КҮНСОБОЛ: Коомчулуктун, жарандык коомдун кескин каршылыгынан улам Жогорку Кеңеш уран казууга тыюу салган мыйзам долбоорду кабыл алды. Дагы кайсы маселе боюнча коомчулук бекем позициясын көрсөтүүсү керек?

Кечээ, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзам долбооруна ылайык, мындан ары уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат.

SUPER.KG порталы "Коомчулуктун, жарандык коомдун кескин каршылыгынан улам Жогорку Кеңеш уран казууга тыюу салган мыйзам долбоорду кабыл алды. Дагы кайсы маселе боюнча коомчулук бекем позициясын көрсөтүүсү керек? деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Коомдогу активдүү адамдар өлкөгө маанилүү маселелерди көтөргөндү үйрөнүүсү зарыл"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, коомчулук көп учурда майда-чүйдө нерселер менен алаксып кетүүдө.

“Коомдо аябагандай көп маанилүү маселелер бар.Тилекке каршы, маанилүү фундаменталдуу маселелерге көңүл бурулбай жатат. Мындан улам биздин жалпы экономикалык, саясий, социалдык абалыбыз өзгөрүлбөй келүүдө. Биз кандайдыр бир экинчи багыттагы, үчүнчү катардагы маселелерге көңүл буруп жатабыз. Ал эми фундаменталдуу маселелерге көп көңүл бурулбай келүүдө. Уран маселеси албетте, маанилүү, бирок өлкөдө мындан башка да маанилүү маселелер көп. Бирок коомчулук алаксыта турган маселелерди көтөрүү менен алек болуп келүүдө.

Коомдогу активдүү, акыл эстүү адамдарыбыз биринчи кезектеги маселелерди көтөргөндү үйрөнүүсү зарыл. Андай маселелерди коом көтөрбөсө, мамлекетте, экономикада, саясатта өзгөрүү болбойт. Мисалы, коом жакынкы убакыт аралыгында сот реформасынын радикалдуу башталышын талап кылышы керек, мамлекетти башкаруу моделибиздин маанилүү реформаларын, укук коргоо органдарынын радикалдуу реформаларын талап кылуусу абзел", - дейт Жээнбеков.

МАМЫТКАНОВ: "Жыл башынан бери коомчулук эки маселени көтөрүп келе жатат"

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов учурда жаратылышты коргоо жана өтө баалуу жаныбарларды сактоо маселеси боюнча терс пикирлер жаралганын айтат.

“Жылдын башынан бери коомчулук көтөрүп келе жаткан эки маселе болгон, биринчи маселе - бул уран маселеси, экинчиси айып пулдар боюнча. Уран маселеси, айып пул маселелери боюнча коомчулуктун пикирин өкмөт кабыл алгандан кийин электр энергиясынын баасын азайтуу маселеси көтөрүлө баштады.

Жакынкы арадан бери талкууга жапайы жаратылышты коргоо, өтө баалуу жаныбарларды сактоо боюнча мыйзам долбоору түшүп жатат. Себеби Жогорку Кеңеш тыюу салгандын ордуна тескери кылып салды, бул нерсе бүгүнкү күндө коомчулуктун ар түрдүү терс пикирлерин жаратууда", - дейт Мамытканов.

АСАНОВ: "Эгер жарандык коомчулук өзүнүн позициясына бекем турса, бийлик аны менен эсептешет"

Саясатчы Бектур Асанов акыркы бийлик коомдук пикир менен эсептешүүдө деген ойдо.

Мамлекеттик каттоо кызматынын бир бөлүм башчысы 12 жылга соттолуп, кийин шаардык сот аны коё бергени эсиңиздерде болсо керек. Бирок терс коомдук пикирлерден улам кийин өкүм жокко чыгарылып, ал кайра камакка алынган. Бул менимче, коомчулуктун пикири менен бийликтин эсептешкенинен кабар берет. Менимче, эгерде жарандык коомчулук өзүнүн позициясына бекем турса, бийлик аны менен эсептешет.

Эгерде парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босого чеги боюнча да коомчулук бекем позициясын кармаса, бул жаатта да бир топ жылыштар болот деген пикирдемин. Демократиялык өлкө катары азыркы бийлик коомдук пикир менен эсептешип келе жатат деген жыйынтык чыгарууга болот", - дейт Асанов.

ИСАКОВ: "Коомчулук тиешелүү бардык маселелерде бекем позициясын көрсөтүүсү керек"

Жарандык активист Гүлжигит Исаков коомчулук Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешелүү бардык маселелерде бекем позициясын көрсөтүүсү керектигин баса белгиледи.

"Биз негизи мамлекеттик кызматтарда иштеген жарандарыбыздын көпчүлүгү "кыйын болгону үчүн, башы иштегени үчүн иштеп жатышат. Алар улуттук кызыкчылыктарды коргошот" деген ишенимде жүргөнбүз. Алар менен сүйлөшө келгенде башкача, текстти окуй келгенде, айтор, сүйлөйүн деп, ооздорун ачканда элдин баарынын оозу ачылып калбадыбы. Жогорку кызматтагы адамдардын деңгээлин көргөндө аргасыздан алардын кабыл алган чечимдери деле сапаттуу болбосо керек жана улуттук кызыкчылыкты деле эске албаса керек деген ой келет экен.

Чынында эле, Бишкек ЖЭБи боюнча долбоорду өткөрүп жатышканда техникалык-экономикалык негиздемеси жок эле, долбоордун детализациясын карап чыкпай эле, адистерге терең талдоо жасатпай, бирөөлөр "Өткөргүлө!" дегени үчүн эле өткөрүп салгандары - мамлекетибизге жасалган чыккынчылык. Дагы кайсы келишимде кандай чыккынчылык камтылган деген жүрөк өйүү дайыма бар. Көңүлүм тынч эмес.

Кадрдык саясат качан, кандай жолдор менен бузулду деген диагнозду так коюп, ошол жерден оңдоону баштабасак, сабатсыз кадрлар сабатсыздарды чакыра берип, чечим кабыл алуучу инстанциялардагы массалык сабатсыздык мамлекеттүүлүгүбүздөн ажыратып коюшу толук ыктымал.

Азыркы заманда бир өлкө башка өлкөнү күч менен басып албайт. Өзүнө жакын адамды коррупциялык жолдор менен каржылап, жогорку кызматтарга алып келишет да, каалаган чечимдерин чыгартышат. Тилекке каршы, анын мисалдарын бүгүн чек ара маселелеринде дагы көрүп жатабыз.

Өлкөбүздөгү акыл-эси ордунда болгон жарандар айгай көтөрүп, ким кайсы тармакты түшүнсө, ошол тармактагы чечимдерди көзөмөлдөө убактысы келди. Мейли, ал кабыл алынып калган чечимби же эми каралып жаткан чечимби, айырмасы жок. Той-топур, мааракелерден баш көтөрүп, элди ойлой турган убакыт келди. Той-топур жана мааракелер элди негизги маселелерден алаксытчу факторлор экенин май-чучукту жакшы көргөндөр эске алып коюусу зарыл", - дейт Исаков.

КАРАСАРТОВА: "Коомчулуктун өзүнө таасири тие турган маселелер боюнча позициясын билдирип турганы туура"

Укук коргоочу Рита Карасартова учурда дагы бир маанилүү маселе катары УКМКны реформалоо керек экендигин, бирок ал нерсени тиешелүү адистер гана түшүнүп жатканына токтолду.
Коомчулук өзүнө таасири тие турган маселе боюнча катуу позициясын билдирип, аны карманып келет. Уран маселеси боюнча коомчулук катуу чыкканы, экологдордун көптөгөн пикирлеринин тарагандыгына келечекте балдар эмне болот деген сыяктуу суроолор түрткү болду. Уранды өндүрүүдө чала өнүккөн мамлекет эмне болобуз деген суроо жаралды. Башка учурларда эл кандай болгондо катуу чыгат, эгер сууга, электр энергиясына болгон баа өсө турган болсо.

Бирок бүгүнкү күндө мен УКМКны реформалоо боюнча маселеде элди тик турууга чакырмакмын. Себеби коррупцияны, кызматтык кылмыштарды тергөөнү УКМКга берген маселенин аркасы менен бийлик ортосундагы тең салмактуулук маселе бузулууда. Бүгүнкү күндө сот бийлиги деле, аткаруу бийлиги деле, депутаттар деле баары УКМКга көз каранды болуп, бийликтин камчысы болуп калды. Эгер бийлик ортосундагы тең салмактуулук кайтарылбаса, эч качан парламентаризм алдыга жылбайт, соттор эркин иштей албайт. Ушул эле көрүнүш аткаруу бийлигинде да болот. Эл өзүнүн башынан өткөргөн соң гана кандай оор абалга жетип калганын түшүнө баштайт экен. Учурда бул маселени юристтер жана бул жаатта иштегендер гана түшүнбөсө көбү түшүнө албайт", - дейт Карасартова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан