Коомдогу "Жогорку Кеңеш добуш берүүчү гана милдет аткарып калды" деген пикир учурда өзгөрүп, Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат деген пикирлер коомчулукта көп айтыла баштады.
Ошол себептен SUPER.KG порталы "Акыркы 2-3 айда коомчулукта Жогорку Кеңеш тууралуу жакшы пикирлер көп айтылууда. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?" деген собол менен спикер, вице-спикерлерге жана фракция жетекчилерине кайрылды.
ЖУМАБЕКОВ: "Эл өкүлдөрү дайыма элдин кызыкчылыгына жараша иш алып барганда өзүнүн миссиясын татыктуу аткарган болот"
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун пикиринде, парламентте маселелер бейтарап иликтенип, калыс баа берилип жаткандыктан парламент тууралуу коомчулукта жылуу пикир пайда болду.
"Баш мыйзамыбызга ылайык, Жогорку Кеӊеш мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөлдүк кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат. Тагыраагы, мыйзамдарды чыгаруу менен гана чектелбей, анын аткарылышын көзөмөлдөө да Жогорку Кеӊештин башкы милдети. Андыктан акыркы мезгилдерде кабыл алынган айрым мыйзамдар менен токтомдордун, ратификацияланган келишимдердин аткарылышы парламент тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып, тармактык комитеттердин жана убактылуу депутаттык комиссиялардын алкагында каралууда. Көйгөйлөр жеринде бейтарап иликтенип, бардык жактын пикирин эске алуу менен акыйкат чечимдер чыгарылууда. Буга мисал катары Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаал, өкмөттүн жана прокурордун ишмердүүлүгүнүн токтотулушу сыяктуу коомчулуктун көӊүлүн өзгөчө буруп, парламентте кызуу талкууланган маселелерди айтсак болот.
Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Жогорку Кеӊештин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын да мааниси зор. Ага ылайык, парламент дайыма ЖМК өкүлдөрү менен жакындан иш алып барып, депутаттардын бардык аракети коомчулукка ачык чагылдырылууда. Жогоруда белгиленген жана башка маселелер парламенттин өздүк маалыматтык ресурстарынан жана "Пирамида" телеканалынан тышкары бардык башка ЖМКларда түз, ыкчам элдин назарына сунушталып келет. Бул да болсо, парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап өлкөбүздө Жогорку Кеӊешке карата коомчулуктун көз карашын өзгөртүүгө жол ачууда. Анткени эл өкүлдөрү дайыма жалпы элдин кызыкчылыгына жараша иш алып барганда гана өзүнүн миссиясын татыктуу аткарган болот", - деди Жумабеков.
БАКИРОВ: "Жогорку Кеңеш өз алдынча иш алып барууда, кандайдыр бир тараптан команда берүү жок"
Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакировдун айтымында, парламентке карата жылуу пикирдин айтылып жатканына өлкөдөгү акыркы окуяларда Жогорку Кеңеш өз ордун көрсөткөндүгү түрткү болду.
“Жогорку Кеңеш ар дайым элдин көзөмөлүндө, таразасында турат. Жылуу сөз айтылып жаткандыгына парламент акыркы күндөрдө чуулгандуу окуялар боюнча ачык ой-пикирин билдирип, комиссияны жыйынтыктап, токтом кабыл алып бир топ орчундуу сунуштар кабыл алынгандыгы негиз болууда. Экинчиден Жогорку Кеңеш жумушун өз алдынча алып барып жатат, тигил же бул тараптан кандайдыр бир команда берүү жок. Негизи эле элдин пикирин эске алуу менен чечимдерди чыгарып жаткандыгы жылуу пикирди пайда кылды.
Биздин өлкөдө учурга жараша ар кандай окуялар болуп турат, айрым учурда Жогорку Кеңешти атайын жаманатты кылган ушак-айыңдар болушу мүмкүн. Жогорку Кеңеш табиятынан ушундай, кээде популисттик орган болот, кээде мыйзам чыгарууда, чечимдерди кабыл алууда өзүнүн күчүн, ыйгарым укуктарын көрсөтүп турат. Ушул нук менен кете турган болсо VI чакырылыштагы парламент мөөнөтүнүн аягына чейин жумушун аткарат жана кийинки чакырылышка азыркы парламенттеги партиялар ушул курамы менен келүүгө өбөлгө болот”, - деди Бакиров.
ШЫКМАМАТОВ: "Парламент элдин мактоосу жок эле мыйзамга ылайык өз ишин так аткарыш керек"
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун пикири боюнча, парламент өз милдеттерин гана аткарып жатат, мактоого татый турган иштерди жасай элек.
"Жогорку Кеңеш акыркы убактарда Конституциядагы ыйгарым укуктарын толук аткаргандай иштерди жасап, эл ошондон улам жакшы пикирге келип жатса керек. Анткени сотторду тандоодо, Сапар Исаковго берген баада өз алдынча экенин көрсөттү. Парламент ар дайым өз алдынча бийлик бутагы болуш керек, Конституцияда ошондой жазылган. Элдеги жакшы пикирдин пайда болушу парламенттин акыркы убакта өз алдынча институт экенин көрсөтө алганында болуш керек деп ойлойм. Бирок муну менен мактанууга эрте, анткени парламент өз милдетин аткаргандыгы үчүн мактоого татыганы чоң сөз кыла турган нерсе эмес. Парламент элдин мактоосу жок эле мыйзамга ылайык өз ишин так аткарыш керек, ушундай иштеш керек. Парламент жаңы идеяларды жаратып, милдеттерин мындан да ашык аткарса, анда эл мактаса жарашмак. Менин оюмча, парламенттин азыркы иштери кадыресе эле мыйзамда көрсөтүлгөн иш. Демек, азыр мактоого татып жатса анда мурунку иштери канааттандырарлык эмес экенинен кабар берет”, - деди Шыкмаматов.
ТУРУСКУЛОВ: "Парламент учурда кубатына келди"
"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов парламент учурда өз күчүнө толук ээ болуп турганын, бул ыргакты дагы улантып, алдыдагы иштерде өз күчүн дагы көрсөтөт деген оюн айтты.
"Эл оозунда эл өкүлдөрү тууралуу жакшы пикирлер айтылса биз үчүн кубанычтуу. Элдин парламент тууралуу жакшы пикир айтканынын себептери - өз укугубузду колдонуп иштей албаган премьер-министрди ишеним көрсөтпөө менен кетирдик, кемчиликтерин ачык айтып бердик. Башкы прокуратурага да президент ишенбөөчүлүк көрсөттү, парламент да өз баасын берди. Бишкек ЖЭБ окуясы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия 3 ай иштеп жакшы жыйынтыкты алып келди, канча деген фактылар аныкталды. Муну менен парламент токтобош керек, парламент учурда кубатына келди, ушул ыргакта ишти улантышы керек. Насыядан уурдоо бул туура эмес нерсе, эртеңки балдарыбыз төлөй турган акчага бүгүн кол салып жатканыбыз өкүнүчтүү. Мындан башка дагы көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып жатат. Биз коррупционерлерди жөн эле аныктап, жазалап койбой, жеген нерсесин кайра өлкө казынасына төктүрүү ишин көзөмөлгө алышыбыз керек. Айрым өлкөлөрдүн практикасын алып карасак, ушундай коррупционерлерди аныктоо аркылуу бир топ каражат өлкөгө кайра кайтарылган.
Сотторду тандоодо дагы парламент өз күчүн көрсөттү, сот - адам тагдырына чекит коюучу күчкө ээ, ошондуктан ал жакка таза, булганбаган адамдар барыш керек. Депутаттар учурда көзөмөлдүк кызматты күчөттүк, парламенттик башкаруу болгондон кийин мындан ары да ушул ыргакты сактоого менде ишеним бар”, - деди Турускулов.
