31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытайдын элчилигине борбор калаадагы 3,3 гектар жерди бекер пайдаланууга берүү жана Пекинден 25 сотых жерди акысыз пайдаланууга алуу боюнча келишимди колдоду. Мындан улам жарандар тарабынан бийликке "Кытайга жерди сатып жиберишти. Бул келишимге кол койбош керек" деген сыяктуу сындар айтыла баштаган.
Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-июнда Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда жогорудагы келишимге кол коюлары айтылган. Бирок Тышкы иштер министрлиги айрым процедуралар бүтпөгөнүнө байланыштуу документке кол коюлган жок деп маалымат таратты.
Ушул окуяга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жээнбековдун Кытайга 3,3 гектар жер берүү келишимине кол койбой койгонун кандай кабыл алдыңыз?" деген собол салды.
ЖЕКШЕНКУЛОВ: "Жер маселесин президент эмес, өкмөт чечет"
Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, бул маселени ырбатууга кызыкдар тараптар бар.
"Процедура бүтпөй калганы чын болуш керек. Бул элчиликтин жери 2003-жылы чечилген. Имарат куруп, отурукташып калганына 10 жылдан ашты. Бул маселени дипломаттар коомчулукка туура түшүндүргөн эмес. "Кытайга жер берди" деп ызы-чуу болуп кетти. Азыр пайдаланылып эле жатат да. Эмне, бул келишимге сөзсүз президенттин сапарында кол коюлушу керек беле? Андай эмес да. Жер маселесин президент эмес, өкмөт чечет. Бул маселе, менин билишимче, парламентке чейин чыкпайт. Бул убактылуу эле берилген жер. Эч кандай ратификацияны талап кылбайт. Ушуну туура түшүнүш керек.
Дипломатиялык мекемелерге ар бир мамлекеттин өкмөтү шарт түзүүгө милдеттүү. Бул дипломатия. Эл аралык Вена конвенциясында ушундай талап бар. Бул маселе Роза Отунбаева, Курманбек Бакиев же Сооронбай Жээнбековдун учурунда эмес Аскар Акаевдин мезгилинде чечилген. Мындай ызы-чууну элдин нааразычылыгын жаратуу максатында саясий кеңешчилер атайын жасап жатышат", - деди Жекшенкулов.
НУРБАЕВ: "Келишим боюнча Кытайдын да, биздин да ички процедуралар бүтпөй калган"
Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө макулдугун айтты.
"Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кытай тараптан дагы, биз тараптан дагы ички процедуралар бүтпөй калгандыктан документке кол коюлган эмес. Мен да ошондой деп ойлойм", - деди Нурбаев.
АРТЫКОВ: "Кытай менен келишим түзүлсө, алар жерди өздөрү менен кошо алып кетпейт"
Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Анвар Артыковдун айтымында, бул маселе ар тараптуу иликтениши керек.
"Бул маселе быша элек болсо керек. Ратификация кылыш керек болсо, парламентке чейин чыгат. Ал анык эмес. Коомдо ар кандай күчтөр, ынтымакты жактырбагандар бар. Балким, ошолор элди козуткусу келип жаткандыр. Мен "кимдир-бирөө президентке нааразычылыкты уюштурду" деп айта албайм.
Кытай менен келишим түзүлсө, алар жерди өздөрү менен кошо алып кетпейт да. Бардык эле элчиликтер имарат куруп жатпайбы. Бирок чынында эле бул маселени ар тараптуу карап чыгыш керек", - деди Артыков.
ТУРДУКУЛОВ: "Президенттин элдин нааразычылыгын эске алганы демократиялуу өлкө үчүн жакшы көрүнүш"
Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде, жер боюнча келишимден да маанилүү маселелер бар.
"Кытай биздин мамлекет үчүн абдан маанилүү, ошол эле мезгилде биздин өлкө да Кытай үчүн маанилүү. Себеби Кытайдын тышкы саясатында коңшу мамлекеттер менен туруктуу мамиледе болуу - алардын башкы максаты.
Кытайдын биз менен болгон алакасында экономикалык маселелер биринчи орунда экенине, "жерибизди басып алат" деген пикирлерге ишене бербейм. Себеби алардын башкы максаты - туруктуу мамиледе болуу. Анткени Кытайга маанилүү болгон чоң ички маселелери бар. Синьцзян уйгур аймагы, ал жер биз менен чектеш. Кытайдын ушул маселесиндеги биздин өлкөнүн позициясы маанилүү роль ойнойт.
Сооронбай Жээнбеков бир жактуу баш тартпайт болчу. Кандайдыр бир сүйлөшүүлөр жүргөн болуш керек. Бул келишимден сырткары насыяларды төлөө, газ түтүктөрүнүн өтүшү тууралуу, жол куруу, кытай жумушчуларынын Кыргыз жеринде иштешине шарт түзүп берүү өңдүү эки өлкө үчүн чоң маселелер бар болчу. Ошондуктан Жээнбеков кол шилтеп койду дегенден алысмын.
Эки өлкө тең элдин нааразычылыгын эске алгандыгы - биздей демократиялуу өлкө үчүн жакшы көрүнүш. Эгер келишимге кол коюлса элде нааразычылык күчөп, бул жер боюнча келишимден сырткары жогоруда белгилеген чоң-чоң долбоорлорго терс таасирин тийгизмек, ал долбоорлор ишке ашпай калуусу мүмкүн эле", - деди Турдукулов.
БААТЫРБЕКОВ: "Бул маселе парламентте каралабы, жокпу анык эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековдун айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган алгачкы мамлекеттик сапары учурунда жогорудагы келишимге кол коюлбаганына майда документтердин бүтпөгөнү себеп болгон.
"Менин билишимче, ушул сапар учурунда документке кол коюлмак. Бирок биз тараптан же Кытай тараптан майда бир-эки документ бүтпөгөн экен. Ошол себептен кол коюлбаптыр. Ал эми бул маселе парламентте каралабы, жокпу анык эмес", - деди Баатырбеков.
КАДЫРБЕКОВ: "Бул кырдаалдан эски президенттин тегерегиндегилер пайдаланып кетүүгө аракет кылышы мүмкүн"
Саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикиринде, Кытай элчилигине жер берүү маселеси боюнча президенттин администрациясына ишенбей коюуга себеп жок.
"Расмий тараптар "процедуралык маселелер бүтпөй калды" деген себепти айтып жатат. Азыр президенттин администрациясына ишенбей коюуга негиз жок. Ошондуктан мен да келишимге кол коюлбаганына ошол эле себеп болду деп ойлойм.
Президент да "бул маселени элге шашпай түшүндүрүп берели, элдин нааразычылыгына калбай, шашпай эле бүтүрөйүн" деген болушу мүмкүн. Себеби бул маселе элде нааразычылык жаратып, бул кырдаалдан эски президенттин тегерегиндегилер пайдаланып кетүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ошондуктан мен да процедуралык маселелер калган болсо элге шашпай түшүндүрүп, кийин кол койгону туура деп ойлойм. Дүйнөлүк практикада элчиликтер бири-бирине жер алмаштырып берген учурлар болгон. Мындан саясат жасабай, шашпай күтүп турган оң", - деди Кадырбеков.