Сокулук районуна караштуу Орок айылында Айт намаздагы өспүрүмдөрдүн мушташынан улам жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен Айт намаз учурунда 3 өспүрүмдүн ортосунда мушташ болгон. Натыйжада 2002-жылы туулган жергиликтүү тургун денесинен жаракат алган. Мындан улам аталган айылда жергиликтүү тургундар чогулуп баштаган.
"Учурда Орок айылында милиция кызматкерлери жана анын жетекчилиги иш алып барууда, мындан сырткары атайын кызматтагы жоокерлер да тартылды. Алар чогулган элди таратууга аракет кылышууда", - деп билдирди тургун.
Алдын ала маалыматтар боюнча милиция тарабынан 10 жергиликтүү тургун кармалды.
17:30. SUPER.KG порталынын кабарчылары жеринен барып түз эфир бере баштады. Журналисттер барган учурда жергиликтүү тургундар милициядан кармалган жарандарды бошотуу талабын коюп жатышты.
18:00. Жергиликтүү тургундар айылдын ортосуна чогулуп, Айт намаздан кийин жергиликтүү 2 тургун тарабынан катуу сабалган 2 өспүрүмдү сабагандарга карата чара көрүүнү талап кылышты. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаңжалды басуу аракеттерин көрүштү.
18:05. Окуя болгон жерге Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат барып жергиликтүү тургундар менен жолукту. Аталган айылга барган Түркиянын элчисин жергиликтүү тургундар тосуп алып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, 2 өспүрүмдү ур-токмокко алган жарандарды катуу жазалоону өтүнүштү. Элчи чогулган жарандарга кайрылып, бул маселени дипломатиялык жана тынчтык жолу менен чечүү керектигин баса белгиледи.
18:20. Жабыркаган эки өспүрүм тең 2003-жылы туулган балдар. Алар Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына жеткирилип, бири жандандыруу, ал эми экинчиси травматология бөлүмүнө жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
18:30. Мындан сырткары жаңжал учурунда 15 турак үйдүн жана бир нече унаанын айнектери талкаланып, жергиликтүү тургундун сарайы өрттөлгөн.
18:40. Милициянын берген маалыматына караганда, 2 өспүрүмдү ур-токмокко алган 2 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми жергиликтүү тургундар өспүрүмдөрдү токмоктогон жарандарга карата тиешелүү жана адилет чара көрүүнү талап кылышты. Алар Сокулуктагы райондук ички иштер бөлүмүнө барууга камынышты.
18:40. Жерине Ички иштер министрлигинен өкүлдөр жана күчөтүлгөн тартипте аскерлердин, милиция кызматкерлеринин жоон тобу абалды турукташтыруу үчүн барышты.
18:50. Окуяга катыштыгы бар деп кармалган жергиликтүү тургундардын жакындары Сокулук РИИБинин имаратына барууга аракет кылышты. Бирок милиция кызматкерлери аларды курчоого алып, Сокулук тарапка чыгарбоо аракетин кылышты.
"Өзүбүз барып аларды бошотуп келишибиз керек. Биздин көзүбүзчө колу-бутун кайрып алып кетишти. Барбасак бошотушпайт, күч колдонуп сабашат", - деп нааразычылыгын билдирди жергиликтүү тургун.
19:00. Бул арада милициянын өкүлү, басма сөз кызматынын улук инспектору Назира Имангазиева топтолгон журналисттерге официалдуу маалымат берди:
"5-июнь күнү болжол менен 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм бала 1 баланы жалгыздап сабап салышкан. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, териштирүү жүргүзүп баштаган. Ал эми жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Буга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилди".
20:00. Жергиликтүү тургундар сарайларга өрт коюшууда. Жеринде жамгыр жаап жаткандыгына байланыштуу чогулгандар тарап жатышкан. 2 жерде жыйылган чөптөр белгисиз адамдар тарабынан өрттөлдү. Жеринде 1 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат.
20:10. Жабыркаган балдардын бири Тимур А. 2003-жылы туулган. Ал Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Жабыркаган баланы көргөнү ооруканага келген адам буларды билдирди:
"Тимур Бишкекте окуйт, каникулга чоң атасыныкына барган. Бейбаш эмес жоош бала болчу. Эмне болуп жаңжалга аралашып калганын билбейм. Апасы кош бойлуу, этият болуубуз керек. Тимур учурда өзүнө келди", - деди ал.
20:30. Чүй ОИИББинин берген маалыматына караганда, учурда Орок айылындагы абал туруктуу жана милиция кызматынын көзөмөлүндө. Жеринде министр Кашкар Жунушалиев жана анын орун басары иштеп жатат. "Сокулуктагы урушту улуттар аралык жаңжал деп баалабоого чакырабыз", - деп билдирди ИИМ.
20:55. Учурда сарайларда жыйылган чөпкө коюлган өрт өчүрүлө элек. Терезелери талкаланган 7-8 үйдүн тургундарына милиция кызматкерлери арыз жаздырууда. Үйүнүн терезелери талкаланган жашоочулар материалдык чыгымдарды төлөтүп берүүнү талап кылышууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин да ушул сыяктуу жаңжал болгон жана ал эки тараптуу элдешүү жолу менен чечилген. Бул ирет бардык мыйзам бузуулар тиешелүү тартиптердин негизинде чечилиши керек дешет.
21:10. Милиция кызматкерлери жана аскерлер кооптуу делген көчөлөрдү курчоого алып, абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп жатышат.
22:00. Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын алдында кармалгандардын жакындары чогулушту. Алар кармалгандарды бошотуу талабын айтышууда. Учурда Сокулук РИИБине 31 адам мыйзамга жат келген иш-аракеттерди жасады делинип жеткирилген.
22:40. Сокулук РИИБинин алдына 60 адам топтолду. Алар "балдарыбызды 4 сааттан бери кармап жатат" дешүүдө. Арасында жабыркаган бала Тимурдун апасы бар. "Тимур 15 жашта, башынан катуу жаракат алган" дешет тургундар. Жабыркаган баланын апасы күйөөсүн милиция кармап кеткенин, өзү кош бойлуу болгонуна байланыштуу жолдошун жандандыруу бөлүмүндө жаткан баласынын жанына чыгаруусун талап кылат.