КҮНСОБОЛ: Соттор адилет чечим чыгаруусу үчүн канча айлык алышы керек?

Жогорку Кеңештин жыйынында Тергөө судьялар институтун түзүү тууралуу маселе каралып жатканда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев соттор 23 миң сом айлык менен адилеттүү чечим чыгарбай турганын айткан. "Алар акча көп берген тараптардын пайдасына чечим чыгарып коюшат", - деп билдирген депутат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Соттор адилет чечим чыгаруусу үчүн канча айлык алышы керек?" деген собол салды.

МАМАШОВА: "Соттордун адилеттүү чечим чыгарышы айлык көбөйтүү менен чечилбейт"

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова айлык канча көп болсо дагы эч качан жетпейт деген пикирде.

"Соттордун жумушу аябай татаал. Жогорку Соттун төрайымы парламентке келип айлык маянасы тууралуу айтып кетти. Айлыгы аз экен. Соттордун айлыгы көбөйсө, андан көп пара сунушталса андан баш тарта алабы деген суроо бар. Мисалы, 150 миң сом айлык болсо, бирөө келип 300 миң сом пара берейин десе жок дейби? Соттордун адилеттүү чечим чыгарышы айлык көбөйтүү менен чечилбейт", - деди Мамашова.

МАСАБИРОВ: "Соттордун айлыгы көбөйсө эле пара албай калат деп айтуу кыйын"

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров бул маселени бир гана айлык чечпей турганын айтты.

"Көп жарандар соттор адилеттүү чечим чыгарбай жатат деп айтып келишет. Бул маселе бир гана айлык менен чечилбейт. Акыйкат деген ар бир соттун өзүнүн жүрөгүндө болушу керек. Чечим чыгарганда мыйзамдуулукту кароо зарыл. Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыгы көбөйсө пара албай калат деп калышат. Бул туура эмес. Соттордун айлык маянасы көбөйсө эле пара албай калат деп айтуу кыйын. Исхак Раззаков айткандай, сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот. Сот кызматкери адилеттүү болуп, мыйзамды сактоосу абзел", - деди Масабиров.

САМАЕВ: "Соттордун адилеттүү чечим чыгарганы айлыгынан көз каранды болбошу зарыл"

Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев соттор эч нерсеге карабай, фактынын негизинде гана чечим чыгаруусу кажет деген оюн айтты.

"Соттордун адилеттүү чечим чыгарганы айлык маянасынан көз каранды болбошу зарыл. Алар эч нерсеге карабай, фактынын негизинде гана чечим чыгаруусу кажет. Адамдын тагдыры менен ойнобой, Кудайдан коркуш керек. Ар бир чыгарган чечим үчүн жооп берчү күн келет. Тигил же бул адамдын буйругун аткарып, же акчанын айынан адилетсиз чечим чыгарган соттор өздөрүнө эле зыян кылышат. Себеби абийир кечирбейт. Айлык боюнча келсек, бизде 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин айлык алган жетекчилер бар экен. Кыргыз өлкөсүндө 5-6 миң айлыкка иштеген мугалимдер, медицина, маданият кызматкерлери бар. Бул калыссыздык. Жогору айлык маяна алган жетекчилердин айлыктарын 50 миң сомдон ашырбаш керек. Кааласа иштесин, каалабаса арызын жазып кете берсин. Башка иштей тургандар табылат. Үнөмдөлгөн каражатты аз айлык алгандарга кошкон туура. Ал эми соттордун айлыктары 30-40 миң болсо, алардын жубайлары тапкан каражатты эсепке алганда жашоосуна жетет деп ойлойм", - дейт Самаев.

СУРАБАЛДИЕВА: "Соттордун, тергөөчү органдардын, мугалимдердин, дарыгерлердин айлык маянасы бирдей болушу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева сотторду тандап жатканда саясатташтырбоо зарылдыгын белгиледи.

"Соттордун, тергөө органдарынын, мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы бирдей болушу керек. Айлык маяна жок дегенде 100 миң сомдон кем болбошу зарыл. Таза, элдин ишенимин актаган чечимдерди саясатташтырбай чыгарган адам келиши керек. Сотторду туура тандоо шарт", - дейт Сурабалдиева.

ЭРГЕШОВ: "Соттордун айлыгы көп болсо жумушун жоготуудан коркушмак"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов соттордун айлыгын көбөйтүү керек деген пикирде.

"Соттор адилеттүү чечим чыгарыш үчүн алардын айлыгы эң аз дегенде 1 миң доллар болушу керек. Ошондо соттор айлыгын, кийин ала турган пенсиясын жоготуудан коркушмак. Коррупциялык же каржылык ката кетирсе, туура эмес иш кылгандарды сот тармагына кайра жумушка албоо зарыл. Бир гана сот системине эмес, башка мамлекеттик кызматтарда иштебеш керек", - дейт Эргешов.

ОСМОНОВ: "Айлыктын өлчөмү соттордун адилет чечим чыгарышына эч кандай байланышы жок"

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун пикиринде, учурда Баш мыйзамда жазылган негизги принциптер аткарылбай жатат.

"Менин көз карашым боюнча, айлык маянанын өлчөмү соттордун адилет чечим чыгарышына эч кандай байланышы жок. Алардын айлыгын эки эсе, үч эсе көбөйтүп койсоң эле алар акыйкат чечим чыгарып калбайт. Соттордун чыгарган чечими мыйзамдуу жана адилет болушу керек. Мисалы, кылмыш кылып алган адамга өкүм чыгарарда анын аты-жөнүн элге, мамлекетке сиңирген ак эмгектерин, жакшы жүрүм-турумун эске алуу керек. Ал эми оор кылмыш кылган баш кесерлерге аёосуз чечим чыгаруу зарыл. Азыр баары тескерисинче болуп жатат. Соттордун адилет чечим чыгарышын камсыз кылган Конституциядагы негизги принцип аткарылбай жатат. Конституция боюнча, ар бир адам мыйзамда каралган учурларга ылайык сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу. Мурда СССР убагында райондук соттор чечимди жалгыз чыгарбастан сот акыйкаттуулугуна катышкан элдик сот арачылары менен чогуу ишти карашчу. Азыр кылмыш иши оорбу же жеңилби кандай гана иш болбосун райондук сотто бир судья отуруп алып чечим чыгарат. Мурда чечим чыгарарда жок дегенде 3 киши добуш берип, кеңешме бөлмөсүндө талашып-тартышчу. Мындан улам чечим кабыл алынчу. Эгер катышуучулар чечимге каршы болсо анда судья чечим чыгара алмак эмес. Азыр бардык иштер боюнча чечимди бир эле адам чыгарып коюп жатат. Бир эле сот отуруп алып чечим чыгарбай, жанында сот арачылары болсо анда Ак Үй, көк үйдүн, прокуратура органдарынын дагы башка жактын адамдарынын ишараты боюнча чечим чыгарууга жол берилмек эмес", - деди Осмонов.

СООРОНКУЛОВА: "Соттордун айлык маянасы жакшы болсо коррупция жоюлуп калбайт"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова соттордун айлык маянасы жакшы экенин айтты.

"Соттордун айлыгын текшергендердин ордуна мүлктүк абалдарын текшериш керек. Соттордун айлыктан башка кошумча бериле турган акчасы бар. Ошону менен бирге алардын айлык маянасы 40 миң сомдон 50 миң сомго чейин барат. Бул айлык Кыргыз мамлекетинин шартында жетиштүү. Соттордун чечим чыгаруусу айлыктан көз каранды болбойт. Канча айлык албасын ал адамдын өзүнөн болот. Айлык жакшы болсо эле коррупция жоюлуп калбайт. Сотторду тандоо процесси жакшы болбой жатат", - дейт Сооронкулова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан