Кытайдан чыгып, бир нече өлкөгө 2 ай ичинде жайылып кеткен коронавирус Кыргыз элин чочутуп турган чак. Бүгүн, 24-февралга карата Кытайда бул илдеттен 2 миң 470 адам каза болгону маалымдалды. Мындан тышкары Япония, Түштүк Корея, Италияда да коронавирус өмүрүн алып кеткендер болуп жатат.
Кыргыз өкмөтү болсо чочулоого негиз жок дегени менен коомду шек саноого түрткөн абалдар жаралууда. Буга мисал болчу жагдайдын бири - Япониядагы "Diamond Princess" круиздик лайнеринде Кыргыз жараны да коронавируска кабылганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Ага чейин Тышкы иштер министрлиги да, өкмөт да бул боюнча ооз ачкан эмес болчу. Качан гана журналисттер ТИМден кабарды тактай баштаганда, алар Япониядагы Кыргыз жараны менен байланышта болуп турушканын билдиришти.
Өткөн аптанын аягында болсо журналисттердин бири Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кытайлык кыз дене табы көтөрүлүп, тамагы ириңдеп жеткирилгенин жазды. Андан кийин журналисттер Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышып, бул кабардын чын-төгүнүн сурап башташканда гана министрлик ал кызда коронавирус жок экендигин билдирип, ооруканадан чыгарылганын айткан. Кытай баштаган бир топ өлкөлөр болсо элди дүрбөлөңгө салган, бирок ошол эле учурда коомчулук үчүн керектүү болгон бул оору тууралуу маалыматтарды саат санап жаңылап жатат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коронавируска каршы күрөшүү жана бул илдетти жуктуруп алышы мүмкүн болгон адамдар тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өкмөттүн тийиштүү мекемелери коомчулукка кеч жеткирип жатат. Коомчулукка кооптуу болуп турган оору боюнча министрликтин ишин жетиштүү деп санайсызбы?" деген собол салды.
МАМАШОВА: "Маалыматтар саат сайын болбосо да күн сайын жаңыланып турушу керек"
Суроого Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жооп берип, маалымат жетишсиз болсо жарандардын ичинде кооптонуу, чочулоо, шек саноо күч алат деген оюн айтты.
"Тиешелүү маалыматтардын жарандарга жетпей жатканы - министрликтин эле катасы болуп жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдө карантинде канча адам бар, алардын абалы кандай, бир күндө же бир аптада Кытайдан канча жаран келди, эл арасында айтылып жаткан сөздүн кайсынысы чын, кайсынысы төгүн деген маалыматтын баарын берип турушу керек болчу. Мындан тышкары Япониядагы лайнерде оору жуктурган делген жаран жөнүндөгү дагы маалыматтарды бат-баттан жаңылап берип туруу зарыл эле. Бүгүнкү күндө кайсы маалымат каражатты ачпайлы, ушул оору жөнүндө маалыматтарды күн санап эмес, саат санап жаңылап, жаңы абалдар тууралуу берип жатышат. Маалыматтарды бат-баттан жаңылап, абалды дароо элге таратып туруу менен министрлик эл арасындагы чочулоо, тынчсыздануунун алдын алат", - деди Мамашова.
НУРБАЕВ: "Коронавирус тууралуу маалыматты элге жеткирүүдө министрлик аракет көрүп жатат, бирок жетишсиз"
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев министрлик маалыматты жеткирүүгө аракет кылууда, бирок дагы да жакшы аракет көрүшү керек деген пикирде.
"Менин пикиримде Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча аракеттерди көрүп жатат. Тагыраагы, алар залалдуу вирусту алдын алуу боюнча маалыматтарды жайылтып жатат. Бул вирус дүйнөгө тарап, аны дүйнөлүк маалымат булактары чагылдырууда. Мындан улам эл бул тууралуу башка маалымат булактарынан же социалдык тармактардан окуп жатышат.
Бирок ага карабай министрлик маалымат жеткирүүнү, алдын алуу иш-чараларын мындан да жакшы жүргүзүшү керек. Чынында маалымат элге кандай жетип жатканы тууралуу элдин пикирин угуу маанилүү. Бул вирус тууралуу мектеп, бала бакчаларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканы тууралуу кулагым чалды", - деди Нурбаев.
СУРАБАЛДИЕВА: "Бизден коронавируска байланыштуу "чыныгы картина кандай?", "жашырган жоксуңарбы?" деп сурагандар көп болууда"
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматты жеткирүүсүн чабал деп баалайт. Анын пикиринде, эгер маалымат туура, так, убагында жетип турса, эл арасында окуяга байланыштуу күбүр-шыбыр кептер айтылмак эмес.
"Менин пикиримде коронавируска байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы коомго анчалык жетиштүү болбой жатат. Анткени буга байланыштуу эл арасында ар кандай маалыматтар айтылып жатат. Министрлик ачык, так, болгонун болгондой, ошол эле учурда эл арасында күбүр-шыбыр кептер айтылбай, тынчыта тургандай маалыматтарды жарыялап турса, туура болмок.
Анткени бул тууралуу бизден улам-улам "чыныгы картина кандай?", "жашырган жоксуңарбы?" деп сурагандар көп болууда. Мындай тынчсызданууну мен ошол маалымат убагында жеткиликтүү берилбей жатканынан улам деп түшүнөм", - деди Сурабалдиева.
ТИЛЛАЕВ: "Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавируска байланыштуу маалымат таратуусун жетиштүү деп баалабайм"
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикиринде, Саламаттыкты сактоо министрлиги вируска байланыштуу түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөй жатат.
"Мен Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин жетиштүү деп баалабайм. Себеби алдын алуу иштерине элдер өздөрү аракет кылып жатат. Бирок аталган мекеме тарабынан түшүндүрүү иштери жеткиликтүү жүргүзүлбөй эле турат. Чек арадан келген жарандарга текшерүү жакшы эле жүрүп жатат деп айта алам. Алдын ала түшүндүрүү иштерин өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында көрүп эле жатабыз.
Бул коркунучтуу вирус укмуштуудай ылдамдык менен жайылууда. Түштүк Корея, Италия мамлекеттери айтылгандарга мисал. Мындан улам алар чек араларын жаап, катуу тартипке өтүштү. Ошондуктан биз алдын алуу иштерин жакшы кылбасак, Кудай сактасын бул вирус бизге дагы келип калышы мүмкүн", - деди Тиллаев.
ОСМОНАЛИЕВ: "Аэропорттон чет элдиктер, анын ичинде Кытай жарандарынын агылып эле келип жатышканын көрдүм"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Саламаттыкты сактоо министрлигин бүгүнкү жасап жаткан ишин эң начар деп, керек болсо алар кылмыш ишин жасап жатат деп баалай турганын билдирди.
"Коронавирустун очогу өткөн жылдын декабрь айында Кытайда башталганы баарыбызга белгилүү. Андан бери 2 айдан ашып калды. Азыркы учурда бул коркунучтуу вирус бүт дүйнө жүзүн кооптуу абалга алып келди. Мисалы, Кытай жана башка бир топ өлкөлөрдө коркунучтуу сандар катталып жатат. Бирок менин таң калганым, биздин Кыргыз өлкөсүндө дегеле эч нерсе болбогондой жүрөбүз.
Мисалы, мен кечээ аэропортто болдум, анда чет элдиктер, анын ичинде Кытай жарандары эч нерсе болбогондой эле агылып келип жатышат. Аны текшерген деле эч ким жок экенин байкадым. Мына ушул көрүнүш жана фактыларды көрүп туруп биздин өкмөт эмне үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп, өлкөнү карантинге койбойт деген суроо жаралат. Биздин мамлекетте санэпидемстанциянын абалы кандай экени баарыбызга белгилүү. Кудай анын бетин ары кылсын, эгер биздин өлкөгө эпидемия тарай турган болсо, анда жаман болот. Анткени биз эң алсыз өлкөбүз. Ошондуктан мен Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүнкү жасап жаткан ишин эң начар деп, керек болсо алар кылмыш ишин жасап жатат деп баалайм. Мен элге эч кайдыгер карай албайм. Аэропорттон Кытай жарандарын көрүп, аркы-беркиден тынчсызданып сурадым. Ошон үчүн коронавирус боюнча коопсуздук кеңешин өткөрүп, чек араны жабуу керек. Бизде башка эпидемиянын алдын ала турган жол дагы, каражат дагы жок", - деди Осмоналиев.
КУЛУЕВА: "Саламаттыкты сактоо министри ушул учурда өзүнүн аракетин көрсөтүшү керек болчу"
Суроого жооп берген журналист Элнура Кулуева Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус боюнча элге маалымат жеткирүүдө комплекстүү иштерди аткаруусу керектигин, бирок мындай аракеттерди байкабай жатканына токтолду.
"Коронавирус боюнча дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп жатат. Башка өлкөлөрдүн тиешелүү кызматтары бул илдеттен коргонуу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Кыргызда "Кудай сактансаң, сактайм дейт" деген сөз бар. Ал эми саламаттыкты сактоо министрин өлкөнүн негизги дарыгери деп билебиз. Ал киши Кыргыз өлкөсүнүн жашоочуларынын саламаттыгын сактай турган адам катары ушул учурда чоң бир агымын, аракетин көрсөтүшү керек болчу. Түз эфирлерге чыгып, чек ара, аэропорттордогу текшерүүлөрдү, кандай аракеттер көрүлүшү керектигин айтып, түшүндүрүп турушу керек болчу. Анын иштеп жатканын, түз эфирлерге келип эскертүүлөрдү, кеңештерди айтканын көрбөй жатабыз, маалыматтык жактан коомчулукту аксатып жатат. Ошол эле тамагы ириңдеп, дене табы көтөрүлүп жугуштуу оорулар ооруканасына түшкөн кытай кызы тууралуу деле эл айтып чыккандан кийин маалымат беришти. Өз учурунда маалыматтарды таратуу, коргоо, алдын алуу боюнча жасаган аракеттерин байкаган жокпуз", - деди Кулуева.