Бүгүн, 4-октябрда "Борбор Азиядагы маалыматтык трансформация" аталышында ири конференция өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын кызыкчылыктары кол тийгис, адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок деп билдирди.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Жарандын уруксаты жок анын жеке маалыматына эч ким кол салбашы керектигин президент айтты. Өлкөдө жарандардын жеке маалыматы корголгонбу?" деген собол салды.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Кайсы бир адамдын жеке маалыматы чыгып кетпейт деп бүгүнкү күндө өкмөт, бийлик да кепилдик бере албайт"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жеке маалыматтарды мамлекет сактай албай турганын алдын ала билишибиз керек деген пикирде. "Азыр дүйнө ааламдашты, технология өнүгө баштады. Адамдардын жеке маалыматын алуу боюнча дүйнөдө көп мүмкүнчүлүктөр, адистер, компаниялар пайда болду. Мына ушул фондо Кыргыз мамлекетинде кайсы бир адамдын жеке маалыматы чыгып кетпейт деп бүгүнкү күндө өкмөт, бийлик да кепилдик бере албайт. Анткени биздин өкмөт ушуга окшогон оор технологияларды, жаңы технологияларды эмес жөнөкөй иштерди да жасай албай жатат. Биз жеке маалыматтар кол тийгис болот деп эч ким кепилдик бере албаганын, мамлекет сактай албай турганын алдын ала билишибиз керек", - дейт Равшан Жээнбеков.
ОСМОНАЛИЕВ: "Жарандардын жеке маалыматын коргоо жагынан Кыргыз өлкөсү бир топ эле начар абалдабыз"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Кыргыз өлкөсүндө жарандардын жеке маалыматы корголгон эмес деп эсептейт. "Негизи Кыргыз өлкөсүнүн Баш мыйзамында жарандардын жеке маалыматы, жеке коопсуздугунунун корголушу боюнча жазылган. Демек президентибиз тарабынан айтылган сөз конституциялык норма. Бирок ал үчүн атайын мыйзам кабыл алынган эмес. Ошондуктан президенттин айтканын жетекчиликке алып, Жогорку Кеңеш бул маселени карашы керек.
Ал эми моралдык жагын карай турган болсо, адамдын дин эркиндиги, сөз эркиндиги дегендей эле табияттан энчи болгон норма болуп эсептелет. Ошондуктан бул нерсе ар кандай демократиялык жактан корголушу керек. Тилекке каршы, бул маселе бүгүнкү күндө корголгон эмес. Мисалы, укук коргоо органдарынын жеке адамдын коопсуздугун, анын ала турган маалыматын кайра ошол адамдын өзүнө каршы колдонуп жүргөн учурлар абдан эле көп. Айрыкча укук коргоо органдары, УКМК, ИИМ жана башкалар. Бул жагынан Кыргыз өлкөсү бир топ эле начар абалдабыз", - деди Осмоналиев.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Мыйзам боюнча жарандардын жеке маалыматы корголушу керек"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев белгилегендей, адамдардын жеке маалыматы мыйзамдар менен корголгон. "Мыйзамдарда ар бир адамдын жеке маалыматы корголот. Адамдардын укугу, коопсуздугу камсыз кылынышы керек. Бирок иш жүзүндө кандай болуп жатканын айтуу кыйын. Айрымдардын телефон менен сүйлөшкөндөрү угулуп жатат. Кээ бир адамдардын жеке турмушундагы сүрөттөр чыгып кетүүдө", - дейт Дүйшөбаев.
ИСАКОВ: "Кагаз жүзүндө ар бир жарандын жеке жашоосу коргоо алдында, бирок практикада ал иштебейт"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков биометрикалык маалыматтар дагы жеке жашоого тиешелүү маалыматтарга кире турганын айтты. "Кагаз жүзүндө ар бир жарандын жеке жашоосу коргоо алдында, бирок практикада ал иштебей келет. Ар бир жарандын жеке жашоосуна тиешелүү маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү бийликте тургандардын колунда болот. Алар бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланышып, аманатка кыянаттык кылышып же өздөрүнүн кылмыштарына тиешелүү маалыматтарды жаап-жашырып, жок кылышып, ал тургай ар бир адамдын жеке жашоосуна тиешелүү маалыматтарды саясий күрөштө атаандаштарына каршы колдонуп келишет.
Биометрикалык маалыматтар дагы жеке жашоого тиешелүү маалыматтарга кирет. Жарандарыбыздын жеке маалыматтары үчүнчү жактардын атайын кызматтары тарабынан колдонулуп келгени жарандардын жеке маалыматтарынын корголбогонунан кабар берет.
Мыйзамсыз баюуга негиз түзгөн жарандардын укук коргоо органдары тарабынан дыкат иликтөөгө алынбаганы, катардагы жарандардын ошол нерсе менен алектенүүсүнө шарт түзүүдө. Анткени коомдун туура маалымат алууга укугу бар. Ар бир салык төлөөчү өзүнүн ар бир тыйынын кайда жумшалып жатканын толук билүүгө укугу бар.
Эч бир жаран коомдун байлыгына кол салып алып, "ар бир жарандын жеке маалыматы жана жашоосу купуя сыр бойдон калышы керек" деген принциптин аркасына жашына албайт. Анткени ар бир салык төлөөчүнүн чөнтөгүнө салынган кол коомго коркунуч туудурат. Бул жаман илдетти популяризациялабай бөгөт коюу, ага илээшкендерди жазалоо улуттук кызыкчылык маселеси катары эсептелинет.
Жеке укук коомдун укугунан жогору тура албайт. Коомдун укугуна кол салынган жерде жеке укуктун артына жашынгандык - бет тырмоочулук", - дейт Гүлжигит Исаков.
ТУРДУКУЛОВ: "Бийликтин оппонеттерине карата саясий чабуул жасоо, жеке маалыматтарын ачыкка чыгаруу болбошу керек"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов мамлекеттик органдар жеке маалыматты ачыкка чыгаруунун болбошун камсыз кылуунун ордуна купуя сырды ачып, чабуул жасап жатышат деген пикирде.
"Санариптештирүү, ааламдаштыруу процессинде сөзсүз түрдө эң негизгиси ар бир адамдын купуя сырын ачууга тыюу салынышы керек. Мисалы экс-президенттин жакындарынын жеке маалыматтарына кол салуулар болгон. Мындай нерселерге тыюу салуу зарыл. Ал эми элдин мүлкүнө кол салып, аткезчилик менен алектенген, элдин энчисин уурдаган адамдардын тапкан акчасы купуя сыр болуп эсептелбейт. Ошондуктан журналисттер, жарандык коом ал маалыматты алганга толук укугу бар. Анткени андай маалымат улуттук кызыкчылыкты сактоого тете келет. Ошону ажырата билиш керек. Бийликтин оппонеттерине карата саясий чабуул жасоо, жеке маалыматтарын ачыкка чыгаруу болбошу зарыл. Мамлекеттик органдар жеке маалыматты ачыкка чыгаруунун болбошун камсыз кылуунун ордуна купуя сырды ачып, чабуул жасап жатышат", - дейт Турдукулов.
КЕЛДИБАЕВ: "Кыргыз мамлекетинде адамдардын жеке маалыматы корголгон"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев мыйзам боюнча адамдардын жеке маалыматы корголушу керек деген ойдо. "Кыргыз мамлекетинде адамдардын жеке маалыматы корголгон. Мамлекеттик каттоо кызматынан, Салык кызматынан жеке маалыматтарды алганга мыйзам жол бербейт. Бирөөнүн өздүк маалыматын алгандын өзүнүн жолдору бар. Кайсы органдар же жарандын жактоочусун ишеним каты менен маалыматтарды алса болот. Мыйзам боюнча адамдардын жеке маалыматы корголушу керек", - дейт Келдибаев.