Сокулук районуна караштуу Орок айылында абал тынч.
Учурда айыл аймагы күч органдарынын кызматкерлеринин курчоосунда турат. ИИМ министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдиргендей, милиция кызматкерлери айылды түнү менен кайтарышкан.
Учурда айылдагы мечиттин жанына жергиликтүү тургундар чогулууда.
Окуянын чоо-жайы:
5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.