КҮНСОБОЛ: Өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий жарыялады. Чечим пайда алып келеби же зыянбы?

28-июнда өкмөткө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин жыйыны өткөн. Анда өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий киргизгени белгилүү болгон. SUPER.KG порталы мындай чечим пайда алып келеби же зыянбы деген собол салды.

МАМАШОВА: "Ишкерлер биздин мекендештерибизди жумуш менен камсыз кылып жатканы үчүн бул пайдалуу чечим"

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова бизнеске мүмкүнчүлүктөр түзүлсө өкмөттүн аталган чечиминен зыян болбой турганын айтты.

"Бүгүнкү күндө текшерүүчүлөрдүн саны аябай көбөйдү. Мындай текшерүүлөр орто жана чакан бизнеске аябай чоң зыян келтирет. Бизнесмендер бир гана текшерүүлөр менен алек болуп жүрө берет. Ар бир бизнесмен насыя алып иштейт.

Менин оюмча, бизде Кыргыз мамлекетинде бизнесмендерге берилген насыялардын пайызы чоң. Ишкерлер насыя төлөшү керек, аларда иштеп жаткан кызматкерлерге айлык берүүсү зарыл. Насыяларды төлөш керек. Коммуналдык төлөмдөр, салыктар бар. Ошонун баарына каражат жетиш үчүн иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Бизнесмендер биздин мекендештерибизди жумуш оруну менен камсыз кылат", - деди Мамашова.

ҮМӨТАЛИЕВ: "Текшерүү органдары күчүн коррупционерлерге жумшабай, ишкерлерге жумшап жатышат"

Ишкер Эмил Үмөталиевдин айтымында, текшерүү иштери көпчүлүк учурда ашыкча болуп жатат.

"Тилекке каршы, биздин текшерүү органдары күчүн коррупционерлерге жумшабай, оокатын араң кылып жүргөндөргө жумшайт. Мындай чечим орто жана чакан бизнестерди ашыкча кийгилишүүдөн коргойт. Бийлик алмашып турганда ушундай иш-чараларды колдонгон жакшы. Бийлик алмашканда ортодогу өз кызыкчылыгын көздөгөн "жырткычтар" мамлекеттин ишине таянып, ишкерлерди өтө кыйнап коюшат", - деген пикирин билдирди Үмөталиев.

САРЫБАЕВ: "3 жыл көзөмөлдү алып салуу - бизнеске жакшылык кылуу эмес"
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикиринде, бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий жарыялоо зыян алып келет.

"Бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий киргизүү мамлекет үчүн чоң зыян, себеби дегенде текшерүү күчөп, көзөмөлдөнүп турганына карабай көмүскө экономика 50-60 пайыз, салыктын 50 пайызы бюджетке түшпөйт. Бизнести көтөрөбүз деп жатып учурда салык саясаты дээрлик жүргүзүлбөй, бул тармак коррупцияланып калды. Ушундай коррупцияланган өлкө, коррупцияланган салык саясаты, бажы саясаты, бюджет саясаты болуп турган өлкөдө бизнести таптакыр карабай, 3 жыл жайына койсо эмне болот?! 3 жыл жайына койсо коррупционерлерге Кудай берип калбайбы. Мамлекеттин өзүнүн бир функциясы – бул көзөмөл кылуу. Азыркы аракет логикага сыйбаган көрүнүш.

Экономикалык башкаруунун толгон токой механизмдери бар: экономикалык, финансылык, юридикалык механизмдер. Ушуларды туура жана толук пайдаланса, көзөмөлдөн баш тартуунун эч кандай кажети жок. Жөнөкөй тил менен айтканда, 3 жыл көзөмөлдү алып салуу бизнеске жакшылык кылуу эмес, колдон келсе ошол бизнестегилерди коркутуп-үркүтүп акча алгандарды камакка алуу керек. Бизнеске ушундай жакшылык кылыш керек", - деди Сарыбаев.

НЫШАНОВ: "Салык төлөбөгөн бизнесмендердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов ишкерлерге ашыкча текшерүү зыян алып келет. "Бирок ошол эле мезгилде салык төлөбөгөн бизнесмендердин жоопкерчилигин жогорулатып коюу керек. Ошондо жакшы болот. Бизнести текшерүүгө 3 жыл мораторий жарыяланганынан жоопкерчилиги жок адамдар пайдаланып кетпеш керек. Мындай чечимдин кабыл алынышы туура. Өнүккөн өлкөлөрдө жоопкерчилик күчтүү болгондуктан ишкерлер салыкты убагында төлөгөнгө шашылат", - деди Нышанов.

КАСЫМАЛИЕВА: "Ишкерлерге шарт түзүп берүү зарыл"

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева бизнести текшерүүгө убактылуу тыюу салууну колдой турганын айтты. "Салыктар түздөн-түз түшүп, көмүскөдөгү экономикадан чыгышыбыз зарыл. Өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылга мораторий жарыялап, текшербейбиз деп койбостон бизнеске шарт түзүп, салыктын казынага түшүшүнө шарт түзүшүбүз керек. Ошол эле мезгилде мыйзамсыз же акча өндүрүү үчүн текшерүү иштерин жүргүзгөндөрдү токтотуу зарыл", - деди Касымалиева.

ЖАМАЛДИНОВ: "Бул чечимдин пайдасы жана зыяны бар"

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов ишкерлерди текшерүүгө 3 жылдык мораторийдин жарыяланышы бир жагынан пайда болсо, экинчи жагынан зыян деген пикирде. "Бул чечим жеке ишкерлерди колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. Эгерде мыйзамдын негизинде иштеген жеке ишкерлер болсо анда пайда. Ал эми экинчи жагынан көмүскөдө иштегендер болсо, алар салык төлөбөй текшерүүгө эч ким бара албай калат. Ошондуктан эки жагын тең кароо зарыл", - деди Жамалдинов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан