Өткөн аптада Бишкекте “Ай тамга Солто” деп аталган коомдун курултайы өттү. Ал иш-чарага "Солто" аттуу коомдун өкүлдөрү да барып, эки коомдун мүчөлөрүнүн ортосунда уруу-урууга бөлүнүү тууралуу кеп козголуп, пикир-келишпестиктер жаралды. Жалпысынан 800дөй адам барган курултайга саясатчылар да аралашып, бир катар депутат, чиновниктер, экс-премьерлер катышканы маалымдалды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бишкекте экс-премьерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, саясий-коомдук ишмерлерди бириктирген "Ай тамга солто" коомунун курултайы өттү. Бул көрүнүш Кыргыз саясаты дале уруулук-кландык негизде жүргүзүлүп жатканынын далилиби?" деген собол салды.
ТУРСУНБЕКОВ: "Мындай иштер саясатташып, четтен чыгып кете турган болсо мамлекеттик көйгөйдү жаратат"

Жогорку Кеңештин депутаты
Чыныбай Турсунбеков мындай уруулук курултайлардын артында саясий кызыкчылыктар бар экенин айтты.
"Ай тамга солто" коомунун курултайына саясатчылар катышып жатса, демек, анын артында саясий кызыкчылыктар бар дегенди билдирет. Мисалы, Түркиядагы Фетхуллах Гүленди дүйнөдө билбеген киши жок. Ал диний адам болгондуктан анын артынан ээрчип, сөзүн уккандар көп. Ага ошол жактагы саясий партиянын жетекчилери ар бир шайлоонун алдында барып, батасын алып кетишчү. Кийин анын өтүнүчтөрүн аткарып, жолун жолдогондорду ар кандай кызматтарга алышчу. Натыйжада Гүленчилер төңкөрүш жасайбыз деп Түркияда бүгүнкү күнгө чейин чоң көйгөйдүн азабын тартып келе жатышат. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги мисал болот. Ал эми Кыргыз мамлекетинде дагы чоңдордун көңүлүн алып, оюн кылган саясатчылар да жок эмес. Мындай уруулардын аксакалдарына жана лидерлерине көңүл буруп, алардын батасын алганга аракет кылгандар бар. Бирок мындай иштер саясатташып, четтен чыгып кете турган болсо мамлекеттик көйгөйдү жаратат", - деди Турсунбеков.
МАДУМАРОВ: "Уруу болуп бөлүнөбүз дегендер - илгертен иритип саясат жасап келген байкуштар"

Саясатчы
Адахан Мадумаров уруу болуп өткөрүлүп жаткан курултайлар улутка, мамлекетке катуу сокку ура турган көрүнүш экенин айтты.
"Уруу болуп өткөрүлүп жаткан курултайлар улутка, мамлекетке катуу сокку ура турган көрүнүш. Жогорку кызматка дайындалуу акыл-эсинин өсүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк жаратпайт. Кечээ эле элдин өкүлүбүз, өкмөт башчыбыз, министрбиз деп отурган “азаматтар” дагы деле биз ушул урууга таандыкпыз дешип, мындай жыйындарга барып катышкандыгы алардын сабатсыздыгы же майдалыгы болуп саналат. Бул өтө жагымсыз жана өкүнүчтүү көрүнүш. Мени улут катары өкүндүргөнү алардын арасында жазуучубуз, акыныбыз, академигибиз бар.
"Ай тамга солто" коомунун курултайы өтүп жатканда жаштардын келип "эмне бөлүнүп жатасыңар?" деп маселе койгону аксакалдарга караганда алардын жүрөгү таза экендигинин далили. Бүгүнкү күндө жаштар бөлүнүүнү каалабайт. Ошол бөлүнөбүз деп жаткандар - илгертен иритип саясат жасап келген байкуштар. Алар ушундай жол менен бириге калып, бийликке коңгуроо кагып, "мына ушул урууну биз бириктирип жатабыз, бир ууч кылып кармоодобуз" деген ириген-чириген саясатты жүргүзүүнүн уландысы катары кабыл алсак болот", - деди Мадумаров.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Азыркы президент дагы мамлекетти трайбалисттик саясатка бурганын байкабай жатат"

Экс-депутат
Равшан Жээнбековдун айтуусунда, мындай көрүнүш сөзсүз түрдө өлкөнүн түштүк аймагынан президент келгенде аябай күчөйт.
"Өлкөнүн түштүк аймагынан келген президентке Чүйдүн тегерегиндеги "дежур" аксакалдар басым жасоо үчүн ар кандай уруулардын чогулуштарын, талаптарын көтөрүп чыгышып, бийликке жеткиргенге өтүшөт. Ошол аркылуу саясий соода жүргүзүшүп, кызмат алышат жана бийликке тууган-уруктарын сүрөп чыгышат. Ал эми азыркы президент дагы саясатта уруулук-кландык иштер менен алектенип жатат. Бул ишти көп адамдар байкабоосу мүмкүн. Бирок саясатты жакшы билген адамдар өлкө башчынын мындай ишин билип жатабыз. Тилекке каршы, учурдагы президент трайбалисттик көз караштар менен ойноп, ошондой саясатка көңүл бура баштады. Мындай жол менен президент мамлекетти трайбалисттик саясатка бурганын байкабай жатат. Бул бүгүнкүгө да, келечекке дагы коркунучтуу процесс болуп эсептелет", - деди Жээнбеков.
АБДРАХМАНОВ: "Курултайды өткөргөндөр жалаң чиновниктер. Алар өздөрүнүн кландык адамдарына кызмат алып берүү максатын көздөп жатышат"

Экс-депутат
Өмүрбек Абдрахманов Кыргыздын бийлиги, калкы, улуту баары биригип, эски феодалдык мыйзамдар менен жашап жатканын айтты.
“Бул курултайга баргандар жалаң чиновниктер. Алардын максаты бирөө эле, тактап айтканда, өздөрүнүн кландык адамдарын азыркы бийликке сунуштап, аларга кызмат алып берүү. Мындан тышкары парламенттеги экс-төрагаларды чогултуп жыйын курушууда. Президент дагы экстердин баарын чогулткан. Экс-чиновниктерден акыл чыкса, алар кызматта турган учурунда эле реформа жасамак. Бирөө дагы бир реформа жасаган жок. Эми ошол экстерден акыл чогултабыз дешет. "Ай тамга солто" коомунун курултайы - жогоруда айткандарымдын уландысы. Мындай иштердин натыйжасында Кыргыз өлкөсү артты көздөй кетип бара жатат. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн демократия, реформа кылалы деген бир адам жок”, - деди Абдрахманов.