Туйгунаалы Абдраимовдон "ырайыңыз жаккан жок" деген сөздү уккан журналист билдирүү жасады

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов орой мамиле жасаган журналист социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды. Журналист Алия Абдымажитова аны колдогондорго ыраазычылыгын билдирген.

"Мени колдогон бардык кесиптештериме, досторума, тааныштарыма жана тааныш болбосо дагы колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгымды билдирем. Жарандык активисттерге, медиа бирикмелерине рахмат айтам. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов менен болгон маек толугу менен сакталып калган. Жазылып калган видеодон Туйгунаалы Абдраимовдун жасаган мамилесине баа берсе болот. Мен өзүмдүн, кесиптештеримдин дарегине карата айтылган негативдүү комментарийлерди окудум. Ал үчүн кесиптештеримден кечирим сурайм. Туйгуналы Абдраимовдон комментарий алайын деп барганыңар үчүн силерди саткын деп айыпташты. Алар силердин журналисттик колдоо кылганыңарды, адам катары өзүңөрдүн намысыңарды коргоп жатканыңарды билген жок. Өкмөт өкүлү жөнөкөй жарандардын маселесин карап жатканда алардын кебетесине карабайт деп ишенем", - деп жазылат.

5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берүү учурунда суроолорго кыскача жооп берип жатып толук маалыматты КТРК телеканалына гана берерин айткан. Буга байланыштуу журналисттин "Эмнеге?" деген суроосуна ал "ырайыңыз жаккан жок" деп орой мамиле кылган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Абдраимовдун журналистке кылган орой мамилеси жалпы аткаруу бийлигинин бутагына көлөкө түшүргөнү үчүн өкүнгөнү маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
KaGaH
2019-06-10 01:55:24
Жакшынакай эле кыз экен го, сулуу губернатордун аялын да көрсөк жакшы болмок))
+17
Talantbek80
2019-06-10 04:15:15
Премьер министр эс нерсе кылбайбы туйгунчик сулууну
+5
Avrora2017
2019-06-10 04:49:43
Ырсаландап кулгонучу туйгунчигинердин бир кочодо эле жургон шалапай , дагы эл башкаручу имиш
+8
Take_men
2019-06-10 07:57:45
Туйгунсулуу Абды ырайы суук этикетка хе хе сонун кличкалар го ХХХХХ жарашат экен
+4
tular
2019-06-10 08:34:36
Take_men, сонун ат коюлуптур...
0
ruslanz
2019-06-10 09:01:08
Сулуу кыз экен. Бул кызды шылдындайм деп,губернатор озу шерменде болду.Ушул сыяктуу кызматкерлерди эмнеге кармап журушот,же адамкерчилиги жок,же кызматын билбейт,билим денгели томон.
+4
katerina.li
2019-06-10 09:12:47
Сулуу бу ,сулуу эмеспи суроону туура берген журналист кыз. Эки улуттун ортосунда жанжал чыгып атса кечинде барганы уят болду туйсулуунун. Турк посолу андан мурда жетип барыптырго орок айвлына. Позор. Позор.позор.
+3
titanik32
2019-06-10 09:54:31
Татынакай эле сулуу айым экен о,Туйгунчиктин көзү башкача корот окшойт.Туйгунчиктмн өзунун гатыны эмне ошончолук эле сулуу миссби?
+5
elmaro
2019-06-10 11:07:18
Премьердин өкүнүп койгондон башка колунан не келет,колунан келсе жок дегенде катуу сөгүш жарыяламак
+5
Skarlett-Skarlett
2019-06-10 12:38:38
Байкуш кыз,ошончо элдин алдында шагынды сындырып.Моральный ущерб ондуруп алсан болмок сотко берип,кемсинтти деп туруп.Психикама доо кетти дешин керек эле.
+3
vikidiki
2019-06-10 16:12:52
Skarlett-Skarlett,Башка олконун журналисти ошентмек. Биз байкуш жоошпуз да.
+1
maksel2009
2019-06-10 13:47:07
Адам адамдын кузгусу деп бекерден айтылбаган Туке бул кыздын жузунон озун коруп алганго
+5
Gulnyr19
2019-06-10 14:21:01
Туйгун сулуунун тамыры сууда окшойтта керек болсо Жээнбековда бир ооз бир нерсе дей албады. Журналисттер да ошол боюнча тынчып эле калышты, эмки жолу кол көтөрүштөн да кайтпайт окшойт бул сулуу. Чогуу иштегендери баары сулуу болсо керек???
+3
Sajakat14
2019-06-10 15:50:05
Журналисттер күч бирдикте дейт! Бул жепжутаарлардын карангылыгын чогуу биримдикте гана көзүнө коюп бепбесеңер мойнуна алышпайт мырк экендерин. Элибиз кантип оңолот ушундай билими жок, тарбиясы жок эмне кыла аласыңар деп журналисттерди чфмындай көргөн уяты жоктор элди башкарып турганда. Буга баарынан дагы креслосу кызыктырат. Элдин өнүгүүсүн ойлобой! Ачуу чындык!
+2
Asyl10
2019-06-10 16:02:11
Туйгуналы Абдраимов мырза Кыргызстандагы капчыгы толуп-ташып, козун май баскан бардык чиновниктердин чыныгы жузун озунун бир минуттук кылык-жоругу менен коросотуп берди. Баракелде. Журналисттер флэш-мобду баштагандан кийин анын аягына чыгыпТуйгуналы Абдраимовду ээринен эншере сузуп салгыла.Мындай наглый чиновниктерди басып койбосо, боло берет экен деп кийинки чиновниктер да тоготпос мамилени кайталай беришет. Абдраимов публично кечирим сурасын, болбосо кетсин иштен.
+2
Asyl10
2019-06-10 16:07:22
Орок айылына журналисттер биринчиден Абдраимовдун тойуна барышкан жок, сен жагасын,сен жакпайсын деп сындагандай,журналисттер оз милдеттерин аткарып,элге так маалымат жеткируу учун барышкан, бардык журналисттин суроосуна жооп берууго мамлекеттик чиновник милдеттуу болчу. Т.Абдраимовдун кетип баратып, зерикпей кайра артына кайрылып барып:"Сиздин жузунуз мага жаккан жок, абдан жагымсыз жуз" деп айтып шылдындап кулгону моралдык укугу жок.Анын жоругуна баа берилиш керек.
+2
Dilya85
2019-06-10 16:58:30
Ушундай маданиятсыз жетекчилерге "ойдо"дон эч кандай чара корулбогонуно тан калып жатам.Президент болгонумда автоматически иштен алмакмын .Уят мындай шерменде кантип бизди башкарып жатат?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан