сактоо жана жумуш орундарын түзүү.
Экинчиден, кен казган аймактардагы айылдык кеңештерге крим чөйрөдөгү адамдар дагы кирет. Эң бай саналган айыл өкмөтүндөбү, айылдык кеңештеби мыйзам бузган адамдар жүрөт. Алар күч колдонуу аркылуу жергиликтүү бийликке келип, кен казуучу компанияларды тоногонго аракет кылат. Мындайлар бир гана мамлекетте эмес, жергиликтүү бийликте да көйгөйлөрдү жаратат. Ошондуктан маселелер эки тараптуу чечилиши керек. Көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү калкты чакыруу зарыл", - деди Аттокуров.
МАМЫТКАНОВ: "Бакиевдин убагында алтынды издеп, ишкерлик жүргүзгөнгө уруксат берилген. Эл муну билбейт"
Коомдук ишмер Максат Мамыткановдун айтымында, борбордук бийлик менен жергиликтүү бийлик элге мыйзамдардын негизинде берилген укуктары жөнүндө маалыматты жеткирбейт.
"Мисалы, 2008-жылы Курманбек Бакиевдин убагында өкмөт токтом кабыл алган, ал токтомдо жергиликтүү бийлик мыйзамдын чегинде ошол жерде жашаган адамдарга алтынды издеп, ишкерлик жүргүзгөнгө уруксат берген болчу. Ушул мыйзам жөнүндө Чаткалдын тургундары гана эмес, бүт кыргыз эли билеби? Жок, билбейт! Эгер билсе, алтын кендерди аукциондон саттырбай эле, өздөрү мамлекеттин уруксаты менен алтынды өндүрүп пайда алмак болчу. Ошол алтынды "Кыргызалтынга" жана башка алтынды сатып алууга уруксаты бар мекемелерге сатып жакырчылыктан чыгар эле.
2015-жылы бул өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген, бирок азыркы убакытка чейин бул маселе боюнча маалыматты жалпы элге эч ким таратып түшүндүрүп берген эмес. Ошон үчүн эл өзүнүн укуктары жөнүндө дагы эле эч нерсе билбейт. Буга ким күнөөлүү? Бийлик өзү күнөөлүү.
Мына быйыл 26-ноябрда Шавкат Мирзийоев Өзбекстанда жаңы мыйзамга кол коюп, ошого ылайык, эми алтынды жеке ишкерлерге патент системи менен жөнөкөйлөштүрүп иштетүүгө уруксат берилди. Бизде болсо 2008-жылы кабыл алынган өкмөттүн токтомдору жөнүндө 10 жылдан бери эч ким билбейт. Бул кандай мамлекеттик башкаруу? Ошон үчүн эл менен тыгыз маалымат алмашуу зарыл. Элге берилген мүмкүнчүлүктөрүн камсыздап бериши керек. Ошондо гана эл нааразы болбойт, иш менен алек болот. Мамлекетке салык түрүндө пайда, ал эми эл өз мээнети менен өзүн багып, жумуш орундары пайда болот", - деди Мамытканов.
МУКАНБЕТОВ: "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамда коррупциянын өнүгүшүнө жол бере турган эки пункт бар”
Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын мүчөсү Картайбек Муканбетов нааразычылыктар болбошу үчүн сунуштарын буга чейин айтып келгенин белгиледи.
"Жер казынасы жөнүндө" мыйзамда коррупциянын өнүгүшүнө жол бере турган эки пункт бар. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап келебиз. Лицензиянын экинчи, үчүнчүсүн, колго уруксат берилгенин алып салуу керек. Кээ бир фирма өздөрү кенди иштете албай, экинчи бирөөгө сатып жатат. Лицензия берген жобону өзгөртүш керек. Лицензия берүү эки этап менен берилиши керек. Биринчиси, сынактан жеңүүчүнү аныктоо зарыл. Лицензия алган жак долбоорун даярдоосу шарт. Долбоор экологиялык, экономикалык, техникалык бардык экспертизадан өтүшү керек. Макулдашууну жергиликтүү элге тааныштырып, кен кандай болуп казылат жана башка маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүрүшү абзел. Тааныштыруу, түшүндүрүү иштери жүрбөй эле кендерди казып кирсе, элдин кыжыры келет да.
Ушундайдын айынан шылуундар пайда болду. “Элди токтотом” деп фирмадан акча сурайт. Аларга макул болуп акча берсе, экинчиси “акча бербесең, элди көтөрөм” деп келишет. Экологияга зыяны барбы же жокпу, айтор, элдин башын айландырган катмар пайда болду”, - деди Муканбетов.
РЫСКУЛОВ: "Кен боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүздө эл бизге бата берчү"
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскуловдун пикиринде, кен иштетүүчү компания тууралуу элге маалымат берилиш керек.
"Жергиликтүү тургундардын көбү түшүнбөй жатат: компания келгенде кандай иштерди кылат, кандай технология болот? Ошон үчүн элге чыгып, маалымат берилиши зарыл. Буга чейин деле кендерге байланыштуу митингдер болуп келген, бирок биз элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бата алчубуз", - деди Рыскулов.
МАМБЕТОВ: “Тоо-кен тармагындагы коррупция тууралуу президентке жазганбыз, ал дале үн катпай жатат”
Экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетов өлкө аймагындагы кендердин чет өлкөлүк компанияларга коррупциялык схема менен берилгенин айтып президентке кайрылышканын айтат.
“Бийлик түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы менен биргеликте Чаткалдагы Терек-Сай кен иштетүүчү ишканасын түзүп, анын 75 пайызын түркиялык компанияга бергенин эмнеге элден жашырган? Бул кен тобуна Терек, Терек-Кан, Ашуу тилкелериндеги алтын бар аймактар кирет. Түрк компаниясы 100 миң тонналык кенди иштете турган фабрика куруп, алтынды флотацион кошулмасы катары өлкөдөн алып чыгат.
Бийликтегилер 2006-жылы ушундай жол менен Талды-Булак кенин өздөштүрүп, "иштетүү үчүн" деп казакстандык компанияга ишкананын 60 пайызын берип коюшкан. Жети жылдан кийин ал компания өз үлүшүн кытайлык компанияга 76 миллион долларга саткан. Кытайлык компания кошулма деген өңүттө алтынды өлкөдөн алып чыгып бүткөнү калды. Эгер бийлик көрсөтүлгөн эки мисалда коррупциялык жол менен кендерди чет өлкөлүк компанияга берип койгон болсо, алар өлкөдөгү 39 кенди да сатканга жетишкен. Биз бир нече ирет президент Сооронбай Жээнбековго жазганбыз. Эмне үчүн ал дале болсо үн катпай, мындай маалыматтарга реакция жасабайт? Же ага мындай каттар жакпайбы?” - дейт Мамбетов.