Балыкчы шаардык соту Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Таабалдиев билдирди.
Анын айтымында, сот адамдын өмүрүнө коркунуч жаралат деп уран кенинин иштешине каршы жөө жүрүшкө тыюу салды. Ал тынчтык митингге уруксат берилгенин белгиледи. Митинг мэриянын имаратынын алдында бүгүн саат 10:00дөн 12:00гө чейин өтөт.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө 29-апрелде саат 9:00дө Балыкчы шаарында Кызыл-Омпол уран кенин биротоло токтотуу боюнча митинг башталып, Бишкекти көздөй 100 адам жөө жүрүшкө чыга турганы тууралуу маалымат тараган.