КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында кимдерди депутат катары көргүңүз келет?

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары коомчулуктун сынына кабылууда. Акыркы учурда парламент күзүндө тарап, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт деген жоромолдор көп айтылып баштады. Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына кимдер эл өкүлү болуп келиши керектиги тууралуу талкуулар күчөдү.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында кимдерди депутат катары көргүңүз келет?" деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Мамлекеттеги маанилүү, актуалдуу маселелерди коркпостон көтөрө алган депутаттардын келишин каалайм"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков президентке, өкмөткө каршы чыга алган депутаттар келишин каалай турганын айтты. "Биздин тарыхыбыздагы жана азыркы кездеги парламенттеги депутаттардын көпчүлүгү дайыма президенттин, өкмөттүн гана көзүн карап, жеке өздөрүнүн маселесин чечип келет. Демократия, реформа үчүн күрөшкөн, зарыл убакта президентке, өкмөткө каршы чыга алган, оппозиция боло алган депутаттардын келишин каалайм. Мамлекеттеги маанилүү, актуалдуу маселелерди коркпостон көтөрө алган эл өкүлдөрү келиши зарыл. Бул же тигил келиши керек деп айта албайм. Бирок жалпысынан ушундай адамдар канчалык көбүрөөк келе турган болсо парламент, мамлекет күчтүү болуп, саясат ошончолук таза болот. Бийлик эффективдүү боло баштайт", - дейт Жээнбеков.

МАДУМАРОВ: "Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын 90 пайызы талаптарга жооп бербеген инсандар"

Саясатчы Адахан Мадумаровдун пикиринде, Жогорку Кеңешке депутат ким болсо ошол болсун 36 тамганы тааныгандар келиши керек."Турмуш-тиричилик тажрыйбасы бар адам парламентке келиши шарт. Жогорку Кеңешке мамлекет эмне экенин түшүнгөн, бюджет деген сөздү так сүйлөй алган, ички, тышкы саясаттан түшүнүгү бар, маданияттуу, сабаттуу инсандардын келишин каалайм. Колу, жүрөгү таза, эч нерсеге аралашпаган, казынага кол салбаган, элди акчасы менен сатып албаган депутаттар келиши зарыл. Азыркы парламенттин ичинде мындай 3-4 депутат болушу мүмкүн. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын 90 пайызы мен айткан талаптарга жооп бербеген инсандар", - дейт Мадумаров.

АСАНОВ: "Жогорку Кеңешке көз карандысыз, өз алдынча иш алып барган депутаттар келиши керек"

Саясатчы Бектур Асанов кийинки келе турган депутаттарды эл туура тандайт деген ниетин билдирди.

"Кийинки парламентке азыркыга салыштырмалуу дурус депутаттар келет деп ишенем. Эл дагы депутаттарды туура шайлайт деп үмүттөнөм. Жогорку Кеңешке көз карандысыз, өз алдынча иш алып барган депутаттар келиши керек", - дейт Бектур Асанов.

МОЛДАЛИЕВ: "Элде депутаттарды чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү болушу керек"

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев шайлоолор боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын эске салды. "Партияларды тизмеси менен шайлабай, лидерин жана анын жанында кимдер жүрсө ошого карап эле шайлап коюп жатабыз. Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, шайлоого ошол партиянын ичиндеги 50-60 кишинин тизмесин койсо туура болот. Көп мамлекеттерде ошондой, бюллетень аябай чоң тизме болот. Эл алардын арасынан тандап добуш берет. Ошондой эле жергиликтүү элдин каалоосун эске алып, аймактык шайлоо округдан бирден депутат кылгандай систем сунуштары бар. Ылайык болобу же жокпу деп ошону изилдеп көрүү керек. Чынын айтканда, партияны шайлаганда добуштар сатылып кетет. Добуш сатып алган депутат элге экинчи кайрылбайт. Анткени шайлоо эмес соода болду да. Ошон үчүн жарандар добуштарды сатпашы керек. Айрым депутаттар мандатын тапшырбай, партияга баш ийбей, чыгып кеткен учурлар болуп жатат. Партияга, элге баш ийбесе кандай депутат болуп калат? Ал кимдин кызыкчылыгын көздөп жатканы белгисиз болот. Ушундай башаламандык системден чыгышыбыз керек. Ошондой эле элде депутаттарды чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү болушу шарт", - дейт Молдалиев.

КЕЛДИБАЕВ: "Азыркы 120 депутаттын көпчүлүгүнүн кайрадан парламентке келишин каалабайм"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында олигархтардын келишин каалабай турганын айтты. "Парламенттик шайлоодо бул адамдар өтүшү керек деп айтайын десем андай деле киши жок. Белгилүү адамдардын деңгээлин, билимин баарын көрүп бүттүк. Кийинки парламентте олигархтарды, сүткорлорду көргүм келбейт. Алар эч убакта Кыргыз мамлекетин оңдобойт жеке кызыкчылыктарын биринчи орунга коёт. Парламенттик башкарууга өткөнүбүзгө карабай Жогорку Кеңеш көз каранды болуп жатат. Азыркы 120 депутаттын көпчүлүгүнүн Жогорку Кеңешке кайрадан келишин каалабайм. Келген депутаттардын көпчүлүгүн көрдүк. Кийинки чакырылышка ыйманы, ынсабы бар, Кудайдан корккон, элим, жерим деп күйгөн адамдар келсе деген оюм бар. Шайлоо таза өтүп, бийлик административдик ресурстарын колдонбой, добуш сатып алууга жол берилбеши керек. Партиялар идея, программалар менен күрөшүшү керек", - дейт Келдибаев.

ҮМӨТАЛИЕВ: "Азыркы бийликке топтолгондор жаңы эл өкүлдөрүн киргизбөөгө, узурпация кылганга шарт түзүп жатат"

Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев кеп азыр конкреттүү адамдарда эмес, кеп Жогорку Кеңештин кандайча топтолорунда болуп жатканын айтты. "Жогорку Кеңеште элдин өкүлдөрү болушу керек да. Бүгүнкү бийликтегилер Жогорку Кеңешке 9 пайыз босоголук чектен өткөндөрдү киргизүүгө мыйзам даярдашты. Азыркы бийликке топтолгондор жаңы эл өкүлдөрүн киргизбөөгө, узурпация кылганга шарт түзүп жатат. Бул коркунучтуу нерсе. Жогорку Кеңеш бийлик менен жуурулушуп, узурпацияга алып келет. Жаңы өкүлдөрүн бийликке аралашканга жол берилбей калат", - дейт Эмил Үмөталиев.

КАДЫРБЕКОВ: "Жогорку Кеңешке принциби бар, эл үчүн күйгөн адамдар келиши керек"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Жогорку Кеңешке билимдүү адамдар келиши керек деген пикирде. "Парламенттин кийинки чакырылышына билимдүү, принциби бар, эл үчүн күйгөн адамдар келиши зарыл. Азыркы учурда Жогорку Кеңеште андай депутаттар жок", - дейт Ишенбай Кадырбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан