КҮНСОБОЛ: Патрулдук милиция кайрадан түзүлөт. Милициядагы реформалар эмне жыйынтык берди? (толукталды)

2016-жылдын апрель айында МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Кийин өкмөттүн токтому менен Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлгөн.

Эми кайрадан Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, Патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлгөнү жатат. Бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыкканы маалым болду.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Милициядагы реформалар эмне жыйынтык берди?" деген собол салды.

РЫСАЛИЕВ: “ИИМге келген министрлердин ар кимиси өзүнүн билген намазын окуп жатышат”

Депутат Зарылбек Рысалиев ички иштер министрлигинин ар кимиси башкача реформа жасайт деген пикирде.

“Азырынча бир колго аларлык жыйынтык деле жок. Патрулдук милицияны кайрадан түзүп, мыйзам бузуулар болсо бул кызмат кайрадан жоюлат. Жыйынтыгы бар реформа болгондо жакшы болмок. Келген министрлердин ар кимиси өзүнүн билген намазын окуп жатышат. Ар кайсы министр келип ар кандай жол менен реформа жасайм деп жатат. Башка министр келип реформаны башкача жасайт. Качан реформалар жасала турганы белгисиз”, - деди Рысалиев.

МАТРАИМОВ: “Милициядагы реформалар купулга толбой жатат”

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун пикиринде, маселе өзгөртө берүүдө эмес, маселе ар бир түзүлгөн бөлүмдүн ишин натыйжалуу аткаруусунда.

“Бүгүнкү күндө милициядагы реформа купулга толбой жатат. Патрулдук милиция кайрадан түзүлгөнү жакшы, бул өзгөрүүнү мен толугу менен колдойм. Маселе ошол түзүлгөн жаңы бөлүмдүн иштешинде жатат. Ар бир бөлүм өз максаты менен, пайдалуулугуна карап түзүлөт. Ошондуктан биз иштөөсүн колго алып, натыйжалуу иштетишибиз керек. Патрулдук милициянын өзүнө таандык милдеттери бар, ошолорду так аткарышы керек. Кыскасын айтканда, азыркы абал ушундай”, - деди Матраимов.

БЕКЕШЕВ: “Реформадан жыйынтык болгон жок, аталыштар гана өзгөрүүдө”

Депутат Дастан Бекешев укук коргоо органдарындагы реформалардан жыйынтыктар жок деген пикирин айтты.

“Реформалардан эч кандай жыйынтык болгон жок, аталыштары эле өзгөрдү. Патрулдук милиция түзүлүп, муну менен үчүнчү жолу түзүлгөнү жатат. Канча жолу аттары алмашты. Эми убакыт көрсөтөт, мүмкүн өзгөрүүлөр болот”, - деди Бекешев.

ШАЙХУТДИНОВ: "Патрулдук милицияга мурдагы МАИчилер киргени үчүн реформадан майнап чыкпай калган"

МАИни реформалоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Тимур Шайхутдиновдун айтымында, жаңы Патрулдук милицияны түзүүдө бир нече сунуштар киргизилип, аларды аягына чейин чыгарууда убада берилди.

"Биринчиден, кадрлардын көбүн жаңылоо жана аларды жаңы жаш кызматкерлерге сынак аркылуу алмаштыруу. Буга чейинки тажрыйбалары эске алынбайт. Ишке кирер алдында жаңы кадрлар бир нече ай ичинде негизги окуудан өтүшү зарыл. Экинчиден, жаңы бөлүм үчүн жаңы эрежелер жана баалоонун критерийлери даярдалды. Алар жарандардын ишенимине кирүү, тез арада реакция кылуу, белгиленген аймакта коопсуздукту камсыздоо мүмкүнчүлүгүндө негизделген.

Үчүнчүдөн, биз жаңы Патрулдук милициянын башчысы сынак аркылуу тандалсын деп сунуштаганбыз, биз менен макул болушту. Төртүнчүдөн, кызматкерлердин айлык маяналарын көтөрүү маанилүү жана дотациядагы эмес жергиликтүү бийликтерге төлөө системи боюнча чечимди өз алдынча чыгаруу укугун берүү керек. Бешинчиден, жаңы кызматтын кадрларын начарлап кетпеши үчүн 2 жыл ичинде ротация жүргүзүүгө тыюу салынат. Жетекчилик кызматкерлерин өзү каалаган кызматтарга коё берсе, ачык сынактын текке кеткенин Каржы полициясынын мисалынан көрдүк.

Биринчи Патрулдук милиция чындыгында бир ай эле иштеген. Андан кийин мурдакыдай абалга кайтып келген, анткени идея өзү начар болчу. Ал башка өлкөлөрдө жакшы иштейт, бирок биздеги Патрулдук милицияга мурдагы МАИчилер киргени үчүн жана ачык сынак өтпөгөнү үчүн ушундай болуп калган", - деген пикирде Шайхутдинов.

СУЛТАНОВ: “Азыркы өкмөт бул кадамы менен "реформа болуп жатат" деп көрсөткөнгө аракет кылууда”

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон Талант Султанов аталган тармакты реформалоо үчүн аталышын эле өзгөртүп коюу жетишсиз дейт.

“Милициянын форматы өзгөргөнү менен реформага көп таасир болбой калышы мүмкүн. Биринчи кезекте маяналарын көбөйтүү зарыл. Андан сырткары техникалык жабдуусун жаңылашыбыз керек. Ошондо бул тармактагы маселелер чечилмек. Атын башка кылган туура эмес. Сапар Исаковдун өкмөтү учурунда да жол кыймылына көп көңүл бурганбыз. Автоунааларды, жаңы техникаларды алып берүү пландары бар болчу. Бирок бул тармактын реформасын көрүү үчүн жок дегенде 1 жылдык убакыт керек. Менин оюмча, азыркы өкмөт бул кадамы менен "реформа болуп жатат" деп көрсөткөнгө аракет кылууда", - деди Султанов.

ИБРАГИМОВ: "ИИМдин экс-министрлери камалгандан кийин гана бул тармакта реформа болду деп ишенем"

Жарандык активист Болот Ибрагимов Патрулдук милицияны кайра түзүүдөн майнап чыкпайт деген пикирде.

"Теория практикадан алыс, ал эми азыркы реформа боюнча жумушчу топ теоретиктерден турат. Алардын ою боюнча, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы ИИМден бөлөк, аны өзүнчө реформалаганга болот. Бирок андай кылуу мүмкүн эмес. Кайра түзүүлөр, реформалар, жоюулар - мунун баары мээнетти жана каражатты сарптай турган аракеттердин түрү. Кыскача айтканда: "Келесоого бөрк ал десең, баш алат".
Эскертип коёюн, ушул эле жумушчу топ Сапар Исаков менен Патрулдук милицияны жоюп салган. Айрым жолугушууларда Коопсуздук кеңешинин азыркы төрагасы да катышкан. Бул комиссиядагылардын эч кимиси ЖКККББда чыныгы абал кандай экенин билбейт, кептин баары ушунда.
ИИМдин айрым экс-министрлери жана ЖКККББнын жетекчилиги камакка алынгандан кийин гана укук коргоо органдарында реформа ишке ашты деп ишенем", - деди активист.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан