Бүгүн, 19-июлда президент Сооронбай Жээнбеков жарандык активисттер менен жолукту. Жолугушууга өкмөттүк эмес 40 уюмдун өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган. SUPER.KG порталы "Президенттин жарандык активисттер менен бүгүн болгон жолугушуусунан кандай жыйынтыктарды күтүүгө болот?" деген собол салды.
КАПТАГАЕВ: "Жолугушууга чакырылбай калгандардын нааразы болушу табигый көрүнүш"Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушканы дурус иш болду деген пикирде. "Анткени президент шайлоодон кийинки учурда коомчулуктан алыстагандай сезилип жаткан. Азыр жолугушууга чакырылгандардын курамы боюнча бир топ нааразычылыктар социалдык түйүндөрдө жазылып жатат. Бул табигый эле көрүнүш, баарын чакырып, бир жерге чогултуу мүмкүн эмес. Ал эми Кыргыз улуттук филармониясы же дагы башка чоң залга жыйналыш өткөрсө, пикир алышууга мүмкүн болбой калат. Менин оюмча, учурдагы жигердүү иштеп жаткан бейөкмөт уюмдардын негизгилери толук эле камтылган, акыркы жылдарда коомдогу курч маселелерди таамай айтып, так көтөрүп жүргөн коомдук лидерлердин көбү чакырылыптыр. Эркин пикир алмашуу болсо өтө курч маселелер көтөрүлөрүнөн күмөн санабай эле койсо болот.
Президенттин мындан ары да иш алып баруу ниети болсо, анда кийинки жолугушууларды багыт-багыты боюнча өткөрүү максатка ылайык болот деп ойлойм. Мисалы, коомдогу демократиялык процесстерге, адам укуктары, саясий укуктар, сот жана укук коргоо органдарындагы реформалар боюнча аракет кылып жүрүшкөндөрдү өзүнчө чакырып жыйын өткөрсө, маселелер ыкчам чечилмек. Ошондой эле экология багытындагыларды, жаштар, балдар көйгөйлөрү, аялдар, үй-бүлө маселелери боюнча дагы чогулуш өтсө жакшы болмок", - деди Каптагаев.
АСКАРБЕКОВ: "Жарандык активисттер тарабынан айтылган маселелер чечилип, жыйынтыгы болот деп ишенебиз"
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков бүгүнкү жыйынга катышканын айтып, чогулуш конструктивдүү, жемиштүү өткөнүн белгиледи.
"Бүгүн президент менен жолугушуу биринчи жолу болуп өттү. Абдан жакшы, конструктивдүү жана жемиштүү жолугушуу болду деп айтсак болот. Себеби 3-4 саатка жакын созулган жолугушуу президент менен түзмө-түз сүйлөшүү суроо-жооп, сунуш иретинде өттү. Көптөгөн маселелер, суроолор, сунуштар айтылды. Бул биринчи жана акыркы жолугушуу эмес. Эми дайыма жолугушуу болуп турат. Президент көйгөйлүү маселелерди чечүүгө аракет кылганга сөз берди. Буюрса жолугушуунун жыйынтыгын жакын арада көрүп баштайбыз. Себеби ар бир катышуучунун суроосу, сунушу президент тарабынан жазылып калды. Маселелер чечилип, жыйынтыгы болот деген ишенимдебиз", - деди Аскарбеков.
КЫЛЫЧОВ: "Бүгүнкү жыйынды уюштургандар президентти атайын аңга түртүп жаткандай элес калтырды"
Жарандык активист Алга Кылычов президенттин ишмердүүлүгүнө каршылыгы жок экенин айтып, бирок бүгүнкү жыйынга чогулгандар тууралуу нааразычылыгын билдирди.
"Касапчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" деген сөз бар эмеспи. Албетте, сөзүмдү айтардын алдында президентибиз Сооронбай Шариповичтин ишмердүүлүгүнө жана өзүнө эч каршылыгым жок. Бирок коомчулуктун өкүлү болгонумдан кийин президентке коомчулуктун атынан өз үнүбүздү жеткирип коюуну туура көрдүм. Президент коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруу зарыл. Бирок ошол коомчулуктун атынан дегендер кимдер? Бүгүнкү жыйынга чогулган адамдардын көбү демократияга жамынып алып, Кадыржан Батыров өңдүү сепаратисттердин жактоочулары, кандуу Бакиевдин режиминде чындап сөз эркиндиги муунуп, көптөгөн адам өлтүрүүлөр болуп турганда унчукпай кубаттап жүргөндөр чогулгандай элес калтырды. Жалаң батышчыл көз караштагы Орусияга каршы күчтөр жыйналып алгандай сезилди. Айтайын дегеним, алардын арасында өздөрүн сөз эркиндигин коргоо комитети деп атап алышкан Бегалы Наргозуев менен Равшан Жээнбековду айтсак болот. Наргозуев Бакиевдердин жандай көргөн досу болуп "Ак Жол" партиясынан депутат болгон. Ал Медет Садыркулов жана Геннадий Павлюк мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатканда "Ак Жолдо" үн катпай депутат болуп отурбады беле? Равшан Жээнбеков Аскар Акаевдин убагында, мамлекетибиздин мүлктөрү тонолуп жатканда Мүлк министрлигин башкарып жүргөнүн ким тана алат?
Ошондой эле бүгүнкү жыйынга чогулгандардын арасында грант аркылуу жанын баккан, жеген гранттарын актоо үчүн мамлекетибиздеги алгылыктуу иштерди каралап, "бизде демократия жок" деп кыйкырган адамдар отурат. Чындап мекени үчүн күйүп, мыйзамдуулукту туу туткан адамдар аз. Мисалы, өз жандарын аябай күч түзүмдөрү иштей албай турган учурда 2005-2010-жылдары талап-тоноону, улут аралык жаңжалдарды жоюуга өз салымдарын кошкон элдик кошуундардан түзүлгөн 17 коомдук уюмдардын бири да жок. Жаштардын атынан жаратмандыкты жаратып жаткан жаштар жок. Менин жеке пикирим боюнча, президенттин айланасындагы мындай иш-чараларды уюштуруп жаткан адамдар мамлекет башчыны атайын аңга түртүп жаткандай көрүнөт. Сөзүмдүн аягында айтарым, бүгүнкү жолугушуу гүлгө чогулган бок чымындардын жыйынындай элес калтырды", - дейт Кылычов.
ТУРДУКУЛОВ: "Жолугушууда тандалма суроолор болгон жок, каалагандай пикирлерди айттык"
Жарандык активист Адил Турдукулов президент менен жолугушууга ар кайсы тармактагы 40 адам катышканын айтты. "Жолугушууда Кыргыз мамлекетинде кандай көйгөлөр болсо ошонун негизгилеринин баарысы айтылды деген ойдомун. Ал жерде бир гана жарандык активисттер эмес, эксперттер, маданий ишмерлер катышты. Ошондуктан ар кыл ойлор айтылды. Катышуучулар өзүнүн ойлогон маселелерин президентке жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Президент ар бир айтылган сөзгө, сын-пикирге дагы жооп берүүгө аракет кылды. Айтылган маселелерди жазып алып көз жаздымда калбаарына ишендирди. Бир эле формалдуу жолугушуу өттү деген сөз калбасын деп системдик түрдө жолугушуу болуп турсун деген каалоолор айтылды. Эки саатка пландалган чогулуш 4 саатка чейин созулду. Президент өлкөнүн өнүгүсүү жарандык коом менен өнөктөштүктө, кызматташтыкта болгондо боло турганын айтты. Мында атайын эрте даярдалган тандалма суроо болгон жок. Ар ким каалагандай пикирин айтты", - деди Турдукулов.