КҮНСОБОЛ: АКШ Кыргыз өлкөсүнө карата иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Тышкы иштер министрлиги "кара тизмеге" кирип калбаш үчүн жетиштүү аракет көрдүбү?

АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргыз өлкөсүнө АКШга кирүүгө чектөө койду. Мындан улам Кыргыз Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда бул чечим кыргыз-америка мамилесине таасирдүү залакасын тийгизгенин билдиришкен. Ал эми АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу бул толук чектөө эместигин айтты. Ал визаларды туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга берүү улантыла бере турганын билгиледи.

SUPER.KG порталы "АКШ Кыргыз өлкөсүнө карата иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Тышкы иштер министрлиги "кара тизмеге" кирбеш үчүн жетиштүү аракет көрдүбү?" деген собол салды.

САБИРОВ: "Кара тизмеге" кирбеш үчүн жетиштүү аракетти жалпы өкмөт көрүш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров "кара тизмеге" кирбеш үчүн жалпы өкмөт аракет кылыш керек деген пикирде.

"Бул Тышкы иштер министрлигинин эле жумушу эмес. Биздин паспорттор ар кайсы жерде террорчулардан чыгып жатканы себеп болушу мүмкүн. АКШ мамлекеттин коопсуздугу боюнча иш-чара көрүп жатат да. Биздин көп мигранттар ошол жакта калып жатканы боюнча статистика бар болушу керек. Ошондуктан чектөө киргизишти. Жалпы өкмөт аракет көрүшү шарт. Өкмөттүн иши туура болушу керек деген ойдомун", - дейт Сабиров.

МАМАСАЛИЕВ: "АКШ менен компромисстик чечимге келгенге аракет кылышыбыз керек эле"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев бул жакта чоң геосаясий маселе турганын айтты.

"Вашингтон силерде биометрикалык паспорт жок деп бизди күнөөлөп жатат. Бул жөн эле шылтоо. АКШ акыркы 3 жылда жаңы стратегиялык эки тараптуу келишимди кабыл алганга ар кандай жолдор менен абдан чоң аракет кылышкан. Бирок биздин өкмөт бир топ сунуштаган маселелерге каршы. Мисалы, ЮСАИД аркылуу Кыргыз мамлекетинде иштеген аскер жана техникалык адистердин статусу боюнча, долбоорлордун каражаттарын көзөмөлдөө маселесине каршы. Тышкы иштер министрлиги АКШ менен компромисстик чечимге келгенге аракет кылышы керек эле. Кандай болбосун визалык чектөө бул биздин эл аралык беделибизге сөзсүз таасирин тийгизет", - дейт Мамасалиев.

КАКЧЕКЕЕВ: "АКШ бизде болуп жаткан жалпы окуяларга өзүнүн баасын берип, ушундай жыйынтыкка келип жатат"

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев АКШ өлкөдө болуп жаткан окуяларга өзүнүн баасын берип, ушундай жыйынтыкка келип жатат.

"Биз Тышкы иштер министрлигин күнөөлөй албайбыз да. АКШ жалпы бизде болуп жаткан жалпы окуяларга өзүнүн баасын берип, ушундай жыйынтыкка келип жатат. Ошолордун эң эле орчундуусу Кыргыз паспортторунун коргоо белгилери начар. Кыргыз паспортун кылмышкерлер, террорчулар пайдаланып калган учурлар көп болгондуктан чектөө киргизип жатышат. АКШнын Кыргыз мамлекетиндеги элчисинин түшүндүргөнү боюнча, ишкерлерге, туристтерге жол ачык. Болгону мигрант болуп ошол жерге жашоого максат койгондор бара албайт", - дейт Какчекеев.

ОСМОНБЕТОВ: "Беларустун Тышкы иштер министрлиги аракет көрүп, аларга АКШга кирүүгө чектөө коюлган жок"

Саясий серепчи Эдил Осмонбетов бул маселе боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги аракет кылышы керек деген оюн айтты.

"Кара тизмеге" Беларусь да кирмек. Эки-үч апта мурун АКШ Кыргыз мамлекети менен Беларуска чектөө киргизет деген маалымат тараган. Эки-үч аптанын ичинде Беларустун Тышкы иштер министрлиги аракет көрүп, аларга АКШ чектөө киргизген жок. Кыргыз мамлекетиндеги жасалма паспорттор боюнча маалыматтар тарап жатат. Ошондуктан чектөө киргизүүдө. Тышкы иштер министрлиги аракеттерин көрүшү керек", - дейт Осмонбетов.

ТАЖИБАЙ: "Тышкы иштер министрлиги АКШга кирүүгө чектөө кире электе иш алып барышы керек болчу"

Саясий серепчи Алмаз Тажыбай Тышкы иштер министрлиги АКШга кирүүгө чектөө кире электе иш алып барышы керек болчу деген пикирде.

"АКШ чектөө киргизе турган мамлекеттердин арасында Беларусь өлкөсү да бар болчу. Бирок алар тез арада сүйлөшүү жүргүзүшүп, маселени чечип коюшту. Тизмеге кирбей калышты. Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги субъективдүү, объективдүү себептер менен маселени чече алган жок. "Кара тизмеге" киргизгенден кийин чыгаруу кыйын болот. "Кара тизмеге" кирбегенге аракет кылуу керек эле. Бул биздин жалпы аткаруу бийлик натыйжалуу иштебей жатканын билдирет", - дейт Алмаз Тажыбай.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан