Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына жөө жүрүштүн катышуучусу Бекназар Айталиев билдирди.
"Балыкчы шаардык соту Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө тыюу салыптыр. Буга байланыштуу Балыкчы шаарынын автобекетине чейин келип, ошол жерден Бишкек шаарына бара тургандар унаалар менен кетип жатабыз. Милиция кызматкерлери жөө жүрүштү токтотту", - дейт Бекназар Айталиев.
Уран кенинин иштешине каршы митингдин катышуучулары Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш менен келе жаткан.. Алар уран казууга биротоло тыюу салууну талап кылып жатышат.