КҮНСОБОЛ: Отунбаеванын Атамбаевди элди дүрбөлөңгө салып, бөлүп-жарууда деген пикирине кандай карайсыз?

Бүгүн, 1-июлда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда Алмазбек Атамбаевдин максаты - аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүп, өлкөнү "өзүбүздүкүлөр" жана "чоочундар" деп бөлүү экендиги жазылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Отунбаева Атамбаевди элди дүрбөлөңгө салып, бөлүп-жарууда деп айыптады. Отунбаеванын пикирине кандай карайсыз?" деген собол салды.

МОМБЕКОВ: "Отунбаева Атамбаевдин кемчилигин айткан соң, анын ийгилигин да кошо айтса туура болмок"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун айтымында, мурунку бийлик кетирген каталарды азыркы бийлик деле кетирип жатат.

"Роза Отунбаеваны урматтап, сыйлаган адаммын. Анын кайрылуусуна комментарий берүү мен үчүн оор, бирок ошондой болсо да айтышка туура келүүдө. Анын кайрылуусун толугу менен окуп чыктым, бирок толук канааттанган жокмун.

Себеби мындай нерселерди айтуудан мурун ага этияттык менен мамиле жасоо керек. Адамдын кемчилигин айткан соң анын ийгилигин да кошо айтуу туура болмок. Ал бийликтин алсыз, акыйкатсыз кадамдарын айтканда, азыркы күндөгү бийлик дагы ошол жолдо бара жаткан жокпу, ошондой кадамдар барбы, кошо айта кетсе кайрылуусу карапайым калкка толугу менен жооп бермек. Бүгүнкү күндө деле мурунку бийлик кетирген кадамдар болуп жаткан жокпу деген суроо жөнүндө бир сөз айтпаптыр.

Жок дегенде эле өзү сыйлаган мурунку ИИМ министри, азыркы депутат Зарылбек Рысалиевге болуп жаткан саясий куугунтук жөнүндө билсе, анын оозунан укса, Роза Исаковнанын кайрылуусу башкача болот беле деген ой калууда. Себеби андай кадамдар бүгүнкү күндө деле уланып жатат. Ошондуктан жарым-жартылай канааттандырды деп айтып жатам. Мурунку бийлик кетирген каталарды азыркы бийлик деле кетирип жатат. Бүгүнкү кыймыл-аракеттердин бардыгы эртең кылмыш аракеттерине айланарына эч ким күмөн санабаса деле болот", - дейт Момбеков.

МАСАЛИЕВ: "Атамбаевдин "курал колдоном" деген сөзү бул кылмыш жана бийликке баш ийбөөгө чакыруу"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, ал Атамбаев менен 2000-жылдан тарта жакшы мамиледе болчу.

"Мыйзам алдында баары бирдей. "Муну билбейм жана мамлекеттик органдардын талаптарын аткарбайм" деген принцип туңгуюкка алып барат жана укуктук мамлекеттин жок болушуна жеткирет. Атамбаев соттук реформаны ишке ашырдым деп бир нече жолу кайталаган. Сотторду да өзү дайындаган. Анын кол алдындагы аппаратынын аракеттери менен кылмышка шектүүлөргө карата иштерди жөнгө салган мыйзамдар кабыл алынган. Атамбаев муну менен мактанган. Аны кол тийбестиктен ажыраткан парламентти өзү түзгөн. Эгер анын партиясы өзүнүн лидери үчүн күрөшпөсө, кимди айыптаса болот?

"Атайын кызматтагы жоокерлерге карата ок чыгарам" дегени бул кылмыш жана бийликке баш ийбөөгө чакыруу. Мен Атамбаев менен 2000-жылдан тарта жакшы мамиледе элем, чын жүрөктөн сыйлачумун. Бирок 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин терс жакка өзгөрдү деген тыянакка келдим. "Бийлик" деген жакшы көргөн оюнчугун алып коюшкандан кийин анын жүрүм-турумунда чектен ашкан терс көрүнүштөр байкалууда", - дейт Масалиев.

СУРАБАЛДИЕВА: "Атамбаев коомдогу талуу жерлерди жана кастыкты кантип козутуу керектигин жакшы билет"

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, Атамбаевдин президент кезинде айтканы менен азыркы аракеттери дал келбей жатат.

"Роза Отунбаева саясий көз караштагы сын-пикир айтса, мен экономикалык көз караштагы сын айтмакмын. 2023-жылы тышкы карызды төлөөнүн эң оор учуру келет, айрыкча Бишкек ЖЭБине алынган насыя боюнча. Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү катары бул маселе мени абдан ойлондурат. Дайыма экономикага көбүрөөк көңүл бурууга чакырам. Атамбаевдин тушунда тышкы карыздын көлөмү кыйла өскөн. Ал насыя алуу коркунучтуу эмес деген, бирок эл аралык тажрыйба "бир өлкөдөн же бир эл аралык институттан алынган карыздын көлөмү жалпы карыздын 25 пайызынан ашпаш керек" деген жагдай бар. А биз бул чектен чыгып кеттик.

Мындан тышкары Атамбаевдин "биздин спецназ жана оштук спецназ" деп айтканы мен үчүн таң калычтуу болду. Ал мамлекетти башкарган киши болуп туруп коомдогу талуу жерлерди, кантип кастыкты козутуу керектигин, эл алдында эмнени айтса болот жана эмнени айтса болбой турганын жакшы билет. Экс-президент элди тирүү тосмо катары колдонуу туура эмес экенин түшүнөт. Ал саясатчыларга күнөөсүз экенин сотто далилдөөнү дайыма талап кылчу, ал эми анын азыркы аракеттери сөзүнө туура келбей жатат", - деди Сурабалдиева.

СУЛТАН: "Отунбаеванын кайрылуусунан калыс пикирди көрө алган жокмун"

Мурдагы элчи Кылычбек Султандын пикиринде, Отунбаеванын сөзү олуттуу көңүл бурууга татыксыз.

"Эң биринчиден, Отунбаева өзү оппозицияда жүргөндө "дүжүр чалдардан" өз дарегине ушундай эле айыптоолорду угуп келгенин унутпаса керек. Ошондуктан бул эжекебиздин сөзү олуттуу көңүл бурууга татыксыз деп эсептейм.

Кейиткени, бир кездерде мен абдан сыйлаган инсан кыргыз эли үчүн көптөгөн маанилүү учурларда калыс пикирин айтууга жарабаган "дүжүрлөрдүн" кейпин кийип калгандай сезилет. Бир эле мисал, акыркы кездерде бүткүл кыргыз үчүн маанилүү болгон уран маселеси боюнча эч бир калыс пикирин айтпастан, тескерисинче, страус сымал башын катып, үн катпай отурду.

Кыскасын айтканда, Отунбаева бул кайрылуусун кандай максатта жазса дагы элибиздин ынтымагын бекемдөөгө өз салымын кошо турган калыс пикирди көрө алган жокмун", - дейт Кылычбек Султан.

ИСАКОВ: "Роза Отунбаеванын акыл үйрөткөнгө моралдык укугу жок"

Жарандык активист Гүлжигит Исаковдун айтымында, 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек.

"Кыргыз саясаты банкротко учурады. Революциялар максатына жеткен жок. 2010-жылдан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү улуттун кызыкчылыгын тепсендиде калтырып, жоопко тартылбастан дагы деле бири-бирине сын айтып, жеке таарынычтары менен алек. Алгачкы мүмкүнчүлүктө бири-бирине сын айтып калууга маш болушууда. Бул мамлекетчил инсандын жасай турган иши эмес. Роза Отунбаева шайланган президент болгон жок, демек, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен көп пенсия алып, акыл үйрөткөнгө моралдык укугу жок. 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу боюнча башка Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен кошулуп жооп бере элек. Күнөөлүү болгондор эртеби-кечпи жоопко тартылышы керек.

Жарандарыбыздын тынчын алып, дүрбөлөң салганга эч бир саясатчынын укугу жок. Элибиз эски саясатчыларды абдан жакшы таанып калды. Коом жаңы формациядагы мамлекетчил инсандарга муктаж. Коррупцияга белчеси менен баткандар келип, жердешчилик факторун колдонгондору туура эмес. "Жердештерден коррупционер чыкпайт, кылмышкер чыкпайт" деген мыйзам жок да? Феодалдык этаптан эчак эле басып өттүк дечү элем, айрым саясатчыларыбыз дагы деле басып өтө элек экен. Элибиздин ушул тариздеги саясатчыларды жакшы тааный баштаганы кичине болсо дагы кубандырат", - деди Исаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан