3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.
Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тарта турганын айтты.
SUPER.KG порталы "Солтон-Сары кениндеги чырдын токтобой жатышы өкмөттүн чечкинсиз ишинин жыйынтыгыбы?" деген собол салды.
ИМАНАЛИЕВ: "Бул окуя өкмөт түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасынан чыкты"
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бул боюнча туура жыйынтык чыкпаса, мындай окуялар кайталана берет деген пикирде.
"Солтон-Сарыда эле эмес, кендерди иштетүүдө Бишкектен лицензия берип коюшуп, жөнөкөй элдин пикири менен эсептешпейт. Жер жергиликтүү айыл өкмөттүн балансында болгондуктан эл менен социалдык пакет, экологиялык коопсуздук, жумуш маселеси боюнча эсептешүү керек. Мындан кийин үч тараптуу келишимге кол коюлушу шарт. Иштете турган компания, Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитети жана айыл өкмөт кол коюшу зарыл. Бул окуя өкмөт түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасынан чыкты деп ойлойм. Эл өзүнүн ата-бабасынан калган жайытты, жерди, сууну коргоп чыкты. Ал жердин ээси эл. Өкмөт лицензия берип жатканда эмнеге эл менен эсептешпейт? Компаниялар менен келишимге кол коюлуп жатканда жергиликтүү элдин курултайын өткөрүү керек. Эл макул болсо лицензия берилиши шарт. Туура жыйынтык чыкпаса жер-жерлерде мындай окуя кайталана бериши мүмкүн", - дейт Иманалиев.
ТУРДУКУЛОВ: "Солтон-Сарыдагы чыр элдин жергиликтүү бийликке, жогорку бийликке ишеними жоктугунан келип чыкты"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Солтон-Сарыда чыр бүгүн эле чыгып калбаганын эскертти.
"Бул чыр элдин жергиликтүү бийликке, жогорку бийликке ишениминин жоктугунан келип чыкты. Ал жерде бир гана мамлекеттик аткаминерлер пайда көргөндүктөн, элдин кызыкчылыгы эске алынбагандыктан нааразычылыктар күчөгөн. Солтон-Сарыда маселе бүгүн эле чыгып калган жок да. Мурдатан бери эле ызы-чуу болуп жаткан. Бул бийликтин реакция жасабай, конфликтти чечүүгө даремети жетпей, эл менен коммуникация түзүп иштешкенге мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыгынын белгиси болуп саналат. Өкмөттүн, губернатордун, айыл өкмөтүнүн башчыларынын, райондун жетекчилеринин алсыздыгы. Сөзсүз түрдө алардын бардыгы, ишеним артпаган чиновниктер отставкага кетиши керек", - дейт Турдукулов.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Биздин саясий систем менен мамлекетти башкаруу моделибиз тоо-кен тармактагы чатактарды чечүүгө ылайыкташкан эмес"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Солтон-Сары кениндеги чатак бул жалпы Кыргыз мамлекетиндеги чет элдик инвесторлор, тоо-кен тармагында иштеген компаниялар, жергиликтүү бийлик менен элдин ортосундагы 30 жылдан бери келе жаткан чырдын бири болуп эсептелет.
"Бул жерде эки маселе бар. Биринчиси, мамлекетти башкаруу жолубуз, моделибиз, саясий системибиз ушундай чатактарга алып келип жатат. Биздин саясий систем менен мамлекетти башкаруу моделибиз тоо-кен тармактагы чатактарды чечүүгө ылайыкташкан эмес. Тоо-кен тармагындагы чатакты 30 жылдан бери күч, алдоо, коркутуу жолдору менен чечип, кыйынчылыктын бардыгын чогултуп бүгүнкү күнгө алып келип койгонбуз. Экинчиси, албетте өкмөттүн күнөөсү. Өкмөт чыңалууну, социалдык көйгөйлөрдү, эл менен инвесторлордун ортосундагы кыйынчылыктарды алдын ала сезип, көрүп, чараларды кабыл алган эмес. Ушул чырдын чыгышына өкмөт дагы түрткү болуп жатат. Мына ушунун жыйынтыгында Солтон-Сарыдагы кыйынчылык биринчиден, Кыргыз мамлекетиндеги инвестициялык климатка терс таасир берет. Экинчиден, эл аралык коомчулуктун алдында Кыргыз мамлекетин жапайы, инвесторлорду сыйлабаган, мыйзам иштебеген өлкө катары көрсөтүүгө шарт түзүп койду", - дейт Жээнбеков.
АЙБЕК МЫРЗА: "Өкмөттүн саясатынын жыйынтыгы элдин нааразычылыгын алып келди"
Жарандык автивист Айбек Мырза бул окуя өкмөттүн алсыздыгынан келип чыкканын айтты.
"Эл өкмөткө ишенбей калды. Окуя болгон жерге өкмөт өкүлдөрү барса дагы эл тоготпой жатат. Бул элдин ишеними кетти дегенди түшүндүрөт. Буга чейин бийлик элди ойлобой бир гана акчаны ойлоп, чет мамлекеттик шылуун ишканалардын кызыкчылыгын коргогондун кесепетинен ушундай чыр чыкты. Бизде мындай мисалдар көп болгон. Өкмөттүн саясатынын жыйынтыгы элдин нааразычылыгына алып келди. Өкмөт иш билген, репутациясы жакшы инвесторлорду тандаш керек", - дейт Айбек Мырза.
СУРАБАЛДИЕВА: "Солтон-Сарыдагы чырды айрымдар провокация болуп, элди козутуп жатат деп айтышууда"
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева элге алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек эле деген пикирде.
Бул маселе бир нече убакыттан бери козголуп жатканда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматты өкмөткө кандай жеткирген же эски адатынча баары тынч деп айтканбы? УКМК кандай иштеген? Бул маселе орчундуу болуп жатканы боюнча ошолор маалымат жеткириши керек эле. Бизде 28 жылдын ичинде жаман практика болуп калды. Лицензия арзан баада сатылып, ортодо инвесторлордон пара алгандар да болгон. Бул маселени ачык, айкын талкуулоого өтүшү керек. Солтон-Сарыдагы чырды айрымдар провокация болуп, элди козутуп жатат деп айтышууда. Бирок менин оюмча, ар бир кен байлыктын, лицензиянын артында турган чыр-чатакта өкмөт алдын ала иштерди жүргүзүшү шарт. Инвесторлор деле ызы-чуунун үстүнөн келгиси келбейт да. Инвестор акча которгондон кийин тынч иштегиси келет. Ошондуктан күнөө бийлик тарапта болуп жатат. Элди чогултуп, социалдык пакет тууралуу экологиялык жактан зыяны барбы же жокпу маалымат бериши шарт эле. Талкууну завод иштегенге чейин уюштуруу зарыл. Ызы-чуу болгондо өзүңөр макул болгонсуңар деп айтчу. Азыр өкмөт ошону айта албай жатат. Ошондуктан ызы-чуу болууда", - деди Сурабалдиева.
МАСАЛИЕВ: "Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз милдеттерин так аткарганда мынчалыкка жетпейт болчу"
Депутат Исхак Масалиев бул маселе жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кайдыгер мамилесинен улам келип чыкты деген пикирде.
"Өкмөт башынан уруксат берген жана чечим кабыл алган. Анан учурда кандай чечкиндүү кадамдар кабыл алынат билбейм. Өкмөт бул кендин иштөөсүн токтотушу керекпи же элдин чырын токтотушу керекпи? Негизи бул чырды сүйлөшүү жолу менен бүтүрүшсө жакшы болмок. Бардык жагдайларды элге туура түшүндүрүү зарыл.
Бул абалга жеткенин жергиликтүү бийлик билип, сезиши керек болчу. Алар алдын ала бул маселени чечүүгө болгон күч-аракетин жумшап, чырды токтотуп калуу мүмкүнчүлүгүн издеп аракеттенсе, балким, буга жетмек эмес. Башында эки жигит урушуп кеткен болсо аларды токтотуп, экөөнү элдештирүү жол-жобосун издеши керек болчу. Бул жагдай бүгүнкү өкмөттүн алсыздыгы, себеби ошол жерде аким, губернатор отурат. Алар кызмат ээлеп, айлык акы алып жаткан соң өз милдеттерин аткарууга тийиш, эгер аткара албаса бошотуп бериши керек.
Негизи ишкерлер менен келишим түзгөндө ошол жерде эмгектенгендер 60-70 кытай эмес Кыргыз жарандары болгондо мындай чыр болбойт болчу. Өлкөгө ишкерлер келгенде өкмөт элдин кызыкчылыгын да ойлоп турса ушундай жагымсыз нерселер болбойт болчу", - дейт депутат.
ИСАКОВ: "2010-жылдан кийин өлкөдө ырааттуу ички, тышкы саясат жүрбөй калды"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков майда маселеби, чоң маселеби айырмасы жок, бул багытта кайдыгер болбошубуз зарыл деген пикирде.
"Тилекке каршы, 2010-жылдан кийин өлкөдө ырааттуу ички, тышкы саясат жүрбөй калды. Биз феодалдык мамлекеттей эле иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Кытай болобу же башка чет өлкөлүктөрбү, аларды күнөөлөөдөн мурун өз ичибиздеги эрежелердин сакталбагандыгын, такталбагандыгын биринчи орунга коюшубуз керек.
Инвесторлор деле жакшы ниеттүү жана жаман ниеттүү деп бөлүнөт. Жакшы ниеттүүлөр мыйзам так иштеп, алар мыйзамдын үстөмдүгүнө ишенген учурда гана келет. Ал эми жаман ниеттүү инвесторлор бийлиги саткын болсо аларга бир аз тыйын берип улуттук баалуулуктарды алып чыга берет. Майда маселеби, чоң маселеби айырмасы жок, ушул багытта кайдыгер болбошубуз зарыл. Коомчулукту туура эмес маалымат менен сугара бербей, бул маселени жапа тырмак күн тартибине чыгарып турушубуз керек", - дейт Исаков.