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Президент менен жарандык активисттердин жолугушуусунан жыйынтык чыкпайт"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров президенттин жарандык активисттер менен жолугушуусун айрым маалымат каражаттары мактап жазып жатышканына нааразы болду. "Айрым маалымат каражаттар президентке рахмат айтыш керек деп жазып жатат. Эмне үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек? Мамлекет башчы жарандык активисттер менен жолукканга милдеттүү. Буга чейин бир нече жолу коңгуроо кагылып, кээ бир активисттер президентке кат жазышкан. Сооронбай Жээнбеков активисттер менен жолугуп койсо эле өзгөрүүлөр болуп кетет дегенден алысмын. Анткени ал киши кайрылууларга кандай мамиле жасаганын билебиз. Мисалы, Мурат Тунгышбаевди экстрадициялоодо Жээнбековго кат жөнөткөнбүз. Жооп кана? Жок. Мөңгүлөр боюнча жазган катыбызга да жооп жок. Бүгүнкү жыйын жасалма болду. Жасалма болбосо эмне үчүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизген жок. Жашыра турган эмне бар? Жолугушуу ачык-айрым болушу керек. Чакырылган коноктор тууралуу тизмесин окудум, мени чакырбай койду деп таарынбайм. Мени таң калтырганы чакырылгандардын арасында жөн эле аты бар, бирок заты жоктор жүрөт. Бул жолугушуу өттү деген отчёт. Мындай чогулуштан майнап чыкпайт", - деди Токтонасыров.
БАЙСАЛОВ: "Мен президенттин суранычына кызматташууга эмес, кызмат кылууга даярмын деп жооп бердим"
Жарандык активист Эдил Байсалов президент мурунку жана азыркы бийликке сын айтып келген адамдардын башын бир жерге чогултканына токтолду. "Президент алардын бардыгы менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрө аларына даяр экендигин көрсөтө алды. Чынын айтсам,мамлекет башчы бүгүнкү жыйынды өткөрүү менен мени таң калтырды. Жолугушуу учурунда президент бир дагы суроодон качкан жок. Ал бардык курч суроолорго жооп берип, жүзү жарык экенин көрсөтө алды.
Ал эми кийинки жыйынтык тууралуу айтсам, баарыбыз эле мамлекет өнүксүн, ынтымактуу коом түзүлсүн деп тилек кылат эмеспизби. Президент да элди бириктирейин, ынтымакты чыңдайын, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бирге иш аткаралы, буга баарыңар көмөктөшкүлө деп бизден суранды. Биз мындай сунуштан эмне үчүн баш тартышыбыз керек? Жеке мен президенттин суранычына кызматташууга эмес, кызмат кылууга даярмын деп жооп бердим. Жолугушуу мен күткөндөн да жакшы өттү", - деди Байсалов.
ОШУРАХУНОВА: "Бир жолугушуудан демократияны алдыга жылдыруу үчүн эч кандай майнап чыкпайт"
Укук коргоочу Динара Ошурахунова ушул багытта көптөгөн жолугушууларды өткөрүп туруу керек деген ойдо. "Сооронбай Шарипович өзү деле алдыда көптөгөн жолугушууларды өткөрүүгө даяр экенин айтты. Ошондой эле мындай жолугушуулар башка тармактын өкүлдөрү менен да белгилүү бир мөөнөт сайын өтүп туруу керектигин баса белгиледи. Биз дагы бул боюнча бир нече сунуштарды бердик. Бул биринчи жолугушуу болгон үчүн бардык маселени талкуулай алган жокпуз. Жыйында эң негизги маселе катары сот реформасы, коррупция жана бийлик бутактарындагы реформанын жоктугу талкууланды. Жеке менин пикиримде, мындан ары жарандык коом менен президенттин ортосунда бири-бирине көмөктөшүп иштөө механизимдерин түзүү керек. Эгер ушунун баары жасалса, анда мындай жолугуушулар коомдун өнүгүшүнө, демократиянын алга жылуусуна сөзсүз таасирин тийгизет. Мурдагы президенттер дагы жарандык коом өкүлдөрү менен бир жолу жолугуп, убада берип, бирок ошол бойдон калып калчу. Мына ошондуктан жарандык коом менен бийликтин ортосунда ажырым пайда болуп келген", - дейт Ошурахунова.