Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады. Жогорку Кеңеш - мыйзам чыгаруучу жана өкмөттүн ишин, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү мамлекеттеги эң жогорку орган. Учурда өлкөдө бир топ коомдук-саясий, коопсуздук, экономикалык жана социалдык маселелер бар. Эл өкүлдөрү артта калган эки айда шайлоочулар менен жолугушуп, аймактардын көйгөйүн угуп келишти. Депутаттар парламентте алгачкылардан болуп көтөрчү бир топ маселелер турганы бышык. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеш көңүл бурушу керек болгон эң орчундуу маселелер кайсылар?" деген собол салды.
БОКОЕВ: "Жогорку Кеңеш айыл чарба маселелерине өзгөчө көңүл бурушу керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жайкы каникулда Талас облусун, Чаткал, Тогуз-Торо райондорун жана башка айылдарды кыдырып келгенин айтты.
"Парламент көңүл бура турган орчундуу көйгөйлөр көп. Ошонун эң негизгилеринин бири - айыл чарба маселеси. Айыл чарбага болгон мамилени кескин түрдө өзгөртпөсө болбойт. Сугат сууларынын тартыштыгы боюнча, дыйкандар өстүрүп жаткан айыл чарба продукцияларын сатууда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин чоң жардамы керек. Ошону менен катар эле облустук деңгээлдеги башкарууну жоюу тууралуу маселе каралышы шарт. Облустук УКМКны, облустук прокуратураны, облустук ички иштер башкармалыгын, облустук статистикалык комитетин жоюу зарыл. Акимдер түз премьер-министр менен иштеши абзел. Эффективдүү башкарууга өтүшүбүз керек.
Биз мектептерди куруу менен эле алек болуп жатабыз. Билим берүүнүн сапатына көңүл бурулбай калды. Бул маселени дагы карап чыгуу зарыл", - дейт Бокоев.
ТОКТОШЕВ: “Музейдин гранит таштары уурдалып, кимдин үйүнө колдонулуп кеткенин иликтейбиз”
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин айтымында, эл өкүлдөрү эң алгач өкмөттүн жасаган иштери боюнча маалымат угушу керек.
“Негизи козгой турган маселе көп. Алгач эле өкмөттөн эмне иштерди жасадыңар деп сурайбыз. Сессия ушундан башталышы керек. Айтматовдун 90 жылдыгын татыктуу белгилөө боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу маалымат алышыбыз керек. Ал эми Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети өкмөттүн 2019-жылга карата даярдаган бюджетин карайбыз. Андан сырткары чек ара маселеси, “Кумтөр” кени, Тогуз-Торо районундагы кен ызы-чуусу боюнча маалыматтарды угушубуз керек. Тарых музейи боюнча май айында тийиштүү тараптарга кат жолдогонбуз. Эми музейдин гранит таштары уурдалып, кимдин үйүнө колдонулуп кеткенин иликтейбиз. Ал эми ЖЭБ боюнча тергөөнүн жыйынтыгын күтөбүз”, - деди Токтошев.
ЭРКЕБАЕВ: “Жогорку Кеңеш карай турган негизги маселелер - ЖЭБдин айланасындагы окуялар жана өлкөдөгү экономикалык абал”
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев парламентте каралышы керек болгон эки негизги маселеге токтолду.
“Кыргыз өлкөсүн түйшөлтүп жаткан эң биринчи көйгөй - бул Бишкек ЖЭБиндеги авария. Жогорку Кеңеш карай турган негизги маселе - ушул ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы. Анткени ушул иш боюнча көптөгөн адамдар, мурдагы өкмөт башчылар, министрлер, көрүнүктүү адамдар камакта отурат. Бул маселенин жаралганына көп убакыт болуп калды. Жай өтүп күз да келди. Эл ичинде ар кандай сөздөр айтылганы менен, так маалыматтар жок болуп жатат. Ошон үчүн депутаттар ушул нерсеге биринчи көңүл бөлүп, эл алдына ачык маалыматтарды билдириши керек.
Экинчи чоң маселе - бул өлкөнүн экономикалык абалы. Өкмөт да өлкөнүн экономикалык абалы өткөн жылга салыштырмалуу начар экенин өз моюнуна алып жатат. Бул көрүнүш жакшы эмес. Башка өлкөлөрдүн экономикасы өсүүдө. Мисалы, кечээ эле кризисте отурган Орусиянын экономикасы 2 пайызга, ал эми Казакстандыкы 4 пайызга өсүптүр. Жогорку Кеңеш азыркы экономикалык кырдаалды талдап, эмне үчүн мындай абалга туш болуп жатканыбыз боюнча өкмөттөн отчёт алып, коомчулукка ачыкташы керек. Жаңы өкмөттүн иштеп жатканына да көп эле болуп калды. Мындан сырткары тышкы карыздар өсүп жатат. Кытайдан алган карыздар боюнча да ар кандай сөздөр айтылууда. Бул да күн тартипте каралуучу башкы маселелердин бири”, - деди Эркебаев.
ОСМОНОВ: “Бишкек ЖЭБин аварияга алып келген жагдай кайталанбашы үчүн тиешелүү чараларды көрүү керек”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Осмонов өкмөттүн кышка даярдыгы Жогорку Кеңеш тарабынан карала турган негизги маселе экенине токтолду.
“Депутаттар Жогорку Кеңештин күн тартибинде чечим кабыл алына элек маселелерди биринчи кезекте карашы керек. Мындан сырткары жакында өкмөттүн 9 айлык отчёту угузулат. Мурда жарыяланган программалардын кайсынысы кандай деңгээлде аткарылды? Кайсы бөлүгү аткарыла элек? Жогорку Кеңеш көзөмөлдөөчү функциясына таянып, ушул маселелерди карашы зарыл. Мындан сырткары кыш келе жатат. Өкмөттүн кышка даярдыгы кандай? Буга чейинки Бишкек ЖЭБин аварияга алып келген жагдай кайталанбашы үчүн тиешелүү чараларды көрүү керек. Ушуга окшогон өкмөттүн функциясына кирген чарбалык жана башкарууга байланыштуу маселелер бар”, - деди Осмонов.
МОЛДОКМАТОВ: “Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын карап чыгышы керек”
“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов парламент былтыркы Бишкек ЖЭБинде болгон көйгөй кайталанбашы үчүн жылуулук берүү маселесин жакшылап карап чыгышы керек экенин билдирди.
“Экономикалык жагдай боюнча өкмөттөн отчёт алуу зарыл. Анткени салыктарды көтөрүү, тарифтерди жогорулатуу боюнча маселелер көтөрүлүп жатат. Бул маселе Жогорку Кеңеште карала элек. Ал үчүн Өкмөттүн курамын карап чыгыш керек. Иштей албагандардын ордуна иштей турган жооптуу адамдарды алып келүү зарыл. Мисалы, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тууралуу айтса болот. Аталган министрлик статистикалык комитетке айланып калды. Дыйкандардын өндүргөн продукциясы ЕАЭБдин алкагында канчалык деңгээлде экспорттолуп жатканы тууралуу маалымат угулушу зарыл. Мындан тышкары бардык министрликтерди текшерип чыгуу шарт. Президент жарыялаган “Аймактарды өнүктүрүү жылы” боюнча жарлыкты кайсы министрлик, мекеме канчалык деңгээлде аткарып жатканын карап чыгуу керек. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү дагы каралышы абзел. Кандайдыр бир маселе, мыйзамдар кворум жок эле кабыл алынып калат”, - деди Молдокматов.
КАНАТБЕК АЗИЗ: “Ата Мекен” фракциясынын демилгеси менен “Белизгейт” маселеси каралышы мүмкүн”
Юрист Канатбек Азиз депутаттар биринчи кезекте карашы мүмкүн болгон бир нече мыйзам долбоорлорун атады.
“Биринчи кезекте каралчу жана президент тарабынан сунушталган мыйзамдарды Жогорку Кеңеш карап чыгат. Өздөрүнүн да бир жылдык планы болот. Менимче, сессиянын башында эле депутат Исхак Масалиев экс-президенттердин кол тийбестик статусун алуу боюнча мыйзам сунуштайт. Андан сырткары Исхак Масалиев, Кожобек Рысбаев, Талант Мамытов жана Тазабек Икрамов амнистия мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышат. Бирок депутаттар пландаштырып, өздөрү да маселелерди сунуштай алышат. Андан сырткары Тарых музейин реконструкциялоодогу шектүү жагдайлар каралышы керек. “Ата Мекен” фракциясынын демилгеси менен “Белизгейт” маселеси каралышы мүмкүн. Ал эми кылмыш иши козголгон саясатчыларга карата соттун чечими чыга элек”, - деди ал.