КҮНСОБОЛ: Сооронбай Жээнбеков "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деди. Бийликтин 3 бутагынын биримдикте иштеши бир адамдын бийлигин күчөтүп, тең салмактуулукту жоготпойбу?

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлик бутактарынын биримдикте иштеши тууралуу пикири коомчулукта талкуу жаратты. Бийлик бутактарын бириктирүү мамлекет башчынын иши эместигин, Конституцияда да мамлекеттик бийлик бутактарынын бөлүнүшү тууралуу жазылганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Жарандык активисттердин арасында "Бийликтин үч бутагы достошуп, бир команда болуп калганы кооптуу, анда ал жерде мафия менен диктатура орун алат" деген пикирлер айтылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деди. Бийликтин 3 бутагынын биримдикте иштеши бир адамдын бийлигин күчөтүп, тең салмактуулукту жоготпойбу?" деген собол салды.

АБДЫЛДАЕВ: "Бийликтин үч бутагы биригип иштеши керек деген туура сөз"

Депутат Мыктыбек Абдылдаев бардык бийлик бутагы мамлекет, эл үчүн биригип иштеп, жооп бериши керек деген пикирде.

"Бийликтин үч бутагы биригип иштеши керек деген туура сөз. Конституциянын 3-беренесинде негизги бийликтер ким тарапта экени жазылган. Ал жерде мамлекеттик бийлик жөнүндө түшүнүк бар. Баш мыйзамда 1-пунктунда белгиленгендей, Жогорку Кеңеш менен президентке эл тарабынан бийликтин үстөмдүгү берилген. Ушуну туура колдонушубуз керек. Андан кийин 2-пунктта мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү деп айтылат. Мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги, сот бийлиги деп бөлүштүрүлгөн. Ошондой болсо да президент институту Жогорку Кеңеш менен бийликтин бутагында тургандыктан биригип иштеши керек дегенди түшүнүү керек. Негизги жоопкерчилик эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш менен президентте турат. Бийлик бул эки институтка үстөмдүк катары берилген.Ушунун негизинде бардык бийлик бутагы мамлекет, эл үчүн биригип иштеп, жооп бериши керек. Ошондо туура болот", - дейт Абдылдаев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Бийлик бутактарынын биримдикте иштеши бир кишинин бийлигине, авторитаризмге жана экономикалык-социалдык жарылууга алып келет"

Экс-депутат Равшан Жээнбеков бийлик бутактарынын биримдикте иштешинин терс жактары бар деген пикирде.

"Жакшы мамлекетте ар кайсы бийлик бутагы өз алдынча, өзүнүн түз функцияларын так аткарып, бири-бирин көзөмөлдөп иштейт. Биримдикте иштеген бутактар өлкөгө пайдалуу эмес. Биримдикте иштөөнүн жыйынтыгын 30 жылдан бери көрдүк. Бул бир кишинин бийлигине, авторитаризмге жана экономикалык-социалдык жарылууга алып келет", - деди Жээнбеков.

САРИЕВ: "Бийликтин үч бутагы биримдикте иштөө менен бирге бири-бирин көзөмөлдөп, балансты сактап турушу керек"

Саясий серепчи Марс Сариев азыркы күндө мамлекеттик аппарат, бийлик бутактары ыдырап жатканына токтолду.

"Бийликтин үч бутагы биримдикте иштеши керек, бирок бири-бирин көз карандысыз текшерип, көзөмөлдөп, баланстын сакталып турушу үчүн алар үч бутак болуп бөлүнүп жатат. Биримдикте иштөө да механизм болуп саналат. Азыр Жээнбековдун алгоритми - мурунку мамлекеттик кызматта иштегендерди чогултуп, ынтымакка чакырып жатат. Азыр бийликтин бутактары, мамлекеттик аппарат ыдырап жатпайбы. Систем жок. Премьерди бир нече жолу алмаштырып жатып азыр экономика, өндүрүш тармагы токтоп калды. Мамлекеттик аппараттын ыдырап жатканын токтотуп, бир системге алып келейин деген аракети болушу керек", - деди Сариев.

ТОКТАКУНОВ: "Бир сүйлөм менен Жээнбеков өзүнүн деңгээлин көрсөтүп койду"

Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштесе коррупция күч алат, мыйзам бир эле президент үчүн иштей баштайт.

"Жээнбековдун бул сөзү анын деңгээлин көрсөтүп койду. Бийлик бутактары бири-бири менен эриш-аркак эмес, бири-бирин тескеп, көзөмөлдөп, бири-биринин кылмыштарынын бетин ачып иштеши керек. Ошондо өлкөдө чындык орнойт, ошондо эл мыйзамдан коркуп баштайт. Укук коргоо органдары да бири-бирин көзөмөлдөп, тескеп турушу керек. Бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштесе, анда баары президентке эле баш ийип, бир эле адамдын алдында иш жасап калат. Мындай учурда коррупция күч алат. Себеби коррупциянын бети бийлик бутактары бири-бирин көзөмөлдөп, тескеп турганда ачылат. Президенттин “баары бири-бири менен биримдиктүү иштеши керек” деген сөзү – "баарың менин алдымда, мен үчүн иштегиле" деген эле сөз", - дейт Токтакунов.

БАКИРОВ: "Президент "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деген сөздү жакшы ойдо айтса керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров мамлекет башчынын бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек деген чакырыгын кубаттай турганын айтты.

"Бул нерсени президент жакшы ойдо, жакшы ниетте айтса керек. Биримдик деген - бул консолидация деген түшүнүк. Бул мамлекеттик стратегиялык маанилүү маселе болгондо үч бийлик бутагы ар тарапка тартпай биримдикте болсок, өнүгүү, ийгилик тез келет деген үмүттө айтылган сөз катары кабыл алам. Президенттин сөзүн коңшу мамлекеттерди карап бир муштум, бир тилек, бир билек болуп кыска убакыт ичинде өлкөнү алдыга жылдырсак деген ой-пикирде кабыл алам. Бул чакырыкты кубаттайм", - дейт Бакиров.

КАРАСАРТОВА: "Тең салмактуулук бузулган жакта эч качан өнүгүү болбойт"

Укук коргоочу Рита Карасартова учурда өлкөдө тең салмактуулук бузулуп турган кез экенин айтты.

"Баарыбыз биримдикте бололу, чогуу иштейли" деген сөздөр тойлордо айтыла турган сөздөрдүн эле бири. Чын-чынына келгенде өнүгүүгө тең салмактуулук алып келет. Себеби бийлик бири-бирин мыйзамдан чыкпайбы деп карап турушу керек. Мисалы, сот мыйзамдан чыкса соттоп койгонго башка бийликтерде жоопкерчиликке тартканга мүмкүнчүлүк болот. Аткаруу бийлиги аткаруу инструменттери менен карап, мыйзам чыгаруулар бир жери туура эмес болуп баратса өздөрүнүн ыйгарым укуктары менен мыйзамдарды оңдоп, бири-бирине тең ата боло алат. Ар бир бийлик бутагы күчтүү болуп, башка бийликти да көзөмөлдөп турганы маанилүү. Тең салмактуулук бузулган жакта эч качан өнүгүү болбойт. Учурда өлкөдө тең салмактуулук бузулуп турган кез. Бул эмнеден билинет? Мына учурда 3 бийлик бутагы жасаган кылмыштардын баарын УКМК тергейт, алардын кылмыш ишин козгогонго мүмкүнчүлүгү бар. УКМК президенттин колунда болгондон кийин ал анын камчысына айланып калган. Ошентип азыркы күндө депутаттардын "мындай болушу керек, тигиндей болушу керек" деп талашып-тартышканын күтөбүз, бирок ал жакта ат салышуу деле жок. Себеби өйдө жактан сурап жатышат дегенде кабыл алып берип коюшат. Сот бийлиги деле өйдө жактан сураган нерсени кудум эле ошондой кылып чечим чыгарып берип коёт. Аткаруу бийлик берген нерселерди аткарган бийлик болуп калган. Бул нерселер өнүгүүгө эч качан алып келбейт. Ич ара эптеп бийликке келдик, эми кармай туралы деген эле күн өтөт", - дейт Карасартова.

ОШУРАХУНОВА: "Конституцияда ар бир бийлик бутак өзүнчө көз карандысыз болуп иштеши керек деп жазылган"

Укук коргоочу Динара Ошурахунова үч бийлик бутагы биримдикке келишсе баары бир адамга баш ийип калуу коркунучу бар экенин айтты.

"Конституцияда ар бир бийлик бутагы өзүнчө көз карандысыз болуп иштеши керек деп жазылган. Ошондо гана демократиялык процесстер жүрөт. Эгерде баары тең бири-бирине көз карандысыз болуп, бир гана мыйзамга, Конституцияга таянып иштешсе, анда демократиялык процесстер жакшы жүрүп кетмек. Тилекке каршы, баары бир адамга же бир бийлик бутагына баш ийип калууда. Президент "бардык бийликтин бутактары биригиш керек" дейт, бирок алар эч качан бирикпейт, себеби бул нерсе Конституцияда так жазылган. Булардын баары көз карандысыз болушу керек. Биримдикке келишсе да мыйзам жолунда иштеши зарыл. Учурда бардык бийлик бутактары биригип калганы үчүн адам укуктары бузулууда. Демократиялык процесстер болбой, реформалар да болбой жатат. Себеби сот прокурорго баш ийип, прокурор УКМКга, ал эми УКМК өлкө башчысына баш ийип калууда", - дейт Ошурахунова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан