Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Сапар Исаковдун жактоочулары маалымат жыйын уюштурушту. Алар парламент ЖЭБди модернизациялоодо кытай насыясы тууралуу документти тездетилген ыкма менен 3 окууну бир жолу карап чыгышканын айтышты. Жактоочулар ошол учурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду жана 3 парламенттик комитеттин төрагалары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев жана Курманбек Дыйканбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.
SUPER.KG порталы "Ошол кездеги Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, комитет башчылары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев, Курманбек Дыйканбаев дагы Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча жоопкерчиликке тартылышы керекпи?" деген собол салды.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Алар жоопкерчиликке тартылбашы керек"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев билдиргендей, алар президенттик аппараттын сунушу менен долбоорду колдоп беришкен. "Алар жоопкерчиликке тартылбашы керек. Анткени алар түздөн-түз президенттик аппараттан түшкөн сунушту колдоп беришкен. Президенттик аппарат эл үчүн, мамлекет үчүн долбоорду колдоп бергиле деп кайрылышкан. Жогоруда аты аталгандар бул жерде уурулук ниет бар экенин билишкен эмес. Депутаттар ЖЭБди жаңылоо иштери болот, шаар үчүн жакшы иш кылалы деп аракет кылып, долбоорду кабыл алышкан", - дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.
АСАНОВ: "ЖЭБди жаңылоо боюнча ошол кездеги спикер, комитет башчылары жоопкерчиликке тартылбашы керек"
Саясатчы Бектур Асанов мыйзам боюнча алар эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт деген пикирде. "Алар эч кандай жоопкерчиликке тартылбашы керек. Өкмөт долбоорду тез арада карап бергиле деп суранган. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча өкмөт суранса, сөзсүз караш керек. Бул жерде жактоочулардын айтканын эптеп күнөөнү парламентке оодаруу аракети болуп жатат деп түшүнсө болот", - дейт Бектур Асанов.
ИСАКОВ: "Кытай карызга олчойгон сумманы берип жатканда техникалык-экономикалык негиздемелер, сметалар каралып, ашыкчасы алынып, улуттук кызыкчылык эске алынышы керек болчу"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков белгилегендей, Жогорку Кеңеш бул коллегиалдуу орган. "Туура эмес чечим кабыл алынып калса, этабы менен, процедура менен кимдер мыйзамды тепселеген болсо, баары аныкталып, баары жоопко тартылышы керек. Мыйзамдар желим эмес, бирөөнө иштеп, экинчисине иштебей койгудай, каалаган жакка чойгудай. Жеке адамга болгон кастыкты, жеке мамилени жыйыштырып, жалпы улуттук кызыкчылыкты жогору койгонубуз туура болот.
Кытай тарап карызга олчойгон сумманы берип жатканда, канча төлөп калат экенбиз деп ийне-жибине чейин техникалык-экономикалык негиздемелер, сметалар каралып, ашыкчасы алынып, улуттук кызыкчылык эске алынышы керек болчу. Бирок андай болгон эмес. Эмне үчүн андай болгон эмес? Бул тез арада териштириле турган суроо. Элге каршы келишимдерге бөгөт коюу үчүн сенсация жараткан коррупциялык келишимдерге тиешеси болгондордун баарын жоопко тартуу керек. Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жазык Кодексинин 307-беренесине жана башка беренелерге ылайык, кылмыш иши козголуусу шарт. Укуктук өлкө болгондон кийин, анын талабын аткаралы. Өзүбүздү алдабайлы. Чечкиндүүлүк менен, эрктүүлүк менен укук коргоо органдарын милдеттерин так аткарууга чакырам", - дейт Исаков.
ТУРДУКУЛОВ: "Парламенттик башкаруу өлкөсүндө жашаганыбыз менен реалдуу жашоодо президенттик аппарат бардык бийлик бутактарына басым кылып келет"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов президенттик аппарат чечүүчү орган болуп келгенин айтты. "Биз 2010-жылы парламентаризмге багыт алып, ошого жараша Конституция да өзгөргөн. Конституциянын алдындагы мыйзамдар дагы ошол жакка бурулуп өзгөртүлгөн. Чындыгында формалдуу, юридикалык түрдө парламенттик башкаруу өлкөсүндө жашаганыбыз менен реалдуу жашоодо буга чейин айтып келгендей, президенттик аппарат бардык бийлик бутактарына басым кылып турган. Атамбаевдин убагында ошондой болуп турган, азыр деле өзгөргөн жок. Ошол убакта формалдуу түрдө, балким, Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги болсо дагы президенттик аппарат чечимдерди аткарууда эң чечүүчү орган болгонун түшүнүп турабыз. Ошондуктан жактоочулардын айтканы жүйөлүү, алар укукка, мыйзамга таянып айтып жатышат. Бирок чындыгында чечүүчү ролду парламент аткарды дегенге ишенбейм. Бул жерде биринчи кезекте президенттик аппарат эң негизги орган болгон", - дейт Турдукулов.
КЕЛДИБАЕВ: "ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоорду кабыл алууда мыйзам бузулган болсо, ошол учурдагы спикер, комитет төрагалары жоопкерчиликке тартылышы керек"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев мыйзам бузулган болсо, алар жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирде.
"Жогорку Кеңештин регламенти бузулуп, долбоор кабыл алынганы айтылып жатат. Жоопкерчиликке тартуу боюнча юридикалык бааны Аскер прокуратурасы бериши керек. Мыйзам бузуу аныкталган болсо, анын ким экенине карабастан, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Бардыгынан мыйзам жогору турушу зарыл", - дейт Төлөгөн Келдибаев.