КҮНСОБОЛ: Ош шаарында 2019-жылы 36 миң жаран каттоого турган. Ал эми акыркы ай ичинде эле 30 миңден ашуун адам каттоого турду. Бул 30 миң добуш бир партиянын пайдасына иштеп калбайт деген кепилдик барбы?

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 12-апрелге белгиленген. Бул жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бүгүн, 13-февралда депутат Кенжебек Бокоев жана Жанар Акаев жергиликтүү шайлоонун алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйүп жатканын айтып чыгышты. Мындан улам Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү чакырылды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Ош шаарында 2019-жылы 36 миңдей жаран каттоого турган. Ал эми акыркы ай ичинде эле 30 миңден ашуун адам каттоого турду. Бул 30 миң добуш бир партиянын пайдасына иштеп калбайт деген кепилдик барбы?" деген собол салды.

ТОКТОШЕВ: "Бул добуш сатып алуу болуп саналат"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев бул добуш сатып алуу болуп санала турганын айтты.

"Жакында Токмокто 10 миң адам каттоого турган. Бул жерде атайын бир партиянын адамдары иштеп, өздөрүнүн кишилерин каттатып жатат. Буга жол бербөө керек. Бул добушту сатып алуу болуп эсептелет. Албетте, бул туура эмес. Жобо иштеп чыгуу зарыл", - дейт Эмил Токтошев.

МАСАЛИЕВ: "20 миң жаран башка жактан келип Токмокко каттоого турса, шаарда жашагандардын пикири эске алынбай калат"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул жерде чоң көйгөй жаралганын белгиледи.

"Кайсы бир партиянын өкүлдөрү бул ишти жүргүзүшү мүмкүн. Шайлоо максаты менен каттоого тургузуп жатса, алар добуш бергенге эле келишет да. Бул татаал маселе болуп жатат. Шаарыбызды өнүктүрөбүз дегенде тургундардын добушу болуш керек. 20 миң жаран башка жактан келип Токмокко каттоого турса, шаарда жашагандардын пикири эске алынбай калат. Бирок мыйзам бузулду деп айта албайбыз. Бул жерде чоң көйгөй жаралып калды. Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын мөөнөтү бүткөнгө чейин мындай учурду мыйзам жолу менен тактап, чектеп коюш керек", - дейт Масалиев.

ТУРУСБЕКОВ: "Жакында шайлоо өтө турган шаарларга каттоого туруу маселесин токтотуу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков бул туура эмес жышаан деген пикирде. "Шайлоого бир-эки ай калганда башка жакка каттоого туруп жаткан жарандардын түзмө-түз кызыкчылыгы бар да. Азыр мындай нерсени токтотпосо, шайлоонун мыйзамдуулугуна шек жаралышы мүмкүн. Бул туура эмес жышаан. Шайлоо бүткөндөн кийин кайра айылына каттоого турушабы?" - дейт Турусбеков.

КЫДЫРАЛИЕВ: "Шайлоо өтө турган шаарларга каттоого туруп жаткандар боюнча мамлекет көзөмөлдөш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев бул нерсени мамлекет өзү көзөмөлдөш керек. "Жергиликтүү шайлоого катышуу үчүн каттоо болуш керек. Бул нерсени көзмөлдөө керек да. Албетте партиялар аракет кылып жатышат. Аларга добуштар зарыл. Ошон үчүн ушундай иштер жүрүүдө. Тийиштүү органдар тарабынан текшерилиши шарт да", - дейт Кыдыралиев.

МАМСАЛИЕВ: "Апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоо бул келе жаткан парламенттик шайлоонун негизги даярдыгы"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоо бул келе жаткан парламенттик шайлоонун негизги даярдыгы деген ойдо.

"Биринчиден мен ошол жергиликтүү шайлоого катышкан саясий партияларга кайрылат элем. Жогоруда берген маалыматы жөн гана маалымат каражаттарына таратпай далил, фактылар менен прокуратурага жана БШКга арыз менен кайрылышы керек. Ошондо гана бул маселени тактап, юридикалык бааны берсе болот. Бул нерсени ким же кайсы партиянын мүчөлөрү жасап жатышат? Коркпой ачык жана так айтышыбыз керек. Андан тышкары, адамдарды каттоого тургузуу маселеси шайлоо учурунда бул түздөн-түз жергиликтүү жетекчилерге байланыштуу себеби шайлоонун жыйынтыгы алардын саясий келечегине сөзсүз таасир тийгизет. Жалпысынан айтканда апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоо бул келе жаткан парламенттик шайлоонун негизги даярдыгы, ошондуктан бийлик буга өзгөчө көңүл бурушу керек", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан