ЖЭБ чыры аяктай элек. Учурда УКМК бул иш боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тийиштүү кызматтагы адамдарды суракка чакырууда. Сурак берип чыгышкан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов бул иште "саясий түс бар" деп баалашууда.
Ошол себептен SUPER.KG порталы "Кулматовго кылмыш иши козголушу, Исаковдун УКМКга сурак берүүсү - бул саясий куугунтукпу?" деген суроонун негизинде собол жүргүздү.
КАПТАГАЕВ: "Булар саясий куугунтук деген эмне экенин биле элек"
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикири боюнча саясий куугунтук деп айтуу үчүн ага ылайык негиз болуш керек. "Саясий куугунтук деп айтыш үчүн саясий куугунтукту жон териси менен сезиш керек. Менин оюмча, булар саясий куугунтук деген эмне экенин биле элек, билгенден кийин айтышса туура болот. Сурак бере баштаганда эле саясий куугунтук дегени туура эмес, саясий куугунтуктун чоо-жайы башкача болот, саясий куугунтук болуп жатканда саясий негиз болот, козголгон кылмыш ишинде кылмыш эмес, зордук, басым болот, ушуну саясий куугунтук дейт. Азыркы учурда тергөө органдары жүйөлүү себеп менен эле иштеп жатышат", - деди Каптагаев.
"Саясий куугунтук деп, күнү-түнү сот болуп соттолгон Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов, баласы жана өзү ооруганына карабай соттук отурумга катышууга мажбурланган Аида Салянованын ишин саясий куугунтук десе болот. Азыр тергөө эле болуп жатат, камаган жок, эч кандай кысым болгон жок, саясий куугунтук болсо алып барып камап коймок. Андыктан саясий куугунтук деп айтууга эч кандай негиз жок. Антип айтканда деле ким куугунтуктап жатат, кайсы иши үчүн куугунтуктап жатат так айтыш керек да, ошондо эл чечет. Булар мурда айтылган деп эле туурап айтып коюп жатышат”, - деген пикирде коомдук ишмер.
КАЗАКБАЕВ: "Акыркы жылдары укук коргоо органдарына, айрыкча сотторго болгон коомчулуктун ишеними төмөндөп кетти"
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин белгилешинче, "саясий куугунтук" деген сөздүн айтылышына коомдогу укук коргоо органдарына, сотторго болгон ишенимдин төмөндөп кеткени себеп болгон.
"Коопсуздук кеңешинин акыркы өткөн жыйынында укук коргоо органдарына коррупция менен күрөшүүдө эрк керек экени белгиленип, бул жаатта иштер так аткарылышы керектиги айтылган. Андан кийин бир нече адамдарга ЖЭБдеги окуя боюнча иш ачылды. Учурда саясий куугунтук болуп жатабы же жокпу айта албайм, бирок тийиштүү органдар калыс, ар тараптуу иликтөө жүргүзүшү керек. Ким күнөөлүү экенин сот чечет, ошол соттун чечиминен кийин бул иштер тууралуу бир нерсе дегенибиз туура болот. Менин оюмча, бул сөздүн чыгышынын негизги себеби акыркы жылдары укук коргоо органдарына, айрыкча сотторго болгон коомчулуктун ишеними төмөндөп кетти. Ошол себептен ушундай сөздөр айтылып жатат", - деди Казакбаев.
АСКАРБЕКОВ: "Өмүр бою майлуу-сүттүү, коррупциялык кызматта иштегендиги үчүн жооп берүү мезгили келди"
Активист Мавлян Аскарбековдун айтымында, саясий куугунтук болгон жок, болгону Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов жооп бере турган учур келди. “Булар кызматынан кетип, суракка алынгандан кийин "саясий куугунтук болуп жатат, акыйкаттык, калыстык болуш керек" деп айтып жатышат. Алардын бул оюна мен кошулбайм, себеби саясий куугунтук Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин тушунда болгон. Алардын кемчилигин белгилеп, мыйзам бузууларын айткандарга бүтүндөй бир мамлекеттик машинанын жүргүзгөн ишин саясий куугунтук десек болот. Акаев, Бакиевдин заманында кандай гана адамдар табышмактуу жагдайда көз жумду, өлтүрүлдү. Атамбаевдин убагында башкаларды айтпаганда да өзүмдү айтсам болот, учурда мага карата 5 соттук процесси жүрүп жатат, 2 процесс КСДПнын депутаттары тарабынан, учурунда Кубанычбек Кулматов башкарган Бажы кызматы менен 7 жылдан бери соттошуп келе жатам, Дача-СУ маселесин көтөргөнүм үчүн мага кылмыш ишин козгошкон. Саясий куугунтук деген ушундай болот.
Сапар Исаков акыйкаттык болуш керек деп жатат, 2010-жылы биз ок алдында, кан кечип жүргөндө Исаков Максим Бакиевди АКШда коштоп жүргөн. Биз кан кечип жүргөн убакта ошол режимди колдоп, ошолор менен жүргөн Исаков өкмөт башчы болуш керек, кана акыйкаттык? Максим Бакиев, Алексей Елисеев өмүр бою эркинен ажыратылып качып жүрөт. Ошол экөөнө уурдаганга жардам берген ЦАРИИнин мүчөлөрү, Сапар Исаков, Айбек Калиев, Илим Карыпбековго окшогондор бүгүн жоопко тартылбай жүрөт, кана калыстык?
“Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” болуп жатат. Өмүр бою чоң кызматтарда иштеген Исаков, Кулматов эми эл алдына чыгып актыгын айтып, саясий куугунтук болуп жатат дегени уят, элди мазактоо. Буларга болгон аракет саясий куугунтук эмес, булар өмүр бою майлуу-сүттүү, коррупциялык кызматта иштегендиги үчүн жооп берүү мезгили келди, азыркы учур - ошол учур”, - деди Аскарбеков.
АРТЫКОВ: "Саясий куугунтук деген сөз чыкканда ишенбейм, айла кеткенде айтышат"
Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков бул ишти тийиштүү органдар иликтеши керектигин, аларга ишенүү керек экендигин айтты. "Мен бул маселе боюнча ар дайым өз пикиримди айтып келем. Дайыма саясатчыларга жана башкаларга иш козголгондо, саясий буюртма болду деген сөздү чыгарышат. Биз органдарга ишенишибиз керек, текшерсин, иликтесин, ишти аягына чыгарсын. Ким болбосун "саясий куугунтук" деген сөз чыкканда, мен ишенбейм, башка аргумент таппай айла кеткенде ошол сөз чыгат. Мыйзам иштеш керек, тийиштүү органдар ишти аягына чыгарсын, ошондо саясий буюртмабы же башкабы өзү билинет", - деди Артыков.
ТУЛЕНДЫБАЕВ: "Бул жакта эч кандай саясат жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаевдин айтымында, бул козголгон иште эч кандай саясат жок. "Бул жакта саясий эч нерсе жок, ким күнөөлүү, күнөөсүз экенин тийиштүү орган далилдейт. Соттор калыс карап чечим чыгарат деп ойлойм, сот кандай чечсе ошондой болот. Бишкек ЖЭБде кандай окуя болгонун баары билет, ошондуктан тиешелүү органдар баа берип, калыс чечим чыгарыш керек. Дагы бир жолу айтайын, бул жакта эч кандай саясат жок”, - деди Тулендыбаев.