Экс-президент Алмазбек Атамбаев экинчи жолку атайын операцияда кармалды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Бүгүн, 8-августта УКМК менен ИИМдин кызматкерлеринин биргелешкен ишинин натыйжасында Алмазбек Атамбаев кармалды. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө жабыркагандар болгон жок. Атамбаевди кармоо операциясын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жетектеди. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев тийиштүү органга алып келинип, тергөө амалдары жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.