Кечээ, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Митингдин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышкан. Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрыла турган болду. Мэрия бул кадамын "Ала-Тоо" аянтында өткөн окуядан кийин жана коронавирус эпидемиясын алдын алуу үчүн жасалып жатканын билдирди.
SUPER. KG порталы "Бишкек мэриясы баш калаада митинг өткөрүлбөсүн деген өтүнүч менен сотко кайрылганы жатат. Бийлик жарандардын өз пикирин эркин билдирип чыгуу укугун чектөө менен кандай жыйынтыкка жетиши мүмкүн?" деген собол салды.
СУБАНБЕКОВ: "Биз укуктук мамлекетте жашайбыз деп дайыма сыймыктануу менен айтабыз. Тилекке каршы, айткан сөзүбүз менен кылган ишибиз төп келишпейт"
Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков мэрия бул кадамы менен тынчтык жолун издеп жаткандыгын айтты.
"Митингге тыюу салуу Конституция боюнча чектөө болуп калат. Мэрия деле тынчтык жолун издеп жатат болушу керек. Кечээ саат 17:00гө чейин тынчтык митинг өткөргүлө деп бийлик тараптан колдоо болгон. Анан баш аламандык чыгып, туура эмес болуп калды. Биз маданияттуулукка, тартипти сактаганга үйрөнүшүбүз керек. Укуктук мамлекетте жашайбыз деп дайыма сыймыктануу менен айтабыз. Тилекке каршы, айткан сөзүбүз менен кылган ишибиз төп келишпейт. Кечээ күнү митингге чыккандар милиция кызматкерлерин таш менен уруп, өтүп бараткан унаалардын терезелерин талкалашты. Ушундай зөөкүрдүк кылып жатышса, бизге кайсы инвестор келет? Кайсы мамлекеттен туристтер келет?" - деди Субанбеков.
КЕЛДИБАЕВ: "Тынч митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизүү бийликке кадыр-барк алып келбейт"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев мэриянын өтүнүчү Баш мыйзамга карама-каршы келе турганын белгиледи.
"Биз демократиялык мамлекетпиз. Биздин Баш мыйзамда адам укугу боюнча 20га жакын берене каралган. Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны бийликтин өкүлдөрүнөн уруксат сурабай эле чогулуп, жыйындарды өткөрүп, өздөрүнүн талаптарын, пикирлерин эркин билдиргенге Баш мыйзам жол берет. Бул Бишкек мэриясынын аракети Баш мыйзамга каршы келет. Тыюу салууну сот канааттандырып коюшу мүмкүн. Бирок мындай чектөө менен бийлик эч кандай максатка жетпейт. Убагында Акаев, Бакиев ушундай мыйзам менен митинг өткөргөнгө тыюу салган. Бирок жыйынтыгы эмне болгонун билесиздер. Чектөө киргизүү бийликке кадыр-барк алып келбейт", - дейт Келдибаев.
ТҮЛӨБАЕВ: "Сот өтүнүчтү кабыл алабы же жокпу белгисиз"
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев сот өтүнүчтү кабыл алабы же жокпу белгисиз экенин айтты.
"Бишкек шаарында көптөгөн жумуштарды аткарууга бел байлап жатабыз. Быйыл 10го жакын сейил бактарды салабыз, жолдорго асфальт төшөлөт, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор оңдолот. Акыркы күндөрү митингдер көбөйүп жатат. Бизге ишкерлерден, шаардыктардан көптөгөн телефон чалуулар түшүүдө. Алар "качан митингдерди токтотосуңар?" деп жатышат. Баш мыйзамда ким кааласа келип, бизге билдирүү таштап мыйзам чегинде митинг өткөрө бере турганын айттык. Ысык-Көл, экотуризмдин сезону жакындоодо. Акыркы окуялардан кийин сотко кайрылып көрөлү деп чечтик. Өтүнүчтү сот кабыл алабы же жокпу бул дагы суроо. Бул биздин пикирибиз", - дейт Балбак Түлөбаев.
АБДИРАСУЛОВА: "Мэриянын митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча өтүнүчү адам укугун одоно бузат"
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мэриянын митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча өтүнүчү адам укугун одоно бузат деген пикирде.
"Бул туура эмес. Мындай чектөө ошол жерде коркунуч болсо, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралса митинг өткөрүүгө сот чечим чыгарып тыюу салса болот. Мэриянын бул кадамы өтө коркунучтуу. Бул адам укуктарына, Конституцияга каршы келет. Мэриянын өтүнүчү адам укугун одоно бузат", - дейт Абдирасулова.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Бишкек мэриясы саясатка кийлигишпей, шаардын чарбачылык иштери менен алектениши керек"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мэрия саясатка кийлигишпеши керектигин айтты.
"Мэриянын митингдерге тыюу салуу өтүнүчү туура эмес. Бул мэриянын милдети эмес. Мэрия шаардын чарбачылык иштери менен алектениши керек. Шаарды тазалоо, жашылдандыруу, транспорт маселесин чечиши зарыл. Саясатка кийлигишпесин. Сөздүн кыскасы, булар жарандардын конституциялык укугун бузууга жол ачып жатат. Алардан уруксат сураш керек экенби? Мэриянын иш аракети туура эмес", - дейт Токтонасыров.