СУЛАЙМАНОВ: “Текебаевге карата чыгарылган өкүмдүн өзгөртүүсүз калтырылганы сотторго болгон ишенбестикти күчөтөт”

Жогорку Кеңештин депутаты
Алтынбек Сулаймановдун айтымында, Жогорку Соттун чечими адилетсиз деген пикирде.
"Адилетсиз, туура эмес чечим чыкты. Текебаевге карата чыгарылган өкүмдүн өзгөртүүсүз калтырылганы сотторго болгон ишенбестикти күчөтөт”, - дейт Сулайманов.
НИКИТЕНКО: “Мактаган соттук реформа катуу сокку жеди”
Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенконун айтымында, бүгүн соттордун жоопкерчилигин көрсөтөрүнө чоң үмүт болгон.
“Биз баарыбыз буга чейин болуп көрбөгөн чечимге күбө болдук. Мактаган кезектеги соттук реформа катуу сокку жеди. Сотто ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого бардык далилдер көрсөтүлгөн, бирок Текебаев менен Чотоновдун иши саясий тапшырма экенин баары түшүнүп жатышат. Алар саясий көз карашы үчүн абакта адилетсиз отурушат. Бүгүн соттордун жоопкерчилигин көрсөтөрүнө жана адилеттүү чечимдин чыгарына чоң үмүт болгон. Бирок бүгүн бул үмүттү үзүүгө аракет жасалды”, - деди Никитенко.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Соттордун чечими бийликтин чечимине байланышкан"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Кыргыз өлкөсүндөгү изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, элдин 60-70 пайызы сотторго ишенбейт.
"Эл аралык деңгээлде "Кыргыз Республикасында соттор бийликке көз каранды" деп эсептешет. Мындан улам биз буга таянып айтышыбыз керек: саясатчыларга карата соттордун чечимин биз ишеним жаратпаган, адилетсиз жана саясий чечимдер деп айтсак болот. Соттордун чечиминин бардыгы бийликтин чечимине байланышкан, бийликке көз каранды жана саясатташкан чечимдер болуп эсептелинет", - деди Жээнбеков.
СООРОНКУЛОВА: “Текебаевдин иши маңызынан каралбагандыктан, кандайдыр бир башка жаңы чечим чыгышы мүмкүн эмес болчу”

Конституциялык палатанын мурунку соту
Клара Сооронкулова билдиргендей, Текебаевдин иши жаңы кодекске карата жаңы жагдайлар менен каралды.
“Бул жерде иштин маңызы каралбайт. Жаңы кодексте жаза өтөө мөөнөттөрү өзгөртүлгөн. Ошону кайра такташ керек эле. Кодексте "мүлктү конфискациялоо" деген жаза катары каралбайт. Ошон үчүн конфискациясын алып салышты. Ал эми мурунку жазасы калды. Иш маңызынан каралбагандыктан, кандайдыр бир башка жаңы чечим чыгышы мүмкүн эмес болчу”, - дейт Сооронкулова.
КУЛОВ: “Сот жоопкерчиликти бирөөгө жүктөп жатат”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты
Феликс Куловдун пикиринде, соттор 5 жылдан кийин ушундай команда берилген деп айтышат.
“Ачык айтсам, бийлик “шал” болуп калды. Сот бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги жоопкерчиликти моюнга албайт. Анткени коркуп жатышат. Жогорку Сот буга чейинки өкүмдү өзгөртүүсүз калтырып, үй-мүлктү конфискацияга алуу тууралуу бөлүгүн алып салууну чечти. Президент түз команда бербейт. 5 жыл өткөндөн кийин соттор ажо ушундай команда берген деп айтышат. Атамбаевди деле ушинтип айтып жатышат. Сот жоопкерчиликти бирөөгө жүктөп жатат”, - дейт Кулов.
ТУРДУКУЛОВ: “Текебаевге карата чыгарылган өкүмдүн өзгөртүүсүз калтырылганы - президент убада кылган соттук реформанын башталбагандыгынын белгиси”

Жарандык активист
Адил Турдукулов Текебаевге карата чечим адилетсиз болгонун айтты.
“Текебаевдин күнөөсү жок, бардык соттук отурум далилсиз өткөн. Бүт процессуалдык нормалар бузулган, фактылар аныкталган эмес. Юрист эмес, жөнөкөй жаран дагы бул жерде абдан чоң мыйзам бузуулар болгонун тастыктап, көрсөтө алат. Ушуну бийлик көрүп туруп, жаңы жагдайлар боюнча Жогорку Соттун таптакыр карабай койгону - бул президент убада кылган соттук реформа башталбагандыгынын белгиси”, - дейт Турдукулов.
Ал эми экс-депутат Камчыбек Ташиев, коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучулар Игорь Шестаков, Жолборс Жоробеков комментарий берүүдөн баш тартышты.