БААТЫРБЕКОВ: "Коомдун көйгөйүн талкуулоо чордону парламент болушу керек"
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбековдун пикиринде, парламентке ЖЭБ боюнча чыккан корутунду аброй алып келген.
"Парламенттин дарегине жакшы сөздөр айтылып башталганына себептер көп. Эң негизгиси коомдо чыгып жаткан маселелердин парламентте ачык талкууланып башталышы буга себеп. Биз эл өкүлүбүз. Эл атынан чыккандан кийин эл көйгөйүн алып чыгышыбыз керек. Буга чейин “парламент мыйзам чыгарып эле иштей бербейби, чарбалык иштерге аралашып эмне кылат” деген сындар көп айтылчу. ЖЭБ окуясынан кийин биздин чарбалык иштерге аралашканыбыз туура экени далилденди. Коомдун көйгөйүн талкуулоо чордону парламент болушу керек. Буга чейин курч маселелер боюнча депутаттарда маалымат болгон эмес. ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жакшы иштегени билинди. Корутунду угузулган күндөрдөгү кызуу талкуу парламентке аброй алып келди.
Буга чейин депутат кайсы бир курулуш боюнча сын айтса, “тендерден өзүнүн компаниясы өтпөй калып ушинтип жатат” деген сындар айтылчу. Жашырганда эмне, ЖМКлар кайсы бир адамга баш ийип келген. Андан сырткары депутаттарга байланыштуу соттук иштер парламенттин активдүү болушуна терс таасирин тийгизип турган. Ал эми учурда парламент жанданды. Коррупцияга каршы иштерге президентибиз Сооронбай Жээнбековдун да көз карашы түз.
Учурда парламентке коомчулук ишеним арта баштады. ЖЭБ боюнча талкуудан кийин парламент депутаттарына ар кандай чуулгандуу иштер боюнча маалыматтар түшүп жатат. Мисалы: Тарых музейин реконструкциялоо, түндүк-түштүк альтернативдүү жолун куруу, ипподромдогу курулуш боюнча маалыматтар коомчулуктан бизге келип түштү", - деди Баатырбеков.
ЗУЛПУКАРОВ: "Парламент койгон талаптар коомдогу талаптар менен дал келип калды"
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров парламент койгон талаптар коомдогу талаптар менен дал келип калды деген пикирде. "Акыркы кезде парламентте көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп жатат. Алар: Бишкек ЖЭБдеги авария, Тарых музейиндеги коррупциялык схемалар. Президент жана Коопсуздук кеңеши тарабынан колдоо болуп, кичине болсо дагы иш алдыга жыла баштады. Ошол эле соттук реформа, сотторду тандоо боюнча парламенттин позициясы элдин мүдөөсүн канааттандырды. Парламент өз милдетин аткара баштады. Депутаттардын өкмөткө койгон талаптары коомдогу талаптар менен дал келип калды", - деди Зулпукаров.
ОРМОНОВ: "Депутаттар пассивдүү болсо, терс пикирлер айтылат"
“Бир Бол” фракциясынан депутат Улукбек Ормонов көйгөйлүү маселелерди көтөрүү жакшы пикирлерди пайда кылууга өбөлгө болду дейт.
“Коом тарабынан Жогорку Кеңештин дарегине жакшы пикирлердин айтылып жаткандыгынын себеби анын позициясында. Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкуулоодогу позициясын мисал кылсак болот. Парламент көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жатса, коомчулуктун реакциясы дароо билинет. Эгер депутаттар пассивдүү болсо, терс пикирлер айтылат. Азыр жарандарыбыздын бардыгы эле саясатчы болуп калды. Коомчулуктун баасы Жогорку Кеңештин өзүнөн көз каранды”, - деди Ормонов.